Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Ноябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:42

Төрөбаев Кыргызстанда күйүүчү майдын кору жетиштүү экенин билдирди


Бакыт Төрөбаев.
Бакыт Төрөбаев.

Министрлер кабинетинин төрага орун басары, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев республиканын бардык мунай базаларында күйүүчү-майлоочу майдын туруктуу кору бар экенин билдирди. Бул тууралуу ал 20-ноябрда 2025-2026-жылдарга карата күз-кыш мезгилдерине даярдык тууралуу коомчулукка маалымат берген учурда айтты. Анын айтымында, Министрлер кабинети өлкөнү күйүүчү-майлоочу май менен камсыздоо иштерин активдүү жүргүзүүдө.

"Министрлер кабинети өлкөнүн мунай ташуучулары менен биргеликте ички күйүүчү-майлоочу май рыногун толтуруу максатында, Беларус, Азербайжан, Казакстандын мамлекеттик органдарынын жана мунай иштетүүчү заводдорунун жетекчилери менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, анын натыйжасында Кыргызстанга мунай заттары жеткирилип жатат", - деди Төрөбаев.

Өкмөттүн өкүлү бул маселе Министрлер кабинетинин көзөмөлүндө турганын жана абал турукташып келатканын айтты.

Мындан сырткары жергиликтүү бийлик жана тиешелүү компаниялардын жетекчилерине калкты жана социалдык объектилерди күйүүчү-майлоочу май, көмүрдүн кору менен камсыздоо, анын баасына, сапатына мониторинг жүргүзүү, жылуулук, электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз болушун көзөмөлдөө тапшырмасы берилгенин кошумчалады.

Буга чейин Мунай ташуучулар ассоциациясынын төрагасы Канат Эшатов Кыргызстандын компаниялары күйүүчү-майлоочу майдын таңкыстыгын алдын алуу үчүн башка өлкөлөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын, Беларустун компаниялары менен келишим түзүлгөнүн "Азаттыкка" билдирген.

Ал кымбаттоо товар дүңүнөн сатып алынган баага байланыштуу болуп жатканын айткан. Ал күйүүчү май азыраак көлөмдө келип жаткандыктан ири компаниялардын кампаларында 15-20 күнгө гана жете турган май бар экенин белгилеген.

Ассоциация Орусиядагы мунайды кайра иштетүүчү заводдорго Украинанын дрон чабуулуна байланыштуу алардын өзүндө тартыштык болуп жатканын айтып келет. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG