Кыргызстан USDKG деп аталган алгачкы мамлекеттик криптовалютасын расмий ишке киргизди. Бул тууралуу 20-ноябрда президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, иш-чарага президент Садыр Жапаров, каржы министри Алмаз Бакетаев жана "Виртуалдык активдердин эмитенти" ачык акционердик коомунун төрагасы Бийболот Мамытов катышты. Алар "эмиссияны ишке киргизүү" баскычын басып, Tron блокчейнинде 50 000 000 даана USDKG токени жүгүртүүгө чыгарылганын расмий жарыялашты.
USDKG деп аталган алгачкы стейблкоиндин жалгыз негиздөөчүсү - Финансы министрлиги, эмитенти - "Виртуалдуу активдердин эмитенти" акционердик коому. Анын жалгыз акционери Кыргызстандын Финансы министрлиги болуп саналат.
USDKG - Кыргызстандын тарыхындагы алгачкы санарип актив. Анын курсу сомго байланган, каржылоо Финансы министрлиги тарабынан жүргүзүлөт. Бийлик долбоор санарип экономиканы өнүктүрүү жана эл аралык эсептешүүлөрдүн мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталганын билдирген.
Муну менен Кыргызстан Борбор Азияда биринчилерден болуп өзүнүн санарип активин чыгарган өлкө болуп калды. USDKG активи алтын жана АКШ доллары менен камсыздалган.
Криптовалюта бул – блокчейн технологияларынын негизинде иштелип чыккан жана интернетте гана жүгүртүлгөн санариптик акчанын жалпы аталышы. Анын бир нече түрү бар.
Биринчи түрү – монета. Ал эч бир банктык системага жана мамлекеттик валюталарга байланган эмес. Бул топко биткоин (Bitcoin), опекс (Opex), риппл (Ripple), эфириум (Ethereum), лайткоин (Litecoin) сыяктуу монеталар кирет.
Экинчи түрү – токен. Бул бар монеталардын блокчейнин пайдалануу менен иштелип чыккан жана ошол платформалардын ичинде жайгашкан валюталар. Solana (SOL), Tether (USDT), XRP, Binance Coin (BNB) жана башкалар токен болуп саналат.
Ошол эле токендин өзүнүн да үч тиби бар. Анын бири – стейблкоин (stable – стабилдүү, coin – монета). Булардын наркы кадимки акчанын курсуна же алтын, мунай, дан сыяктуу товарлардын биржалык баасына байланат. Алар кымбаттаса кымбаттап, арзандаса баасы түшүп турат.
Криптовалютаны майнинг-фермалар кубаттуу компьютердик жабдыктардын жардамы менен чыгарат. (KS)
Шерине