Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Ноябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:09

Түркия түркмөн блогерди эл аралык коргоого алуудан баш тартканын тастыктады


Блогерлер Алишер Сахатов (солдо) жана Абдулла Орусов.
Блогерлер Алишер Сахатов (солдо) жана Абдулла Орусов.

Ноябрдын башында Анкаранын соту түркмөнстандык блогер Алишер Сахатовго эл аралык коргоо берүүдөн Түркиянын баш тартуу чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу 19-ноябрда Хельсинки адам укуктары фонду маалымдады.

"Түркия качкын макамын Европадан келген адамдарга гана берет, Европадан тышкары өлкөлөрдөн келгендерге “качкындыкка талапкер” макамы берилет", - деп айтылат соттун чечиминде.

Фонддун маалыматына караганда, Түркмөнстандагы олуттуу адам укуктарынын бузулушу тууралуу далилдерге карабай сот Сахатовдун өмүрүнө коркунуч бар деген тыянак чыгарган эмес.

Сахатовдун жубайы Гюллале Хасанова сот чечимине нааразылыгын билдирди.

"24-июлда Эдирне шаарындагы депортация борборунан чыккан мүнөттөн тартып Алишер тууралуу эч кандай маалымат жок. Бул өзү эле коркунуч, ырайымсыз мамиле эмеспи? Биз Түркиянын Конституциялык сотуна кайрылабыз", - деди ал.

Сахатов быйыл 28-апрелде Синоп шаарында кармалып, Анкарадагы депортациялык борборго жөнөтүлгөн.

Алишер Сахатов Erkin Garaýyş ("Эркин көз караш") деген Ютуб канал ачып, Түркиядагы мекендештеринин көйгөйлөрүн чагылдырып, түркмөн бийлигин сындап жүрчү. Ал Түркияга 2018-жылы аялы, балдары менен барган.

Түркмөн бийлиги акыркы жылдары чет өлкөдөгү жарандарына көзөмөлдү жана кысымды күчөткөн. Түркия жана Орусияда жашаган айрым оппозиция өкүлдөрү Ашхабаддын талабы менен экстрадицияланып, мекенине кайтарылгандан кийин дайынсыз жоголгон учурлар катталган.

2023-жылдан бери Түркия менен Орусия түркмөн өкмөтүн сындаган бир катар жарандарды жашыруун депортациялаганы кабарланган. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG