Ригадагы The Insider жана L’Express француз басылмаларынын журналисттери өздөрү көргөн далилдердин негизинде ушундай жыйынтыкка келген.
Журналисттер Франциянын Le Monde басылмасы "чалгын романдарынын сюжети сыяктуу" деп сүрөттөгөн окуялар чындыгында инсценировка болушу мүмкүндүгүн айтышат.
Алардын айтымында, бул "ойдон чыгарылган окуяда" Анорбанктын ээси өзүн "жабырлануучу" кылып көрсөтүүгө аракет кылган. Бирок аны "уурдап кетип, кыйнады" деп айтылган адамдар менен мурдатан тааныш жана акыркы жазышуулары алардын ортосундагы мамиле кылмышкер менен жабырлануучунун мамилесине окшобойт.
"Азаттыктын" өзбек кызматы буга чейин эки басылма таянган далилдер менен жакындан таанышып, расмий түшүндүрмө сурап Анорбанк аркылуу Кахраманжан Олимовго жана Франция прокуратурасына кайрылган.
Негизги каармандар
3-июлда Le Monde басылмасы Францияда болгон адам уурдоо окуясынын хроникасын жарыялаган. Макала толугу менен Олимов айтып берген окуяга негизделген.
23-июнда Парижде уурдалганы айтылган 48 жаштагы өзбекстандык Кахраманжан Олимов француз басылмасына өзүн 1 миллиард долларлык активди башкара турган Анорбанктын ээси катары тааныштырган.
Анорбанктын сайтында Олимов банктын 100 пайыз акциясынын ээси катары көрсөтүлгөн.
The Insider жана L’Express журналисттери Олимовдун версиясы Өзбекстандын жергиликтүү басылмаларында кеңири жарыяланганына көңүл бурушкан.
Бирок журналисттердин биргелешкен иликтөөсү бул окуяда көптөгөн карама-каршылыктарды ортого чыгарды.
Олимовдун айтымында, кылмышкерлер 10 миллион доллар кун өндүрүүнү талап кылышкан.
Банкир кылмышты "Өзбекстандын бийликгине жакын" Б. Р.нын ишенимдүү адамы болгон М. аттуу киши жасаганын айткан.
Le Monde Кахраманжан Олимовдун өз атынан башка эч кимди атаган эмес.
Ал эми The Insider болсо Олимов уурдоо жана кун талап кылууда айыптаган адамдарды аныктаган.
- Б. Р. — өтмүштө белгилүү болгон өзбек олигархы Батыр Рахимов. Рахимов бир кезде Кахраманжан Олимовдун мурдагы иш берүүчүсү болгон. The Insider'дин булактарынын маалыматына караганда, Олимов дал ошол мурдагы жетекчиси Батыр Рахимовдун активдеринин эсебинен байыган. Рахимов 2016-жылы, мурдагы президент Ислам Каримов каза болгондон көп өтпөй Түркияга көчүп кеткен.
- М. — Орусиянын жараны, Рахимовдун Түркиядагы бизнес өнөктөшү. (The Insider М. тууралуу толук маалыматка ээ экенин, бирок анын атын ачыкка чыгарбоо шарты менен маанилүү маалыматтарды алганын билдирген).
The Insider М. атынан анын адвокатына, ошондой эле Батыр Рахимовдун кабылдамасы аркылуу да суроолорду жөнөткөн. Ал эми L’Express журналисттери болсо "жабырлануучу" Олимовго жакын булак менен маектешкен.
The Insider Олимов менен аны уурдады делген М. ортосундагы жазышууларды, сапар документтерин, каржылык жана процессуалдык материалдарды изилдеген. Басылманын аларды окуяга тактык киргизе турган далилдер болуп эсептелерин белгилейт.
Олимовдун версиясы
Олимов полицияга 2025-жылдын 22-июнунда түш ченде Париждин борборунда аны күч менен кичи автобуска отургузуп, белгисиз жерге алып кетишкенин жана ал жерде М. аны кыйнап, 10 миллион доллар талап кылганын айткан.
Анын сөзүнө караганда, кийин Ниццага жакын виллага алып барышкан жана ал жерде да кыйнаган. М. Олимовду өлтүргөнүн инсценировка кылып, видеого тартып өзбек бийлигин мазактоого мажбурлаган.
Банкир 5 миллион долларга тилкат жазып берген жана анын бир бөлүгүн - 200 миң долларды төлөөгө макул болгон. Ошондон кийин бошотулганын айткан Олимов полицияга кайрылган.
"Инсценировка экенин түшүнүп калыштыбы?"
Иликтөөчү журналисттердин айтымында, Олимов менен М. ортосундагы аудио жазуулар жана кат алышуулар "кылмышкер - жабырлануучу" мамилесине туура келбейт. Тескерисинче, алар бири-бирине сылык, атүгүл достук мамиледе болушкан.
Ниццага жакын жердеги, Олимов күч менен кармалып турганы айтылган вилла туристтик кызмат көрсөтүүчү ортомчу аркылуу криптовалюта менен ижарага алынган. Башында ижарачы катары өзбекстандык француз жараны Шухрат Зиявидиновдун паспорту жөнөтүлгөн, ал Олимовдун эң жакын өнөктөшү болуп эсептелет. Бирок кийин ижарачы "аялы билип калбашы үчүн" аноним бойдон калууну суранган.
Олимовдун айтымында, аны 22-июнда уурдап кетишкен, 23-июнда бошотушкан. Бирок документтерге караганда, Парижге кайтуучу биринчи класстагы авиабилеттин акчасы М.нын жеке айдоочусунун картасынан төлөнгөн, андан соң М. анын көчүрмөсүн расмий Telegram аккаунтунан Олимовго жөнөткөн.
24-июнда Олимов полицияга арыз берген. Протоколго ылайык, сурак саат 15:00дөн 22:30га чейин созулган.
Бирок Олимов менен М.нын Telegram'дагы кат алышууларына караганда, алар 2025-жылдын 23-июнунан 26-июнуна чейин достук мамиледе сүйлөшүп турган. Мындан тышкары, Олимов полицияда көрсөтмө берип жаткан учурда Telegram аркылуу М. менен "200 миң долларлык төлөмдүн бир бөлүгүн жеткирүү" маселесин талкуулаган. Мунун баары саат 19:00 чамасында, Олимов суракта отурган маалда болгон.
The Insider жана L’Express хроникасына ылайык, кат алышуу 26-июнда токтогон. Олимовдун акыркы билдирүүсү: "Мени шашылыш полицияга алып кетишүүдө. Байланышты өчүрүп жатам".
М.: "Эмнеге сени алып кетишүүдө? Алар инсценировка экенин түшүнүп калыштыбы?" - деп сураган. Жооп болгон эмес.
"Адам уурдоочу" менен "жабырлануучунун" ортосундагы байланыш эки күндөн кийин, 28-июнда кайра жанданган. М. жаңы номерден жазган: "Бир жагынан арыз жазып, экинчи жагынан мени эскерттиң. Мен түшүнүүгө аракет кылып жатам, сен дагы деле доссуңбу же жокпу?".
Олимов ага: "Арабызда кастык жок, ошондуктан сага жаздым. Абал өз жолу менен өнүгүп кетти. Мен көзөмөлдөгөн жокмун" деп жазган. Андан соң: "Аллага шүгүр, сени кармашкан жок. Жараткан сага мээримдүү. Азырынча мага жазбаганың жакшы. Түшүндүң деп ойлойм" деп билдирүү жиберген.
Бир нече саат кыйноого алынган деп эсептелген Олимовго медициналык кароо сегиз күндөн кийин, 30-июнда жасалган жана жеңил көгала аныкталган.
Эски макулдашуулар
The Insider жана L’Express окуяга катышкан адамдардын тарыхына байланыштуу бир катар фактыларды аныктаган.
Мисалы, өзбек олигархы Батыр Рахимов 2016-жылы Эгей деңизинин жээгинен мейманкана сатып алып, Түркияга көчүп кеткен. Рахимовго таандык Kapitalbank жана дагы ондогон компаниялар Кахраманжан Олимовдун башкаруусунда калган.
2017-жылы Олимов Рахимовдун бизнеси "басым астында" жана "кубаттуу адамдар" аны тартып алышы мүмкүн экенине ишендирип, активдерди "канчага болсо да" сатып жиберүүнү сунуш кылган.
Олимов өзүн "ортомчу" катары көрсөтүп, ондогон компанияны, анын ичинде ири жеке банкты, курулуш жана камсыздандыруу компанияларын өзүнө 13,5 миллион долларга расмий каттатууну сунуш кылган. Рахимов бул сунушту башында четке каккан, бирок Олимов бир жыл ичинде кошумча 10 миллион доллар төлөп берүү жана дагы бөлүштүрүлбөгөн дивиденддерди убада кылгандан кийин, көпкө ойлонуп, келишимге макул болгон.
Бул сүйлөшүүлөргө Рахимовдун Түркиядагы бизнес өнөктөшү болгон М. да катышкан. Рахимов ага карыз болчу. Натыйжада, 10 миллион долларды Олимов түздөн-түз М.га төлөп берүүгө макулдашылган.
Сатуу ишке ашкан, Рахимов бизнес-империясы үчүн 13,5 миллион доллар алган, бул анын ою боюнча чыныгы баанын болгону 5 пайызына жакын эле. Бирок М. эч нерсе алган эмес.
Андан кийин М. карызды өндүрүү үчүн Олимов менен 2019-жылы Европада, кийин Москвада бир нече жолу жолуккан. Олимов болсо 10 миллион долларды төлөөдөн качып, өзүнүн жогорку даражадагы "колдоочуларына" ишара кылган.
Рахимов Өзбекстанга кайткандан кийин Олимов "ортомчу" эмес, активдердин негизги бенефициары болуп калганын түшүнгөн. Көп өтпөй Олимов кымбат активдерди сатып ала баштаган. Германияда мейманкана алган, Өзбекстанда жеке банк негизидеген (француз журналисттеринин айтымында азыр ал 1 миллиард долларлык активди башкарат), ошондой эле Siemens жана EDF менен бирге жылуулук электр станциясын куруу консорциумуна кирген.
Натыйжада, Рахимов Өзбекстанга эч нерсесиз кайтып келген, ал эми Олимов олигархка айланган.
Рахимов 2018-жылдагы келишимди кайра карап чыгууну талап кылып, Олимовдон 200 миллион доллардан ашык компенсация талап кылуу үчүн адвокаттарды жалдаган.
Дал ушул шартта Олимовдун Францияда "уурдалышы" тууралуу кабарлар чыккан.
The Insider жана L’Express журналисттери Олимовдун уурдалышына байланыштуу инсценировкадан Рахимов эң көп зыян тарткан деген жыйынтыкка келишкен.
"Анткени, эгер кылмышты М. - анын өнөктөшү жасаган болсо, анда Рахимовду "уюштуруучу" катары көрсөтүүгө болот. "Уурдоо" окуясынан жалгыз пайда көргөн - Олимовдун өзү: ал эки карызды бир убакта жок кылып, өзүн Франция жана Өзбекстан бийлигинен коргоо талап кылган "жабырлануучу" катары көрсөткөн", - деп айтылат иликтөөдө.
Мындан тышкары, журналисттердин ишениминде, Олимов Рахимовду "өзбек бийлигине жакын" деп сүрөттөө аркылуу экономикалык талашты саясий өңүттө көрсөтүп жатат. Бул болсо ага келечекте саясий башпаанек талап кылууда жардам бериши мүмкүн.
The Insider жана L’Express журналисттеринин айтымында, учурда Олимов ээлик кылган Анорбанк Өзбекстанда мыйзамсыз акча которууларга байланышкан кылмыш ишинин борборунда турат. Олимовдун эң жакын өнөктөшү миллиарддаган сумдук кылмыш иши боюнча кармалганы айтылат.
"Мындай шартта Олимов үчүн өзүн "өзбек бийлигине жакын адамдан жабыр тарткан" киши катары көрсөтүп, Европада саясий башпаанек алуу мүмкүнчүлүгү өзгөчө мааниге ээ болушу мүмкүн", - деп белгиленет журналисттик иликтөөдө.
"Азаттыктын" өзбек кызматы The Insider жана L’Express журналисттери талдаган, ошондой эле өзүнүн кошумча далилдери боюнча Кахраманжан Олимовдон жана Франция прокуратурасынан расмий жооп күтүүдө.
Шерине