Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Ноябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:26

"АКШда 600 млн долларлык завод салам". Ташкенттин экс-мэринин дымагы


Жахонгир Артыкхожаев
Жахонгир Артыкхожаев

мазмуну

  • Ташкенттин мурунку шаар башчысы Жахонгир Артыкхожаев АКШда 600 миллион долларлык алюминий жана автоунаа тетиктерин өндүрүүчү завод курууну пландап жатат.
  • Артыкхожаевдин мындай дымагы Өзбекстандын ички инвестициялык абалына байланыштуу суроолорду жаратты.
  • Өзбекстан АКШ менен көп миллиарддык келишимдерди түзүп, айыл чарба техникасы, учактар жана сейрек минералдарды казуу боюнча кызматташууда.

Өзбекстандык ишкер, бул өлкөнүн борбор калаасынын мурдагы мэри Жахонгир Артыкхожаев АКШда 600 миллион долларлык алюминий заводун куруу планы менен коомчулуктун көңүлүн бурду.

Экс-мэр “Өзбекстан 24” телеканалына курган маегинде анын Akfa компаниясы түрк ишканасы менен чогуу АКШда 600 миллион долларлык завод куруп, алюминий буюмдарын, автоунаа тетиктерин жасап чыгарарын билдирген:

"Кудай буйруса, биринчи жылы 105 миллион доллар инвестиция тартылат. Андан тышкары, жалпы 600 миллион долларлык инвестиция Америка Кошмо Штаттарындагы фабрикага жумшалат".

2018–2023-жылдары Ташкент шаарынын акими кызматында иштеген Жахонгир Артыкхожаев медиада эң көп сындалган ишмерлердин бири.

Ал негиздеген Akfa жана Artel компаниялары курулуш жана тиричилик техникасы тармагында Өзбекстандагы монополиялык компаниялардан экени айтылат.

Жети жыл мурун Артыкхожаев ишке ашырган 1 миллиард долларлык Tashkent City долбоору акча адалдоого байланыштуу эл аралык териштирүүлөрдө да аталган.

Артыкхожаевдин АКШга инвестиция салуу планы социалдык тармактарда ар кандай пикирлерди жаратты.

“Америкалыктарга 300 доллар айлык берип көрүңүзчү..."

Facebook колдонуучусу Инам Абулкасымов: “Баары Америкадан инвестиция алып келсе, биздикилер аларга инвестиция салып жатабы? Респект! Демек, биз абдан өнүгүп кетиптирбиз”, - деп Gazeta.uz сайтынын макаласынын астына комментарий жазды.

Агзам Ибрагимов аттуу колдонуучу: “Ушул 600 миллиондук ири өндүрүш комплексин АКШнын Кентуккисинде эмес, өзүбүздүн Кашкадарыя же Сурхандарыяга курса болбойбу?” - деп пикир билдирди.

Ал эми Алишер Пирназаров мындай ой бөлүштү: “Америкалык жумушчуларга 300 доллар айлык берип көрүңүзчү... Же Өзбекстандан жумушчуларды алып кетесизби?”

50 жаштагы Артыкхожаев Өзбекстандын эң бай адамдарынын бири экени айтылат. Бирок анын байлыгы тууралуу эч жерде расмий маалымат жок.

Борбор калаанын акими болуп турганда өзүнө байланыштуу бир канча компаниялар тендерсиз эле мамлекет менен, анын ичинде өзү башкарган шаар акимиаты менен жүз миллиондогон долларлык келишимдерди түзгөнү тууралуу жергиликтүү медиада маалыматтар жарыяланган.

Лондондогу Central Asia Due Diligence борборунун директору Алишер Илхамовдун пикиринде, Артыкхожаевдин АКШга инвестиция салуу дымагы көптөгөн суроолорду жаратат.

“Акыркы жылдары Артыкхожаев өз бизнес империясын Өзбекстандын сыртына кеңейтүүдө. Казакстанда Akfa компаниясынын бөлүмү бар. Эми АКШга 600 миллион долларлык инвестиция салып, бизнесин океандын ары жагына да жайылтууга бел байлаптыр. Эмне үчүн өзбекстандык ишкер каражаттарын инвестицияга муктаж Өзбекстанга эмес, башка мамлекеттерге чыгарып жатат деген суроо туулат. Албетте, ишкер акчасын каалаган өлкөгө салууга укуктуу. Ошол эле учурда Артыкхожаевдин бул кадамы Өзбекстанда чет элдик гана эмес, анын деңгээлиндеги жергиликтүү ишкерлер үчүн да инвестициялык чөйрө жакшы эмес деген түшүнүктү бекемдейт. Ошол эле маалда Мирзиёевдин өкмөтү да АКШга 100 миллиард долларлык инвестиция саларын жарыялады. Өзбекстан кандайча башка өлкөлөргө инвестиция берген мамлекетке айланып жатат? Бул суроого азырынча жооп жок”, - дейт талдоочу Илхамов.

Жахангир Артыкхожаев 2023-жылдын кышындагы энергетикалык каатчылыкта кызматынан четтетилген. Президент Шавкат Мирзиёев аны борбордогу энергетикалык коллапс үчүн жоопкер деп, “элдин түйшүгүн түшүнүш үчүн төмөн түшүп иштеши керектигин" айтып сындаган.

Бирок кызматтан алынганы Артыкхожаевдин бизнес долбоорлоруна терс таасир эткен эмес.

Быйыл августта Мирзиёев Артыкхожаевди "Ак дилден сиңирген эмгеги үчүн" деген орден менен сыйлаган.

Өзбекстан жана АКШ президенттеринин Вашингтондогу жолугушуусу. 6-ноябрь, 2025-жыл.
Өзбекстан жана АКШ президенттеринин Вашингтондогу жолугушуусу. 6-ноябрь, 2025-жыл.

"АКШга келген ар бир доллар - инвестиция"

Артыкхожаев АКШда 600 миллион долларлык завод куруп баштаганы тууралуу кабар Өзбекстан президентинин өткөн жумада АКШга жасаган сапары жана президент Доналд Трамп менен жолугушуусунан кийин жарыяланды.

Ак үйдөгү С5+1 саммитинин алкагындагы сүйлөшүүдөн кийин президент Трамп Truth баракчасына Өзбекстан АКШга 100 миллиард доллардан ашык инвестиция саларын жазды.

АКШнын Мамлекеттик департаменти жана Соода министрлиги жарыялаган келишимдин мазмунуна ылайык, Вашингтон менен Ташкенттин ортосундагы көп миллиарддык келишим сейрек кездешүүчү кен байлыктарын биргелешип казып алуу, 22 “Боинг” учагын, айыл чарба техникасын жана чакан атом реакторлорун сатып алууну камтыйт.

Бирок өзбек тарап азырынча чакан атом реакторлору боюнча келишимди расмий түрдө тастыктаган жок.

АКШ президенти Өзбекстан жакынкы үч жыл ичинде 35 миллиард доллар, ал эми он жыл ичинде АКШнын айрым тармактарына 100 миллиард доллардан ашык инвестиция салууну пландап жатканын айткан.

Эки өлкө ортосундагы келишим учактар жана сейрек минералдарды казуу менен гана чектелбейт. АКШнын Мамлекеттик департаментинин маалыматына ылайык, келишимде айыл чарба техникасын импорттоо, чакан модулдук реакторлор, АКШнын соясын жана пахтасын сатып алуу боюнча милдеттенмелерди, ошондой эле мыйзамсыз миграцияга жана баңгизаттарга каршы күрөш сыяктуу кызматташуу бар.

Келишимге ылайык, Өзбекстан 2 миллиард долларга чейин АКШнын айыл чарба техникасын жана алдыдагы үч жыл ичинде 2 миллион тоннага чейин АКШ соясын, 100 миң тонна АКШ пахтасын импорттоо милдетин алган.

Мындан тышкары, алдыдагы үч жылда 5 миллиард долларлык автоунаа тетиктерин импорттоо, UzAuto Motors компаниясын сатуу жана менчиктештирүү боюнча кызматташтыкты кеңейтүү маселелери каралууда.

Өзбекстанда “GM Powertrain Uzbekistan” АКШ–Өзбекстан биргелешкен ишканасы бар. Компаниянын 52 пайыздык үлүшү АКШнын General Motors компаниясына, калганы “Узавтосаноат” компаниясына таандык. Ишкана автоунаа кыймылдаткычтарын чыгарууга адистешкен. Завод жылына 225 миң даана кыймылдаткыч чыгарат.

Ошондой эле Өзбекстанда метанол өндүрүү, жергиликтүү метанол-олефин заводу жана башка демилгелерди колдоо үчүн Air Products компаниясынан 3 миллиард долларга чейин инвестиция алуу да пландалган.

“Азыр Өзбекстан АКШдан учак жана айыл чарба техникасын сатып алууну көздөп жатат. АКШга келген ар бир доллар инвестиция катары каралат. Өз кезегинде Трамптын администрациясы биз чет мамлекеттер менен пайдалуу келишимдерди түзүп, Америкага инвестицияларды тартып жатабыз деп шайлоочулар алдында өз рейтингин бекемдеп жатат”, - дейт АКШда жашаган саясат таануучу Бахадыр Файз.

Расмий Ташкент 2026-жылдан тартып АКШ жарандары үчүн 30 күндүк визасыз режим жарыялады.

"Азаттыктын" өзбек кызматы өз булактарына таянып жазганына караганда, Өзбекстан укук коргоо жана коргонуу муктаждыктары үчүн АКШдан жабдууларды сатып алып, чек араларын жана аймагын бекемдөөнү да көздөп жатат.

Шерине

XS
SM
MD
LG