Келерки жылы Казакстан менен Өзбекстандын аймактарынын башчыларынын алгачкы жыйыны өтөт. Бул тууралуу эки өлкөнүн президенттери макулдашты.
Казак президенти Касым-Жомарт Токаев 14-ноябрда Ташкентке мамлекеттик сапар менен барды.
15-ноябрда өзбек президенти Шавкат Мирзиёевдин администрациясы билдиргендей, жолугушууда өзгөчө көңүл энергетика, транспорт, химиялык өнөр жай, айыл жана суу чарбасы тармактарындагы кызматташтыкты арттырууга бурулду.
Казак президентинин администрациясы эки лидер соода, өнөр жай кооперациясы, транспорт, логистика, энергетика, айыл чарбасы багыттарындагы алаканы кеңейтүү менен катар аймактык жана эл аралык коопсуздук боюнча актуалдуу маселелерди талкуулашканын маалымдады.
Мамлекет башчылары бир катар биргелешкен ишканалардын ачылышына видео байланыш аркылуу катышты.
16-ноябрда Ташкентте Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын жетинчи консультативдик жолугушуусу өтөт. Ага "ардактуу конок" катары Азербайжандын президенти Илхам Алиев катышат.
6-ноябрда Вашингтондо АКШ президенти Дональд Трамп С5+1 форматындагы саммит өткөргөн. Ага Казакстандын, Кыргызстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын жана Өзбекстандын президенттери катышкан. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров АКШ менен алаканы тереңдетүүгө ынтызар экенин белгилеп, гидроэнергетика, туризм, инвестиция, IT технология тармагында кызматташууну сунуш кылган.
Шерине