Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Ноябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:16

Сабиров быйыл жарым жылда 21,7% көп инвестиция тартылганын билдирди


Равшанбек Сабиров.
Равшанбек Сабиров.

Бул тууралуу "Биринчи радионун" 20-ноябрдагы эфиринде президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабиров билдирди.

Анын маалыматына ылайык, Кыргызстанга тартылган инвестициялардын көлөмү 2024-жылы 1 млрд доллардан ашкан, быйылкы жылдын алты айында бул көрсөткүч 21,7% көбөйгөн.

Сабиров инвестициялардын көбү Орусия, Түркия жана Кытайдан тартылып жатканын айтты. Негизинен инвесторлор Ысык-Көлдөгү "Ала-Тоо резорт" лыжа кластери, Кыргызстан-Кытай-Өзбекстан темир жолу, Тамчыда атайы каржы инвестициялык аймакты туризм багытында иштетүү, Асман шаарын куруу жана кичи ГЭСтерди курууга кызыкдар болушкан.

Аталган агенттик Ысык-Көлдө Асман шаарын куруу боюнча кытайлык компания менен меморандум түзүлгөнүн ушул жылдын 21-октябрында билдирген.

Сүйлөшүүлөр алгач Шанхайда, кийин Бээжинде уланып, 17-октябрда Равшанбек Сабиров менен China Construction Design Institute компаниясынын башкы директору Цао Сянмин меморандумга кол коюшкан. Кытайлык компания шаар курууга канча каражат салары айтылган эмес. Буга чейин Экономика министрлиги шаар курулушунун баасы 20 млрд доллар деп эсептеген. Аны курууга алгач түштүк кореялык компания 1 миллиард доллар инвестиция салууга ынтызарлыгын билдиргени расмий айтылып, кийин курулуш башталган эмес.

Ал эми Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун курулушу 2024-жылдын 27-декабрында расмий башталган.Бишкекте “Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу” ишканасы түзүлгөн. Анын негиздөөчүлөрү – Кытайдын China Railway International компаниясы, Кыргызстандын “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы жана Өзбекстандын “Узбекистон темир йуллари” акционердик коому. Бул ишкана темир жолду куруу үчүн Биргелешкен долбоорлоочу компания (БДК) болот. Кошкон каражатына жараша компанияда Кытайдын үлүшү 51% болот, калганы Кыргызстан менен Өзбекстанга тең бөлүнүп, ар бирине 24,5% тиет.

Долбоордун наркы 4 млрд 665 млн доллар деп көрсөтүлгөн. Мунун жарымын – 2 млрд 332 млн долларды Кытай үч өлкө түзгөн БДКга насыя катары берет.

Темир жолдун курулушу үчүн 20 миңден ашык адам жумушка тартылары айтылган.

Ак-Суу районундагы "Ала-Тоо резорт" курортунун курулушунун башталышына президент Садыр Жапаров катышканын быйыл августта анын басма сөз кызматы кабарлаган.

Сабировдун соңку маалыматына караганда, быйыл мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде айыл чарба, медицина, туризм, илим-билим, атайы инновациялык окутуу борборлорун ачуу, жол куруу, туннель салуу жаатында сунушталган долбоорлордун саны 90го жетип, анын 60ы ишке ашырылган. Алардын каржы портфели 434 млрд сомго чукулдаган.

Инвестицияларга байланыштуу атайын агенттик 2017-жылы түзүлгөн. 2021-жылы министрлик болуп өзгөрүп, көп өтпөй ошол эле жылы октябрда кайра агенттик болгон. 2022-жылы мартта президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен ага “улуттук” деген макам берилип, президентке караштуу болуп калган. (KS)

Шерине

XS
SM
MD
LG