Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:14

Трамп Кошмо Штаттар ядролук сыноо өткөрүүгө даяр экенин билдирди


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

Кошмо Штаттарынын президенти Дональд Трамп АКШ ядролук сыноого даярдыгын билдирди. Ал журналисттердин суроолоруна жооп берип бул "жакын арада" болорун айтты, бирок мөөнөтүн, чоо-жайын тактаган жок.

Трамп башка өлкөлөргө салыштырмалуу өздөрүндө азыр ярдролук куралдын көптүгүн дагы бир жолу белгиледи жана төрт-беш жылдан кийин Орусия менен Кытай алардан ашып өтүшү мүмкүндүгүн айтты.

CNN телеканалы энергетика тармагындагы жогорку кызматтагы адамдар Ак үй менен Улуттук коопсуздук кеңешин өзөктүк сыноо өткөрбөөгө көндүргөнгө аракет кылып жатканын жазды.

Өткөн айдын аягында Трамп Кытайдын президенти Си Цзинпин менен жолугушуу алдында Пентагонго ядролук сыноолорду жандандыруу тапшырмасы берилгенин билдирген.

Ал Truth Social тармагына “АКШнын өзөктүк куралы башкалар менен салыштарганда алда канча көп. Биз буга менин биринчи президенттик мөөнөтүм учурунда курал-жаракты модернизациялоо жана жаңылоо аркылуу жетиштик. Анын кыйраткыч күчүн эске алуу менен АНДАЙГА БАРБАЙЫН ДЕГЕМ, бирок башка арга калган жок!”,-деп жазган.

Москва бул билдирүүлөргө дароо реакциясын билдирип, Кошмо Штаттар андайга барса Орусия жооп иретинде өзөктүк сыноолорду жандандырарын эскерткен.

Вашингтон 1996-жылы Ядролук сыноолорго тыюу салган келишимге кол койгону менен документти ратификациядан өткөргөн эмес. Москва аны ратификациялаган, бирок 2023-жылы жактыруусун артка кайтарып алган. Орусия өзөктүк сыноолорду 1990-жылдан, Кытай 1996-жылдан бери өткөрбөйт.


Сөз болгон документке 187 өлкө кол коюп, 178и ратификациялаган. Анын шартына ылайык, негизги 44 мамлекет жактырганда гана күчүнө кирет. Ушу тапта тогуз өлкөнүн ратификациясы жетпейт.

Ошол эле маалда 1990-жылдардын аягынан бери дүйнөдө он чакты ядролук жардыруу өткөрүлгөн. 1998-жылы Индия жана Пакистан экиден, Түндүк Корея 2006-2017-жылдар аралыгында алты сыноо жүргүзгөн.


Шерине

XS
SM
MD
LG