Социалдык тармактардагы баракчасына баш бакканда, окуучуларды кабыл алып, ишин баштаганына күбө болдук. Анда борбор окуучуларды жана алардын ата-энелерин, мугалимдерди кабыл аларын жазыптыр.
"Чыгармачылык, сүрөт тартуу, окуу, кеп маданиятын өнүктүрүү, оюндар жана шахмат жана программалоонун баары бир жерде. Балдарды алты жаштан кабыл алабыз. Жаштар жана улуулар үчүн да окутуулар бар”, - деп айтылат борбордун жарыясында.
Борбор 13-октябрда сабактардын жадыбалын Телеграмдагы баракчасына жарыялады. Анда “нескучный русский”, “Про русский” деген сабактар окутуларын, 16 жаштан чоңдор үчүн “Орусияны тааны” деген клуб уюштурулганын көрүүгө болот. Мындан тышкары ыктыярчыларды кабыл алып, алар менен иш алып бара баштаганы баракчада жазылган.
Уюм балдарды бул окутуулардын акысыз экенин улам белгилеп, кызыктырууга аракет кылат.
Орус тили жана маданияты борбору аймактарда да ачылууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Жылдыз Мамбетова ырастады.
“Евразия” фондуна бере турган имаратты аныктай албай келип, өткөн апта чечилди. Ленин атындагы орто мектептин имаратынын четинен ижарага берип жатабыз. Бул – орус тилчилер жана окуучулар үчүн орус тилин үйрөнүү жана квалификацияны жогорулатуу борбору”.
Орус тили жана маданияты боюнча борбор соңку учурда Кыргызстанда ишмердигин күчөткөн, Орусиянын “Евразия” фондунун катардагы долбоорлорунун бири гана. Ал буга чейин Бишкектин жака белинде “Евразия” паркын ачып, жакында 600дөй студентке журналистика боюнча үч күндүк тренинг уюштурулду.
Балдар жана жаштарга ылайыкташкан долбоорлорго басым жасаган фонддун ишмердигине байланыштуу коомчулукта талкуу жүрүп, айрым адистер билим берүү маселесинде Кыргызстан кылдат болушу керектигин белгилеп, бул “Орусиянын пропагандалык иш-аракети эмеспи?” деген суроону коюшууда. Билим берүү боюнча адис Мырза Каримовдун пикирин сурадык.
“Билим берүүнү өзгөртүп отуруп, аягында жалпы элди башкарып алса болот. Биз совет доорун көрдүк, анын жакшы жактары болгону менен улуттук баалуулуктарды жоготтук. Азыркы күнгө чейин чыныгы тарыхыбызды жакшы билбейбиз, “чоң байкелерибиз” жазып берген тарых менен жүрөбүз. “Евразия” фонду бир топ жардам берип, жакында бир канча китеп алып келди. Ал китептер биздин педагогдор катышып жазылган китеппи же ошол жактын диктатурасы менен түзүлдүбү, билбейм. Мындан тышкары Орусия тогуз мектеп куруп берет жана директорлорун өзү дайындайт деп айтылган”.
Каримов мындан тышкары Билим берүү жана илим министрлиги 12 жылдык окуу системасына өтүп жатканын белгилеп, ал ортодо Орусиянын окуу китептерин кабыл алганы түшүнүксүз болуп жатканына көңүл бурду.
“12 жылдыкка өтөбүз деп чечилип, даярдык жүрүп жатат. Сингапурдан китептерди алып, ал жактан келген адистер мугалимдерди окутуп жатат. Орусия 12 жылдык окутууга өтмөк түгүл бакалавр системасынан баш тартып, беш жылдык окууга кайтты. 12 жылдык АКШ, Европадан келген, Орусияга жат система. Азыр биз эки жагына тең макул болуп, колдоо көрсөтсө болду деген жолго түштүк. Биз багытыбызды талдап, бир жолду тандап алып, ошого жараша иштешибиз керек”.
3-июлда бул уюм Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда бирдиктүү билим берүү мейкиндигин түзүү боюнча жумуш тобунун курамын аныктап, ага орус-молдован олигархы катары белгилүү 38 жаштагы Илан Шор да кирген. Шордун ысымы банк иштериндеги акча адалдоо жана коррупциялык иштерде айтылып жүрөт.
2014-жылы Молдованын үч банкынан жоголгон 1 миллиард долларды уурдоо схемасынын катышуучусу катары белгилүү. Бул иш боюнча Илан Шор Молдовада 15 жылга соттолуп, кийин орус жарандыгын алган.
Евразия уюму Кыргызстанга 2024-2026-жылдары 1 млрд рубль инвестиция салуу планын жарыялап, Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда бирдиктүү билим берүү мейкиндигин түзүүгө жооптуу болгон.
Илан Шор, интернеттеги ачык булактарга караганда, алдамчылык үчүн эл аралык издөөгө алынган, АКШ, Канада жана Евробиримдик аны санкциялык тизмеге киргизген. АКШнын санкциясына RT телеканалынын башкы редактору Маргарита Симоньян да илинген.
Бейнеси талаш жараткан кишилер башында турган мындай долбоорлорго күмөн менен карагандар да бар.
Саясат талдоочу Айбек Теңизбай уюмдун расмий айтылган гуманитардык имшердигинен сырткары саясий максаты да зор деген пикирде.
“Орусия Украина менен согушунан кийин өзүнүн империалдык саясатына туура келген сабак чыгарып, “жеңил күчтү” арттыруу үчүн маданият, билим, жаштар менен иш алып бара баштады. Мындан тышкары дагы “Номад ТВ” каналы ачылбадыбы. Бул дагы ошол долбоорлордун бири. Бул кадамдардын баарын "жумшак күч" колдонуу катары карасак болот”.
Эл аралык иштер боюнча эксперт Бакытбек Жумагулов бул чоң державалардын геосаясатта колдонгон ыкмасы экенин белгилеп, бир беткей эле чоң коркунуч катары карабай, мүмкүнчүлүктү ыгы менен пайдаланууга болот деген пикирде.
“Бул көп тараптуу тышкы саясаттын бир элементи деп эле карасак болот. Мындай шартта биротоло орусиялык долбоорлорго кирип кетпей, Кытайдын, Жапониянын ишмердигин тартып, кызматташсак болот. АКШныкы да буга чейин иштеп, президент Трамптын саясатынан улам чектелип калды. Айтор, биз ушундай көп тараптуулукту кармана беришибиз керек. Бул азыркы геосаясий кырдаалга да, жайгашкан аймагыбызга да туура келген тандоо”.
Бишкекте жаңыдан ачылып жаткан “Номад ТВ” аттуу телеканалга Орусияга таандык медиада иштеп кеткен бир катар кызматкер өтүп, башка маалымат каражаттарынан да журналисттер тартылууда.
Бул жагдайды айрымдар Орусиянын Кыргызстандын маалымат мейкиндигиндеги өз катышуусун диверсификациялоо аракети катары баалап жатышат. Медианын расмий ачылышы да жакынкы күндөргө пландалып, Орусиянын президенти Владимир Путиндин Бишкекке сапары маалына туш келери кабарланды.
Шерине