Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Ноябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:15

Казакстанда орусиячыл көз караштагы блогер 3 жыл 9 айга эркинен ажыратылды


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

Казакстандын Көкшетау шаардык соту "Северный казах" деген ылакап ат менен белгилүү блогер Аслан Төлөгөновду 3 жыл 9 айга эркинен ажыратты. Бул маалыматты Акмола облусунун сотуна шилтеме кылып "Азаттыктын" казак кызматы жазды.

Маалыматка караганда, сот жараяны айыпталуучунун өтүнүчү менен жабык түрдө өткөрүлгөн.

"Өкүмдүн толук тексти же иштин башка жагдайлары ачыкка чыгарылбайт", — деп билдирди соттун өкүлү журналисттерге.

Айыпталуучунун жакындары менен адвокаттары өкүм боюнча азырынча комментарий бере элек.

Буга чейин казакстандык журналист Михаил Козачков Аслан Төлөгөновго "улут аралык кастыкты козутуу" жана "атайылап жалган маалымат таратуу" айыптары коюлганын жазган. Анын Telegram каналында жарыялаган маалыматына караганда, орусиячыл көз караштагы блогер Төлөгөнов YouTube жана башка социалдык тармактарга жарыялаган видеолору үчүн жоопко тартылган.

"Сот блогерди эксперттин корутундусу, телефонуна жасалган экспертизанын жыйынтыгы, интернет сайттагы материалдары жана иштин башка далилдердин негизинде күнөөлүү деп тапты", — деп жазган Козачков. Анын айтымында, "Төлөгөнов коюлган айыптарды толук моюндап, сотто көрсөтүлгөн далилдерди четке каккан эмес".

Аслан Төлөгөнов быйыл 25-июлда түз эфир учурунда орой, сөгүнгөн сөздөрдү колдонгону үчүн "Ээнбаштык" беренеси боюнча административдик жоопко тартылып, 10 айга камалган. Андан кийин ал кайрадан эки айга камакка алынган. Ага каршы "улут аралык кастыкты козутуу" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети тергөөнүн жүрүшү тууралуу маалымат бербей келген.

Төлөгөновдун адвокаты да журналисттерге иштин жагдайларын айтуудан баш тартып, маалыматты жашыруун сактоо тууралуу тилкатка кол койгонун билдирген.

Орусиячыл көз караштагы видеолору менен белгилүү Аслан Төлөгөновдун YouTube каналында 180 миңден ашуун катталуучу бар болчу. Учурда ал канал жабык. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG