Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:15

Концлагердеги "мусулмандар" жана кыргыз коомуна чакырык


Аушвиц (Освенцим) концлагериндеги туткундар.
Аушвиц (Освенцим) концлагериндеги туткундар.

Австриялык психиатр, философ Виктор Франклдын китеби жакында "Жашоонун маңызын издеген адам" деген аталышта кыргыз тилинде жарык көрдү. Анда нацисттик лагерден аман калган туткундун баяны жазылган.

Франклдын китеби тууралуу Санжи Туйтунова өз ой толгоосу менен бөлүшөт.

  • Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбай турганын эскертебиз.

Кышкы таңдагы туткун кыялы

Кыштын бороондуу таңында концлагер туткуну өзүндөй азган-тозгон адамдар менен кар кечип жумушка баратты. Ал фашисттик концлагерде бүтүндөй үй-бүлөсүн айрылган. Атасы өпкөсүнөн кагынып, аркы дүйнөгө узаганда жанында турган эле. Апасы газ камерасында курман болду. Кош бойлуу аялы, бир тууганы дайынсыз жоголду. Мындай абалда кандай гана эрктүү адам болбосун мөгдөп калмак.

Бирок туткун учурдагы жагдайды эмес, жарык жана жылуу аудиторияны элестетти. Анда студенттер профессорду күтүп жаткан. Ошол маалда костюм-шымчан арыкчырай адам трибунага көтөрүлдү. Студенттер жапырт кол чаап жиберишти. Дуулдаган үндөр басаңдай түшкөндө, ал лекциясын окуй баштады.

119,104 номурлуу бул туткун дүйнөгө белгилүү психиатр, адамды сөз жана маанилүү ойлор менен дарылаган логотерапия илиминин негиздөөчүсү Виктор Франкл болчу.

Анын “Жашоонун маңызын издеген адам” эмгеги - азыр дүйнөдөгү эң көп сатылган китептердин бири. Жакында эле аны “Китепстан” басма үйү да кыргыз тилинде басып чыгарды.

Фрейдди сындаган жаш адис

Франкл 1905-жылы Венада туулган. Анын бала кезинде эски салт-санааларынан кетип, жаңы жол издеп аткан Европада Биринчи дүйнөлүк согуш тутанды. Ошол алааматтан жапа чеккен сансыз адамдардын тагдыры Ремарк, Хемингуэй баштаган атактуу жазуучулардын чыгармаларында баяндалып калды.

Ушундай оош-кыйыштуу доордо эс тарткан Франкл гимназияда окуп жүргөндө эле психоанализге кызыккан. Анткени ошол кезде Венада жаштардын аздегине айланган психолог Зигмунд Фрейд жашачу. Франкл анын эмгектерин окуп чыгып, кат жазууну чечет. Айтылуу психолог дымактуу жаш уландын катын жоопсуз калтырбайт. Ошентип, алар узакка чейин кат алышып турган. Бирок Франкл кийин Фрейддин теориясына каршы чыгып, четке кага баштайт. Айрыкча анын адамды биологиялык макулук деп санаганы жаш психиатрга жаккан эмес.

Зигмунд Фрейд. 1938-жыл.
Зигмунд Фрейд. 1938-жыл.

Ал Фрейдге айткан каяшасын адам органдардын эле жыйындысы эмес, андан жогору турат, адамдын жашоосунун маани-маңызы бар жана аны табуу керек деген жүйө менен негиздеген.

Фрейддин теориясынын калпыстыгын Франкл туткундан бошотулгандан кийин концлагердеги байкоосунун негизинде дагы бир жолу ырастаган.

Биринчи дүйнөлүк согуш өлкөлөрдүн экономикасына, адамдардын аң-сезимине так салып, кыргыздын тарыхына Үркүндү калтырып кетти.

Согуштун залдарынан арыла элек Австрияда болсо өткөн кылымдын 30-жылдарында депрессияга батып, өз жанын кыйгысы келгендер көбөйгөн. Муну көргөн жаш дарыгер Виктор Франкл өзү курактууларга психологиялык жактан жардам бере баштаган. Айрым жаштарга жөн гана ыктыярчы болуп коомдук иштерге аралашкыла деп кеңеш берген.

Франкл кийин бул тажрыйбасына таянып, адам баласы акча таппай калгандан эмес, өзүн коомго керексиз сезгенден чөгө баштаарын белгилеген. Кесиптик ишиндеги байкоолору логотерапия тууралуу алгачкы эмгегине негиз болуп берген.

Куугунтук жана концлагердеги жашоо

1937-жылга чейин Франкл Венадагы университеттин клиникасында иштеген. Австрия Гитлер башында турган коңшу Германия менен союздаш болгондон тарта Франклдын жашоосу терс жагына өзгөргөн. Ага еврейлердин Ротшильт клиникасынан башка бардык жерде иштөөгө тыюу салынган. Франклга өлкөдөн чыгып кетиши үчүн АКШ элчилиги көмөктөшүп, виза ачып берген. Мындай мүмкүнчүлүк бардык эле еврей адистерине берилген эмес.

Виктор Франклдын жаш чагы.
Виктор Франклдын жаш чагы.

Бирок ал ошол күндөн тарта эки анжы боло баштаган: Америкага кетип, логотерапия тууралуу эмгекти улантуу керекпи же Венада калып белгисиз тагдырга моюн сунуу керекпи? Ошондой күндөрдүн биринде жумуштан келип, үстөлдүн үстүнөн мармар таштын сыныгын көрүп калат. Аны атасы өрттөнүп кеткен синагоганын ордунан таап келген болот.

Франкл сыныктан иврит тилиндеги жазууну көрүп калат. Атасынан сураганда ал “Жердеги жашооңдун уланышын кааласаң, ата-энеңди сыйла” деген осуят экенин айтат. Франкл муну белги катары кабыл алат да, Венада калууну чечет. Көп өтпөй өзү менен чогуу иштеген медайымга үйлөнөт. Алар баш кошкондун эртеси нацисттер еврейлерге үйлөнүүгө расмий тыюу салган.

Көп узабай Экинчи дүйнөлүк согуш от алып, Франкл үй-бүлөсү менен кошо камалып, миңдеген еврейлердей эле концлагерге айдалат. Алдыда азап коштогон бүдөмүк жашоо күтүп турган.

Франклдын кийинки төрт жылы ажал очогу болгон Терезиенштад, Аушвиц-Биркенау, Кауферинг, Дахау концентрациялык лагерлеринде өтөт.

Согуштан кийин жазган эмгегинде ал мындай байкоосун бөлүшкөн: “Биринчи болуп согуш тез арада бүтөт деп ишенгендер сынды, алардан кийин согуштун качандыр бир кезде бүтөрүнө ишенбегендер сынды; мындан да бетер болорун күтпөгөндөр гана аман калды”.

Айрымдар чындап эле жашоодон үмүт үзүп, лагердин четиндеги ток жүгүртүлгөн зымга бой таштаган. Кээ бирөөлөр муунуп өлгөн. Лагердин эрежеси боюнча моюнга сыйыртмак салган адамды куткарууга тыюу салынган. Башкалары үмүттүн үзүлгөнүнөн ачкачылыкка, ооруга туруштук бере албай жашоо менен кош айтышкан. Франкл лагердеги көп өлүмдүн себебин дал ушул үмүтсүздүктөн көргөн.

Ички эркиндиктин күчү

Франкл Эркиндиктин маанисине өзүнчө токтолгон. Ал адамдан баарын тартып алууга болорун, бир гана Ички эркиндигине эч ким тийише албасын жазган. Ошол Ички эркиндигин жоготпогон адамдарды эч ким, эч бир система сындыра албасын, ички эркиндиги барлар чөгүп кетпей, кандай гана кырдаал болбосун Адам бойдон каларын жүйө келтирген.

Франкл айтылуу немис ойчулу Ницшенин "Эмне үчүн жашап атканын билген адам "Кантип?" деген ар бир суроого жооп издештен тажабайт" деген сөзүн кайталаганды жакшы көргөн.

Польшадагы Аушвиц (Освенцим) концентрациялык лагери туткундар үчүн чыныгы тозок болгон. Ал жерге камалгандардын көпчүлүгүн өлүм күтүп турган. Лагерь жетекчилиги адамдарды кулдай эзип иштетип, күч-кубаттан тайганда газ камераларына камап, андан ары мештерге отун катары жагып жиберишкен.

Аушвиц-Биркенау концентрациялык лагериндеги туткун аялдар.
Аушвиц-Биркенау концентрациялык лагериндеги туткун аялдар.

Франкл бул жерде туткундар өздөрүнө гана таандык чачына да ээ болбой калганын жазган. Болгон кийимин шыпырып алышкан, өмүр бою жазып келе жаткан логотерапия тууралуу эмгегинен ушул жерде кол жууган. Өзү жазгандай, анда эми Ички эркиндигинен башка эч нерсеси жок болчу.

Психиатр көп туткундун бириндей эле кир, муздак сарайда битке таланган, келте менен ооруган. Өмүр жана бир сындырым нан үчүн аёосуз, айыгышкан күрөштөргө күбө болгон.

Франклдын көз алдында бир жолу 12 жаштагы бала бут кийимин жоготуп алганы үчүн карда жылаңаяк кеч киргенче турган. Анын таманын үшүк чалып, карайып кеткен манжаларын кийин дарыгер аттиш менен жулуп салган. Туткундардын бирөө дагы арачы түшүп сууктан баланы калкалаган эмес. Антсе өзү да өмүр менен кош айтышарын билишкен.

Өлүмгө айдалчу туткундарды лагерде “мусулман” деп аташкан. Алардын тирүү калуу мүмкүнчүлүгү дээрлик болгон эмес. Былтыр “Эсимде” долбоору согушта туткунга түшүп, кайтпай калган кыргыз жоокерлери тууралуу материалдарды чыгарып жүрдү эле. Ушундан улам, балким, айрымдары Франкл менен кошо камалгандыр деген ой кетет.

Франкл алгачкы эмгеги өрттөнүп кеткенде эле мурдагы жашоосун биротоло чийип салганын жазган. Келте менен ооруп жаткандарга түндө көз салып отурганда күйүп кеткен кол жазмасынын эсинде калгандарын кагаз айрындыларына түшүргөн. Талаада иштеп жатканда аялын элестетип, аны менен кыялында сырдашкан. Ошол сүйлөшүүлөр ага дем-күч, кубат берген.

“Сүйүү сага жаккан адамдын сырт көрүнүшү менен чектелбейт. Анын жан дүйнөсү сенин ой-кыялыңды ээлегени гана маанилүү. Бары же жогу, тирүү же өлүү экени маанилүү деле болбой калат”, - деген ал.

Азап бүтпөйт...

Франкл бир канча ажалдан калган. Акыркы жолу согуш аяктап калганда нацисттер Швейцарияга алып барып, туткундарга алмашабыз деп алып кеткен топко кошулбай калган. Бул үчүн капаланып, акыркы мүнөттө машинеге түшүрбөй койгон концлагердин дарыгерине ачууланган. Бирок көп өтпөй баягы кеткендерди башка лагерге жеткиришип, тирүүлөй өрттөп салганын гезиттен окуган.

Ага чейин жанындагылардын газ камерасына камаларын айтканына көнбөй, башка лагерге которулууга макул болгон. Кийин ал кеткен лагерди ачкачылык каптап, туткундар өлгөн адамдардын этин жегенге чейин барганын аман калган таанышынан уккан.

"Алың жетпеген тышкы күчтөр кырдаалга жооп кайтарган эркиндигиңен башка баарынан кол жуудурушу мүмкүн. Ага кандай мамиле кылуу сенин гана ыктыярыңда".

Согуш аяктап, Венага кайтып келген Франкл үй-бүлөсүнөн эч ким тирүү калбаганын билген. Лагерде туткундар үйгө кайтса эле баары жакшы болчудай ойлошкон. Бирок аларды эркиндикте жаңы азаптар күтүп турган.

Булардын баарын жазган Франкл азап адамдын жашоосунун ажырагыс бөлүгү экенин белгилеген. “Биз азаптарыбызга маани берүүнү токтоткондо, ал азап болуудан калат” деген ал.

“Эгер жашоонун мааниси болсо, анда азаптын да мааниси болушу керек. Тагдыр менен өлүм сыяктуу азап-кайгы да - турмуштун ажырагыс бөлүгү. Азапсыз жана өлүмсүз адамдын жашоосу толук болушу мүмкүн эмес”. (Виктор Франкл)


Туткундардын айрымдары бошотулганда көргөн кордугу үчүн башка немистерден өч алууну самашкан. Франкл бул дооматка макул болгон эмес. Ал концлагерде жатканда ЭсЭс офицерлеринин арасында туткунга акыркы нанын берген боорукерлери да болгонун, аларга караганда өзүндөй эле туткундарга көз салган каполордун катарынан жеткен мыкаачылар да чыкканын жазган.

"Жакшылыкты унутпайм, жамандык үчүн өч албайм", - деген ал.

Франкл Вена университетинин неврология жана психиатрия боюнча профессору болгон. Лекциялары немис тилинде жазылган. Бир жолу ачуусу келген аял окумуштууну: “Эмнеге Гитлердин тилинде лекция окуйсуң?”, - деп жемелеген. Ошондо ал аялдан үйдө бычак колдоносузбу деп сураган, "ооба" деген жоопту уккандан кийин: “Бычак менен канча адамдын өмүрү кыйылган, сиз ошону билбейсизби?”, - деген. Аялдын тилге байланыштуу дооматы ошондон кийин токтогон.

Франкл "Адам ким?" деген суроо койгон. Анан: “Газ камераларын ойлоп тапкан да адам, ошол камераларга башын бийик көтөрүп, жаратканга сыйынып кирген да адам. Ким болоруңду өзүң гана чечесиң”, - деп өзү жооп берген.

Кыялдын орундалышы

Франкл концлагерден чыккандан кийин 1946-жылы немис тилинде “Концентрациялык лагердеги психиатрдын тажрыйбасы” деген китебин тогуз күн ичинде жазып бүтүрөт да анонимдүү жарыялоону чечет.

Азыраак нуска менен чыккан бул эмгек кокусунан америкалык белгилүү психолог Гордон Олпорттун колуна тийип, ал катуу таасирленет. Олпорт китепти англис тилине котортуп, АКШда басып чыгарууга көмөктөшүп, баш сөзүн өзү жазат.

Виктор Франкл.
Виктор Франкл.

Кийинчерээк Франклды Америкага, Гарвардга лекция окууга чакырат. Арыкчырай, жарашыктуу кийинген профессор трибунага чыга бергенде, залдын ичи дуу этип, студенттер тура калып кол чабышат. Кышында, Польшада тоңгон жерди чукулдук менен казып жаткан 119,104 номурлуу туткундун кыялы ушинтип чындыкка айланат.

Франклдын тогуз күн ичинде жазган китеби англис тилинде 1959-жылы “Жашоонун маңызын издеген адам” деген аталышта жарык көрүп, авторго дүйнөлүк атак алып келген. Андан бери 24 тилде чыгып, дүйнө боюнча 12 миллион нускадан ашык сатылган.

Кыргыз коому Франклды эмнеге окушу керек?

Адамзаттын келечегин гуманизм, боорукелик гана сактай аларын айткан гениалдуу окумуштуунун “Жашоонун маңызын издеген адам” эмгеги жакында эле кыргыз тилинде жарык көрдү.

Аны “Китепстан” басма үйүнүн жетекчиси Бакытбек Абдуллаев англис тилинде окуп чыгып, дароо котортууну чечкенин айтат. Илимий эмгекти Айсулуу Тынышева кыргызчалаган. Буюрса, китептин бет ачары 6-июнда өткөнү турат.

Тагдырдын буйругубу же белгисиби, айтор, бул китепти чыгаруу ишине мен да кокустан аралашып калдым. Андан кийин да Виктор Франклдын өмүр жолу тууралуу көп материалдар менен тааныштым. Бул мен үчүн жаңы ачылыш болду. Азыркы блогду жазуума ошол макала-баяндардан, даректүү тасмалардан алган таасирим, Франклдын эмгектерине шыктанганым себепчи болду. Блогдогу айрым мисалдарды автордун өзүнүн жана ал тууралуу жазылган эмгектерден, даректүү тасмалардан, баяндардан алдым.

Франклдын айрым кеңештерин өз жашоомо да колдонуп көрдүм: чындап эле жардам берди.

Окуп жатканда, бул китеп кыргыз коому үчүн өтө керектүү экенине ынандым. Биздин коомду да ыгы жок ээрчимелик, кожо көрсүн тажатма адаттар каптап кеткендей. Атаандаштык айынан башкалардай болуп жашашым керек деп миграцияга агылган мекендештердин агымы сууй элек. Социалдык медиада "бактылуу, акылдуу, кыйындар" толгон. Кайсы бир жетишкендигин мисал келтирип, башкаларды кемсинте сүйлөп, тээ түпкүрүдөгү өксүгүн толуктагысы келгендер андан көп.

Франкл убагында мына ушул көйгөйгө да кайрылган экен. Согуштан кийин байгерчилик доору келгенде депрессияга кабылган адамдар менен иштеген психологдор капиталисттик система бактылуу, ийгиликтүү адамдарды гана көргүсү келери, бул көптөрдү чүнчүтүп "бактысыз абалга эле эмес, бактысыз болуудан уялган абалга жетиргенин" байкашкан.

Франкл учурдагы доордун бул жиниктирген талаптарына каяша катары, ар бир адам уникалдуу экенин, бир адамдын баскан жолун экинчи адам кайталай албасын, бирок ал өзүнчө, сиз кайталай албаган чыйырды саларын айтып кеткен.

"Жашоодон рахат алуу - азап тартпай же оорубай жүрүү эмес, жашоонун маңызын көрө билүү. Эгер азапка туруштук берсе, адам жашоосунун маңызын өмүр бою сактап калат", - деген ал.

Сөзүмдү Франклдын: "Сергек бололу: Аушвицтен улам биз адам эмнеге жөндөмдүү экенин билебиз, Хиросимадан кийин биз эмне коркунучта экенин билебиз", - деген цитатасы менен жыйынтыктагым келет.

Азыр дүйнөдө кырдаал барган сайын курчуп, ар кайсы жерлерде согуш оту жанып жатканын көрүп турабыз. Өзүн башкалардан жогору сезген ашынган улутчулдуктун, диний фанатизмдин, караңгылыктын кесепети XX кылымдагыдай эле миллиондогон адамдарга тийүүдө.

Окумуштуулар айткандай, чек аралар өзгөрүп, аң-сезимдин, көз караштардын кагылышы жүрүп жаткан трансформация доорунда кыргызга окшогон аз улуттардын тагдыры кандай болот? Кантип алар өзүн, мамлекетин сактап калат?

Балким, бизге жашоо өзү өтө эле кыска экенин, ошол азганактай өмүрдү убактылуу, арзыбаган нерселерге жумшагандан көрө келечек үчүн кам көрүп, билимдүү, гумандуу муунду тарбиялоого аракет кылуу керектигин аңдоого убакыт жеткендир?

Виктор Франклдын кыргыз тилинде чыккан китеби.
Виктор Франклдын кыргыз тилинде чыккан китеби.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG