Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:43

ЕККУ Кыргызстанда сот "экстремисттик" деп тапкан медианын ишине көз салып турат


ЕККУнун медиа эркиндиги боюнча өкүлү Ян Брату Ташкент шаарында эл аралык конференциянын ачылышында, 13-ноябрь, 2025-жыл
ЕККУнун медиа эркиндиги боюнча өкүлү Ян Брату Ташкент шаарында эл аралык конференциянын ачылышында, 13-ноябрь, 2025-жыл

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) медиа эркиндиги боюнча өкүлү Ян Брату эл аралык уюм Кыргызстанда сот "экстремисттик ишмердик жүргүзгөн" деп тапкан "Клооп", "Темиров Лайв" жана "Айт Айт Десе" медиа-долбоорлорунун жана алардын негиздөөчүлөрүнүн ишине жакындан көз салып, расмий органдардан жооп күтүп жатканын айтты. Элчи Брату кыргыз бийлигинин мындай чечими эл аралык коомчулуктун тынчсыздануусун жаратарын "Азаттыктын" суроолоруна жооп бергенде баса белгиледи.

"Албетте, биз бул маселе боюнча Кыргызстандын бийлик органдары менен байланышып, кандай негизде ушундай чечим чыкканы тууралуу кененирээк маалымат сурадык. Бул соттун чечими экенин түшүнүп турам, бирок сот өз чечимин эмнеге таянып чыгарганын так билүү керек", - деди ЕККУнун өкүлү.

Элчи Брату белгилегендей, ЕККУ Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалына олуттуу көңүл бурат жана эл аралык деңгээлдеги талкууларга активдүү аралашып турат.

27-октябрда Бишкектин Октябрь райондук соту "Клооп", "Темиров Лайв" жана "Айт Айт Десе" медиа-долбоорлорунун маалыматтык материалдарын экстремисттик деп тапкан. Андан тышкары бул долбоорлорду негиздеген журналисттер Болот Темиров менен Ринат Тухватшиндин ишмердиги да экстремисттик деп жарыяланган. Сотко мындай өтүнүчтү Октябрь райондук прокуратурасы берген.

2024-жылдын сентябрында “Клооптун” сайты Жогорку соттун чечими менен бөгөттөлгөн.

Бир катар эл аралык уюмдар кыргыз бийлигин жогоруда аталган медиа каражаттарын жана журналисттердин ишмердигин экстремисттик деп таануу боюнча соттун чечимин жокко чыгарууга үндөгөн.

Президент Садыр Жапаров “Клооп Медиа” фондун жоюу боюнча Жогорку соттун чечимине комментарий берип, мыйзамдуу экенин айткан. Мамлекет башчы Кыргызстанда сөз эркиндиги буга чейин да болгонун жана мындан ары да боло берерин белгилеген.

Шерине

XS
SM
MD
LG