Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Ноябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:15

Евробиримдик Тажикстанды Орусияга каршы санкцияларды сактоого чакырды


Тажикстан жана Европа Биримдигинин делегацияларынын Брюсселдеги жыйыны, 19-ноябрь, 2025-жыл.
Тажикстан жана Европа Биримдигинин делегацияларынын Брюсселдеги жыйыны, 19-ноябрь, 2025-жыл.

Европа Биримдиги Тажикстанды Орусияга салынган санкцияларды сактоого жана бул жаатта кызматташууга чакырды. Бул тууралуу 19-ноябрда Брюсселде өткөн Европа Биримдиги – Тажикстан кызматташтык кеңешинин жыйынында айтылды.

Жыйын Европа Биримдигинин «Дүйшөмбү-Сити», «Спитаменбанк» жана «Тажикстандын коммерциялык банкы» Орусияга санкцияларды айланып өтүүгө көмөктөшкөн деген билдирүүсүнөн кийин өттү.

Брюсселдеги жолугушууга тажик тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин башында турган делегация катышты. Тажикстандын ТИМи буга чейин үч банкка киргизилген санкциялар боюнча «терең тынчсыздануусун» билдирип, алардын кесепеттерин жумшартуу боюнча иш жүрүп жатканын маалымдаган.

Анда шаркет Тажикстанды «эл аралык укукту сактоого жана БУУ менен ЕБдин позицияларына ылайык Украинанын көз карандысыздыгын, суверендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн колдоого» чакырганы айтылды.

Тажикстан Орусиянын жакын өнөктөшү, тажик бийлиги согуш сүйлөшүүлөр аркылуу гана чечилиши керек деген позициясын билдирген.

Орусияга каршы эл аралык санкцияларды айланып өтүүгө көмөктөшөт деген айыптар буга чейин Кыргызстандын айрым банктарына да коюлган.

Быйыл жыл башында Кыргызстандын «Керемет банкын» АКШ «кара тизмеге» киргизип, аны эл аралык санкцияларды кыйгап өтүү схемаларына катышкан, орусиялык расмий адамдар жана санкцияга алынган «Промсвязьбанк» менен иштешкен деп билдирген.

АКШдан тышкары Британия жана Евробиримдик Кыргызстанда катталган «Капитал банкка», «Толубайга», Европа сактык банкынын айрым операцияларына жана криптовалюта тармагында иш алып барган бир катар компанияларга санкция салган. Батыштын мындай чечимине президент Садыр Жапаров нааразылыгын билдирип, расмий Бишкек санкциянын талаптарын аткарып жатканын, экономика саясатташпашы керектигин айткан. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG