Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:29

"Мурдагы күйөөм үч баламды көргөзбөй жатат"


Айпери Сайдали кызы.
Айпери Сайдали кызы.

Орусияда кийим тигип, дизайнерлик менен алектенген Айпери Сайдали кызы балдары менен жолуга албай жатат. Үч баласы мурдагы күйөөсүнүн колунда.

Айпери ур-токмоктун айынан жолдошу менен ажырашып кеткенин, ал балдарын көрсөтпөй жатканын айтса, күйөөсү Иляс Алимбеков бул жалаа экенин, эне менен балдардын сүйлөшүүсүнө жолтоо болбогонун билдирди.

Ошол эле учурда ал жубайына кол көтөргөнүн да четке каккан жок.

“Азаттыктын” “Мигрант.Медиа” долбоору үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен келиндин баянын сунуштайт.

Үч баласы тууралуу айтканда бирде кубанып, бирде ыйлагысы келген Айпери балдарын абдан сагынгандай.

Аларды соңку үч жылдан бери көрө элек.

"Балдарым түшүмө кирет. Кээде алар менен кучакташып жаткан болом, ошондо ойгонгум келбейт (ыйлайт-ред.). Кечээ жакында эле түшүмө балдарым менен чогуу жашап жүргөн кезим кирди. Ойгонгондо сагынычым тарай түштү. Себеби, түшүмдө балдарымды кучактадым, жетеледим, ойноттум. Аларды түшүмдө көрсөм сагынычым таркап калат".

Айпери Сайдали жолдошу менен 2021-жылы ажырашкан. Балдары ошондон бери мурдагы күйөөсүнүн колунда.

“Балдарды бербейм” деди. “Балдарды көрөм десең жашайбыз” деди. Жалдырадым. Катуу айттым. Такыр көнбөдү. “Балдарды мени менен жашасаң көрөсүң, болбосо жок. Эгерде балдарга келсең, тирүү чыкпайсың” деп коркута баштады”, - дейт Айпери.

Орусияга сапар. Зомбулук. Ажырашуу

Айпери балдарын өзүнүн ата-энесине таштап, 2019-жылы жолдошу менен Орусияга иштегени барат.

Кыргызстандан Красноярск аймагына автоунаа менен 13 күндө жетишет. Ал жерде тез татым түйүнүндө бир аз иштеп, андан ары Москванын четиндеги Зеленоград шаарына сапар алышат.

Башында ресторандарда ашпоз болуп, бирок бул иш көңүлүнө жакпай калат. Кыргызстанда тигүүчүлүк менен алектенип жүргөн келин өз чөйрөсүн табууга умтулат.

"Карантин мезгилинде бир жолу кийиле турган халаттарды тиккен жерге ишке кирдим. Айлыгы аз болгондуктан башка жумуш издедим. Анан орусиялык бренддердин буюртмаларын тиккен цехке ишке орношуп калдым. Пальто, бешмант, кече көйнөктөрүн тигебиз. Барганда эле көйнөк беришти. Көйнөктү тиктим. Жактырышты. Анан ошол жерде бир жарым жылдай иштеп калдым. Мурдагы иштерге караганда айлыгы да жогору экен".

Бул аралыкта күйөөсү экөө акча топтоп, машине сатып алышат. Бирок түгөйлөрдүн ыркы кетет. Айгерим күйөөсү экөө урушуп, тил табыша албай калганын айтты:

"2021-жыл, 13-январь, чилде болчу. Жолдо келише албай калып, урушуп кеттик. Кол көтөрдү. Рулда баратып чыканагы менен көкүрөккө урду. Дем ала албай өзөрүп калдым. “Эмне урасың?!” деп кыйкырдым эле дагы муштады. Жаным көзүмө көрүндү. Анан мен да бир муштадым. “Сен мени уруп жатасыңбы?” деп муунтканга өттү. Муунтуп жатканда “Азыр мен сени өлтүрөм. Өлтүрүп, токойго ыргытсам ким табат эле?” деп сүйлөндү. Эптеп аракет кылып бошонуп кетпесем бир нерсе болорун түшүндүм. Өлтүрүп деле коюшу мүмкүн эле да. Өлүп, токойдо жатканымды элестеттим. Анан рулду буруп жибердим. Ошондо мени кое берди. Эшикти ачып, “Жардам бергиле!” деп кыйкырдым. Азыр ал учурду эстесем калтырап кетем".

Айпери кан жолдо аны бейтааныш адамдар куткарып калганын, чогуу иштеген кесиптештери такси менен алып кеткенин эскерет:

"Жумушка барганда чечиндирип көрүштү. Моюнум канталап, бетим, көзүм көгөрүп, оозум жырылып, канап кеткен экен. Кесиптештерим мындайды көргөн эмес окшойт, таң калышты. Мага боор оорушту. Ошондо өзүмө келдим. Токтоно албай ыйладым. Бөтөн элде, бөтөн жерде жакын деп жүргөн адам ушул кордукту көрсөтсө, булар мени колдоп, коргоп, көгөргөн жериме муз басып жатышат деп ойлодум. “Жаман улут болбойт, жаман адам болот” дегенди ошондо түшүндүм.

Айпери бөтөн жерде жалгыз калганын, барарга жери, чөнтөгүндө акчасы калбай калганын айтты:

"Исламда "аялдын тапканы өзүнүкү" деп айтылат го. Бизде андай эмес эле. Мен тапканымдын баарын анын эсебине которчумун. Уруштун алдында да жетекчим айлыгымды жолдошума которгон. Күйөөм эмнегедир мага карточка ачтырып берген эмес. “Жок, ачтырбайсың, менин эле карточкам жетет, мага эле которосуң” деп койгон. Анан акчасыз калдым. Жетекчим: “Сен кандай немесиң, жаның кейип, желкең уюп, көзүңдүн майын коротуп тапкан акчаңды эмнеге берип коесуң?!” деп урушуп жатты.

Карантин болгондуктан Айпери кесиптештеринин үйүнө да бара албай, тигүү цехинде үч күн түнөгөн.

"Кар жаап жаткан. Кардын кандай сонун экенин ошондо көрдүм, суктандым. Мен мурда коркуп жашап жүрүп, эч нерсеге деле көңүл бөлчү эмес экем. Кардын керемет экенин ошондо туйдум. Жалгыз эшикте отуруп, өзүмдү ушундай жеңил сездим, жыргап жаттым... Болбосо бети-башым көгала, оозум ооруп жатат. Бирок карга бетимди тосуп, “Оо, Кудай, аман-эсен калганыма шүгүр” дедим".

Келин ушул күндөрү күйөөсү менен жашаган тогуз жыл көз алдынан тасмадай чубап өткөнүн эскерди. Анын айтымында, токмок жеп, өмүрүнө коркунуч жаралган учурлар болуп эле келген.

"Башында “Ата-энемдин алдына барсам, эл эмне дейт?” деп чыдадым. Анан балалуу болдук. “Балдарым менен каякка батам, кантем” деп жүрдүм. Балалуу болсок токтойт деп ойлогом. Андай болгон жок. Өзгөрбөдү. Тескерисинче, күчөгөндөн күчөп жатты. Мына, башымда тырык бар. Биринчи балам боюмда болгон кезде экөөбүз уруша кетип, пиала менен урган. Пиала сынып, башымды жарып кеткен. Кан чачыраганын бир билем, калганын билбейм. Ойгонсом башымды тигип жатышкан экен. Бул окуя Кыргызстанда болгон. Тилди кудай маселени чечишип, сүйлөшсүн деп берген го. Биз сүйлөшө алчу эмеспиз. Маселени түшүндүрө албай, жини келип, анан кол көтөрчү. Азыр күн бүркөлгөн сайын башым ооруйт".

Соңку уруштан кийин Айпери биротоло ажырашууну чечет. Зеленоград кичинекей шаар болгондуктан, күйөөсү таап алат деп чочулап Москвага кетүүгө бел байлайт. Чоң шаарда дароо эле кийим тигүү цехине жумушка орношот. Жарнама аркылуу батир таап, бир бөлмөдө бир нече кыз менен чогуу жашап калат.

"Бейшемби күнү келдим. Үч күндө 6800 рубль таптым. Ага чейин орус аял берген 500 рублге каймак, нан алдым. Ошону жеп турдум. Анан айлык тийди, батирдин акчасын төлөп, жашоом уланып кетти".

“Кызымдын атынан AIGANA деген бренд негиздедим”

Бир нече жыл жалданма жумушчу катары иштеп, дасыккан Айпери азыр Москвада кийим тиккен цех ачкан. Кесиби боюнча модельер-конструктор-дизайнер. Ушул тапта үч орусиялык бренд менен иштешет.

"Бул кийимдер кардарымдын буюртмалары. Баарын тигип бүттүк. Бул рэперлерге тигилген кийимдер. Биз тиккенден кийин бул кийимдер боёлот. Боёлуп, сүрөттөр басылып, сатыкка чыгат. Кече көйнөктөрүн да тигебиз. Андан башка дагы бир бренд бар. Алар дизайнердик кийимдерди чыгарат. Алар бир нерсени ойлоп таап келет, ошону биз бул жактан карап көрүп, бычып, тигип чыгарабыз".

Айпери Сайдали кызы.
Айпери Сайдали кызы.

Айпери жакында өзүнүн брендин негиздеп, аны кызынын атынан AIGANA деп атады. Казакстанда быйыл июнь айынын аягында өткөн түрк тилдүү өлкөлөрдүн дизайнерлеринин “Тюбетейка Fashion” көргөзмөсүнө катышып келди.

"Бул менин көргөзмөдө көрсөтүлгөн кийимдерим. Бул жерде 15 образ бар. Кызымдын атынан AIGANA деген бренд менен чыктым. Менин брендим менен тигилген кийимдерди көбүнчө биздин жердештер жана жергиликтүү орустар алат".

Ара жолдо калган балдар

Айпери Орусияда жүргөндө күйөөсү Кырызстанга кайтып, кайын-журтунан балдарын алдырып алган. Ошол боюнча балдарды энесине көрсөтпөй келет.

"Телефон аркылуу сүйлөшүп, балдар ортодо чоңоет, бирге чоңойтобуз, бирок экөөбүз чогуу жашабайбыз деп келишкенбиз. Апам [балдарымды атасыныкына] жөнөтөт. Бир жума өтөт. Ошол маалда балдар менен сүйлөштүрбөй койду. Мен кыжалат боло баштадым. Анан апамдан телефонун алып чалсам, “Балдарды бербейм, көрөм десең, мени менен жашайсың” дей баштады. Анан артынан бардым. Айттым. Жалдырадым. Катуу айттым. Такыр болгон жок. “Мени менен жашасаң балдарды көрөсүң, болбосо көрбөйсүң. Эгерде балдарга келе турган болсоң тирүү кайтпайсың” деген сөздөрдү айта баштады. Кайдасың десем, “Бир туруп Кара-Балтадамын, бир туруп Бишкектемин” дей берди. Бир жолу өзү Ошто туруп эле “Кара-Балтадамын, балдарыңды көрөм десең кел” деди. Мен Кара-Балтага бардым. “Мен келдим” десем, “мен ал жакта эмесмин” деди. Мен Кара-Балтада эле болуш керек деп балдарымды 13 мектептен издеп чыктым. Директорлоруна кырдаалды түшүндүрүп айтсам, алар деле түшүнүштү. Балдарымдын аты-жөнүн тизмеден карап беришти. Таппадык. Ошол күндүн эртеси баламдын туулган күнү эле. Чогуу белгилегенге жетишип калайын деп аракет кылдым. Таппадым. Түнү менен ыйладым".

Балдарына жолуга албай, сагынычы таркабай, эне аргасыз Москвага кайтат.

"Учуп келгенден кийин бир ай оорудум. Ошондон бери балдарымды көрө элекмин. Күтүп жүрөм. Ал деле адам да, түшүнөт деп ойлойм. Бир күн болбосо, бир күн балдарынын энесиз чоңоп жатканын түшүнөр деп күтүп жүрөм. Балдарын таштап кеткен аталарды көрүп, ага бир чети ыраазы болсом, балдарым менсиз чоңоюп жатканын көрүп капа болом. Менин деле жашоом уланып жатат, анын деле жашоосу уланып жатат, бирок ортодо балдар калды. Алар мени сагынып жатса керек. Бул балдар үчүн оор, келечегине да таасирин тийгизет. Экөөбүздүн жашай албаганыбызга балдар күнөөлүү эмес. Экөөбүздүн жашообуз үчүн балдар кыйналбашы керек. Балдар кыйналып жатканы белгилүү. Атасы баксын, кийиндирсин, ичиндирсин. Бирок энеден ажыроо балдар үчүн оор эле да".


“Бир-эки жолу шапалак менен ургам”

“Азаттыктын” “Мигрант Медиа” долбоору Айперинин мурдагы күйөөсү Иляс Алимбеков менен байланышып, балдарын апасына эмне себептен жолуктурбай жатканын сурады.

Максаты бөлөк, иштейм деп туруп алды. Үй-бүлөгө караганда иш биринчи орунда турат. Макул, иште дедим. Орусияда иштеп жүргөндө бизнес кылышым керек деп, менден бөлүнгөнгө аракет кылды. Айла жок кое бердим. Үч айдан кийин Кыргызстанга келдим. Албетте, балдарымды сагындым. Балдарга ыңгайлуу болсун деп өзүмө алып калдым. Ал телефондон бир аз ызы-чуу салды. Сен өзүң бага турган болсоң кел, балдарды берем. Бирок менден талашып, кайра эле апаңдын үйүнө алып барып койсоң, ага жол бербейм дедим. “Алам, айылга алып барам” дегендей кылды. Ошол мезгилде мен ага жол бербедим. Чын", –деди Иляс Алымбеков.

- Сиз балдарыңызды энеси менен жолуктуруп, сүйлөштүрүүгө макулсузбу?

- Эмнеге макул эмес экенмин? Убагында келип карап, катташып, “мен энеңер болом” дебесе, мээримин төкпөсө, балдар мен айтпасам деле “бизди таштап кеткен” деп таарынат да. Дагы бир-эки жыл жүрсө, балдар аны кабыл албайт. Кечикти.

- Кол көтөрүү болду беле?

- Жаңы турмуш курганыбызда кызганычтын айынан бир аз ыйкы-тыйкы болгон. Бир-эки жолу шапалак менен ургам.

Бизге жеткен маалыматтарда Илияс Алимбековдун агасы Жогорку Кеңештин мурдагы чакырылышында депутат болгон.

"Балдарды көргөзбөй коюу мыйзам бузууга жатат"

Кыргызстандын Үй-бүлө кодексине ылайык, ажырашкан түгөйлөрдө балдарын бири-бирине жолуктурбай, сүйлөштүрбөй коюу укугу жок. Юрист Индира Саутова ата-эне мунасага келе албаса, маселе сот аркылуу чечилерин белгиледи:

– Атасы же энеси балдарын бири-бирине көрсөтпөй койгонго укугу жок. Үй-бүлө кодексинде ата-эненин укугу бирдей. Айперинин жагдайын карасак, күйөөсү балдарын көрсөтпөй жатса, ал сотко кайрылса болот. Келишим түзүлөт: сот балдар кайсы учурда энеси менен, кайсы учурда атасы менен жашайт, кайсы учурда канча сааттан жолуга алышат деген маселени аныктап бериши керек. Үй-бүлө кодекси боюнча, аталык же энелик укуктары чектелген жарандарга балдары көрсөтүлбөйт. Азыркы учурда экөөнүн тең аталык же энелик укугу чектелген эмес. Ошондуктан бул түздөн-түз мыйзам бузуу болуп эсептелет".

Үмүт үзүлбөйт. Айпери балдары менен жолугар, моокуму канганча кучактар күн алыс эмес экенине ишенет.

"Айкут, Айгана, Индира, мен силерди жакшы көрөм. Мен силерди сагындым. Бир күнү баарын түшүнөсүңөр. Бир күнү чогуу болобуз. Мен силерди таштап кеткен эмесмин, силер менин жүрөгүмдөсүңөр. Мен силерди сагындым. Ар дайым силерди эстейм. Буюрса, бир күнү жолугабыз...", - деди Айпери.

Укук коргоочулар жана жарандык активисттер соңку кезде аялдарга зомбулук күчөгөнүн кескин сындап, коңгуроо кагууда.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) эсебинде, өлкөдө жыл башынан бери эки айда үй-бүлөлүк зомбулуктун 2523 фактысы катталган. Мунун ичинен 70 факты боюнча кылмыш иши козголгон. Анын ичинде эки иш Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси ("Киши өлтүрүү") менен, төрт иш аталган кодекстин 130-беренеси ("Саламаттыгына оор залал келтирүү"), экөө 131-беренеси ("Саламаттыгына анча оор эмес залал келтирүү"), 12 иш 154-берене ("Зордуктоо") жана башка беренелер менен козголгон. Булардын ичинен 32 иш сотко жөнөтүлүп, 25 иш өндүрүштөн кыскартылган, учурда өндүрүштө 13 кылмыш иши бар.

Үй-бүлөлүк зомбулук фактысы боюнча эки айда 2247 адамга, анын ичинен 2086 аялга, 112 эркекке жана 49 балага коргоо ордери берилген. Бузуулар кодексинин 70-беренеси (Үй-бүлөлүк зомбулук) менен 764 протокол түзүлүп, 727 протокол сотко жиберилген. Айыпталган 204 адам сот чечими менен административдик иштерге тартылса, 396 адам камакка алынган. Бузуулар кодексинин 71-беренеси (Ордердин шарттарын аткарбоо) боюнча алты протокол түзүлгөнү кабарланды.

Былтыр 13 104 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2022-жылдагы көрсөткүчтөн 32,6% көп экени айтылган. 2021-2022-жылдары өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулуктан 20 аял каза болгон.

2017-жылы кабыл алынган Кылмыш-жаза кодексинин Үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 177-беренесине ылайык, кылмыш кылган адам эки айдан бир жылга чейин түзөтүү жумуштарына тартылат же беш жылга чейин эркинен ажыратылат. Бирок депутаттар бул чаралар жетишсиз экенин белгилеп, мыйзамдарды толуктоону сунуштап жатышат.

WPS (Тынчтыктын жана аялдар үчүн коопсуздуктун индекси) уюмунун 2023-жыл үчүн даярдаган отчётунда Кыргызстан аялдардын өмүрү үчүн кооптуу өлкөлөрдүн рейтингинде 95-орунду ээлеп, Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен эң төмөнкү сапка жайгашкан.

XS
SM
MD
LG