Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Ноябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:52

"Саботаж кылгандар жоопко тартылат". Эттин баасын ооздуктоого УКМК аралашты


Шишкебек бышыруу
Шишкебек бышыруу

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) эттин баасын негизсиз көтөргөндөр жоопко тартыларын эскертти. Атайын кызмат тиешелүү мекеме-органдардын өкүлдөрү менен бирге мунун алдында Бишкек шаарында эт сатылган ири жана чакан соода жайлардын ээлери менен жолугушууларды өткөргөн.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев бул маселе "кызыл кулак ортомчулардын" айынан жаралып жатканын билдирген.

Кыргызстанда учурда баалардын көтөрүлүшү, кымбатчылык негизги көйгөйгө айланды. Ушул тушта өкмөт бааларды ооздуктоого аракет кылып жатат. Айрым адистер бааны базар аныктарын, мамлекеттик көзөмөлдүн кедергиси тийиши мүмкүндүгүн эскертип жатат.

УКМК Бишкектеги эт саткан ири ишкерлер менен жолугушуулар өткөрүлгөнүн билдирди. Мындан ары баа саясатына каршы атайлап саботаж жасагандар жоопко тартыларын эскертти.

"УКМК Бишкек шаардык мэриясынын, Монополияга каршы кызматтын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен эт азыктарын саткан ири чекене соода түйүндөрүнүн өкүлдөрү менен жер-жерлерде көчмө жыйындар өткөрүлдү. 2025-жылдын 11-августунан тартып, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында, Министрлер Кабинети эттин баасына мамлекеттик жөнгө салуу тартибин киргизген. Ага ылайык эттин 1 килограммы үчүн баа 690 сомдон ашпашы керек. Баарлашуу учурунда ишкерлерге белгиленген өкмөттүк эрежелерди сактоо жана эт азыктарынын бааларын жасалма түрдө көтөрүүгө жол бербөө зарылдыгы жөнүндө маалымат берилди. Ошондой эле эт азыктарына жасалма түрдө бааларды көтөрүү жана эттин баасы тууралуу талаптарга баш ийбеген учурлар аныкталса, мыйзамдарга ылайык жоопкерчиликке тартылары өзгөчө баса белгиленди. КМК азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга жана зарыл болгон товарлардын баасынын жасалма кымбатташына жол бербөөгө багытталган тиешелүү иш-чараларды улантууда. УКМК эттин баасын аныктоо саясатына карата мыйзамга туура келбеген атайылап саботаж жасагандар кылмыш жообуна тартылаарын эскертет", - деп жазылган маалыматта.

Монополияга каршы кызматынын басма сөз катчысы Айжан Базарбаеванын билдиришинче, бааны көзөмөлдөөгө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен укук коргоо органдарына кайрылган. Азыркы күнгө карата рейддердин жүрүшүндө 80ге жакын ишкерге айыппул салынды.

"Баага байланыштуу түшүндүрүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. Текшерүү учурунда жаралган кыйынчылыктарга байланыштуу биздин кызмат Ички иштер министрлигине, УКМКга көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кат жөнөткөн".

Өткөн аптада УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстанда азык-түлүктүн баасын жөнгө салуу боюнча өкмөт чечимдери аткарылбай жатканын билдирген. Ал эттин баасы айрым жерлерде 800-900 сомго чейин кымбаттап кеткенин, өкмөт бааны 700 сомдон ашырбасын деген чечим кабыл алганы менен ал иштебей жатканын кошумчалаган.

Мындан ары азык-түлүк анын ичинде эттин баасын Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы, жергиликтүү бийлик башчылары көзөмөлгө алышы керектигин, болбосо чара көрүлөрүн эскерткен.

Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

“Этти дүңүнөн саткандар 450-500 сомдон сатат экен. Ал эми ортодогу чайкоочулар эки эсеге чейин кошуп жиберет экен. Ошондуктан биз бааны көзөмөлдөшүбүз керек. Этти 450-500 сомдон алгандар ага 50 сом, ашып кетсе 100 сом кошуп 600 сомдон деле сатса болот. Бизде болсо 700дөн 900 сомго чейин чыгып кетип атыптыр”, - деген Ташиев.

Анын алдында Экономика жана коммерция министрлиги Кыргызстанда эттин баасына убактылуу мамлекеттик жөнгө салуунун мөөнөтүн ушул жылдын аягына чейин узарткан.

Кыргыз өкмөтү бодо малды жана майда жандыктарды Кыргызстандан сыртка ташып чыгууга да убактылуу тыюу салган. Мекеме мындай чечим эттин баасынын кымбатташын, алып-сатарлык иштердин алдын алуу, калк үчүн социалдык маанилүү продукциянын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн кабыл алынганын кабарлаган.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Жамин Акималиев "Азаттыкка" комментарий берип жатып, алып сатарлардын айынан маселе курчуп жатканын белгиледи. Ошол эле маалда мамлекет чараларды күчөтүшү керектигине токтолду.

Жамин Акималиев.
Жамин Акималиев.

"Кийинки жылдары биздин малчыларыбыз жакшы иштеп, малдын башын көбөйттү. Өзгөчө кара мал менен жылкынын саны Совет дооруна караганда 1,5 эсеге көбөйдү. Бордоп, семиртип багып, биз өзүбүздн элибизди эт менен толугу менен камсыздоого жетишип калдык. Азыркы убакка карата өзүбүздү 80-85% эт менен камсыз кылабыз. Ушундай учурда баа деле төмөндөшү керек болчу. Бул биринчиден тиешелүү мекемелердин көзөмөлүнүн начардыгынан болуп жатат окшойт. Чынында иштин баарын өздөрүн "ишкерлер" деп атаган кызыл кулак, алып сатарлар бузуп жатат. Малчылардын түйшүгү түмөн, тоют, жем-чөп кымбат болгондо деле бир килограмм эт 500 сомдон ашпашы керек болчу да. Азыр болсо 700-900 сомго чейин чыкты. Базар экономикасына ылайык, 15% кошкондун ордуна ортомчулар 30-50% чейин кошуп жатышат. Ошондуктан биздин укук коргоо органдарыбыз алып сатарлар менен күрөшүшү керек. Булардын үстүнөн эч кандай көзөмөл болбогондуктан бааны обу жок көтөрүп жатышат. Биринчи кезекте алып сатарларды тартипке салуу керек. Алгач эскертип, ал жардам бербесе, кылмыш жообуна тартпаса иш оңолбойт. Экинчи дагы бир жолу - малчыларды кыйнабай малды сатып алуу, ташып келүү, этти сактоо, тоңдуруу, аны сыртка чыгаруу, кайра иштетүү боюнча илгеркидей эт комбинаттарды куруш керек. Малчыларды убара кылбай, алып сатарларды ортого салбай, тезинен инвесторлорду таап, эт комбинаттарын куруп, бүт милдетти мамлекет өзүнө алышы керек.

Кыргызстанда ушул тушта баалардын кескин көтөрүлүшү, кымбатчылык негизги көйгөйгө айланды. Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков 17-ноябрда социалдык маанилүү товарларды ички рынокко жеткирген ири ата мекендик камсыздоочулар менен кеңешме өткөрдү.

Жолугушууга Бишкек шаарынын бардык төрт районунун салык кызматтарынын өкүлдөрү дагы катышты. Министрликтин басма сөз кызматы күнүмдүк керектелүүчү товарлар, азык-түлүктөрдүн баасын көтөрбөө тууралуу сөз болгонун билдирди.

Бакыт Сыдыков.
Бакыт Сыдыков.

"Биз борбордогу ири соода тармактары жана гипермаркеттери менен тыгыз иштеп жатабыз. Алар тараптан бааларды төмөндөтүү жаатында түшүнүүгө жетише алдык. Жыйынтыгында баанын төмөндөгөнү байкала баштады. Бирок товарларды жеткирүү жараяны чынжыр сыяктуу бири-бирине тиешелүү болгондуктан, баага болгон сунуштарды кайра карап чыгуу зарыл. Бул кадамдарды биз жарандарыбыздын кызыкчылыгы үчүн жасап жатабыз. Биз силерден чөнтөгүңөргө зыян келтирип иштегиле деп жаткан жокпуз — болгону негиздүү жана акылга сыярлык чечимдерди кабыл алууңарды сурайбыз. Ошол эле учурда министрликке караштуу Антимонополияга каршы жөнгө салуу кызматы мониторингди күчөтүлгөн деңгээлде жүргүзүүдө: акыркы эки күндүн ичинде эле 30дан ашык айып пул салынды", - деген министр.

Деген менен мурдагы айыл чарба министри, ишкер, Тилек Токтогазиевдин пикиринде, мамлекеттик көзөмөлдүн кедергиси тийиши мүмкүн.

Тилек Токтогазиев.
Тилек Токтогазиев.

"Баага мамлекеттин, өкмөттүн аралышуусунун терс таасири тийип калышы мүмкүн. Бир жагынан азык-түлүк коопсуздугу деген маанилүү. Бирок ошол эле мезгилде бааны базар экономикасынын эрежелери менен жөнгө салбаса, административдик чаралар менен жөнгө салуу болсо ошол товар текчелерде жок болуп калышы мүмкүн. Же болбосо ишкерлер аз эле пайда көрүп, жадагаласа өздөрү чыгашага учурап саткандан көрө сатпай дагы коюшу мүмкүн. Багы совет доорундагыдай кайсы бир товарлардын дефицити пайда болушу мүмкүн".

Өлкө бийлиги кымбатчылык Кыргызстанды эле ага коңшулаш, аймакташ мамлекеттерди дагы тушаганын айтууда. Казак өкмөтү 18-ноябрда атайын жыйын өткөрүп, баалардын өсүшүн ооздуктоо маселесин талкуулады.

Шерине

XS
SM
MD
LG