Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Ноябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:08

Элдин капчыгын каккан эт баасы: Азык-түлүк канчалык кымбаттады?


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстанда азык-түлүктүн баасын жөнгө салуу боюнча өкмөт кабыл алган чечимдер аткарылбай жатканын билдирди.

Ал мындан ары азык-түлүккө, анын ичинде эттин баасына Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы жана жергиликтүү бийлик – президенттин облустардагы өкүлү, мэр, акимдер жооп берип, көзөмөлгө алышы керектигин айтты. Болбосо чара көрүлөрүн эскертти. Өкмөт бааларды көзөмөлдөйм деп жаткан чакта акыркы жылдары азык-түлүккө болгон баалар канчалык өстү?

Кыргызстанда азык-түлүктүн баасы тынымсыз өсүп жатканы коомдогу эң көп талкууланган темалардын бирине айланды. Биз Бишкектеги Ош базарын аралап, аларман-сатармандардын пикирлерин сурадык.

“Бюджетке аябай эле оор болуп атат. Эттин баасы аябай кымбат. Эл үчүн оор бул. Телевизордон жаңылыктарды көрсөк Антимонополия эттин баасын жөнгө салып атат дейт. Бирок, жөнгө салганы менен баягыдай эле кымбат. Баа өсүп атат, айлык-пенсия көтөрүлгөн жок. Элдин капчыгына оор эле болуп атат”, - деди биз маектешкендердин бири.

“Эми, мурдагыдан, албетте, кымбат. Бирок, жашаганга болот, эмне үчүн болбосун. Бардык эле жерде ушундай дүйнөлүк кризис болуп аткандан кийин биз да туура кабыл алып, ошого тууралап жашаганга үйрөнүшүбүз керек. Бизде кыргызда кандай? Уулуң жардам берет, кызың жардам берет. Мен өзүмө эмне керектүү болсо, ошону алып барам. Бөлөк тамак-ашты, уул-кызым чет өлкөдө иштейт, алар салат. Бизди ушул миграция көп багып атат, жардам берип”, - деген оюн базарга келген дагы бир сатып алуучу айтты.

Бул тапта өкмөт бааларды көзөмөлдөп жатканын, маселен, эттин баасын 700 сомдон ашырбай кармап турганын билдирүүдө.

Ал эми базардагы көзүбүз көргөн баалар өкмөттүн көзөмөлү иштебей жатканын көрсөтөт. Эттин баасы 730 сомдон тарта 950 сомго чейин жетет. Сатуучулар дүң баа өсүп жаткандыктан базардагы чекене баа ошого жараша кымбат болуп жатканын айтууда:

- Карчыга, мобул сөөктүү эт 750дөн. Булар болсо 730дан, булары 720дан. Сулп эт 915 сом болуп атат, сөөгү жок такыр. Чекене баасы.

- Өкмөттөн айтып атабы бааны мынчадан кармагыла деп?”.

- Өкмөттөн айткан. Бирок, аны кармаган менен бизде иштеш пайдасыз болуп калат да. Иштебей эле коюш керек болуп калат. Ал жактан кымбат келип атат да. Тушаны 700 сомго такап берип атат. Дүң баада. Биз буканын этин сатабыз, уйдуку арзан болот. Бирок ал этсиз болот, анан витринада көрктүү болуп чыкпайт. Бордоп багылган буканын эти семиз болот. Негизи семиз мал кымбат эле болуп атат”.

- Мына, 650дөн кол эти, 680ден сан эти бар. Моюн эти менен төш этин 500дөн беребиз. Азыр кой эти арзан, мына кабыргалар бар 650дөн.

- Сиздерге бааны ушундай кармагыла деген көрсөтмө болуп атабы?

- Жок, биз өзүбүз дыйкандан арзаныраак алсак, арзан сатабыз да. Алардан кымбат алганда, айла жок, кымбат сатканга туура келет.

Эттин баасы жыл башынан бери 15-22% кымбаттады

Улуттук статистика комитетинин азык-түлүктүн бааларына жүргүзүп турган күндөлүк мониторингине карасак, жыл башынан бери уй эти 15%, койдуку 18% жана жылкынын эти 22% кымбаттаган. Ал эми эттин бул үч түрүнүн баасынын соңку беш жылдык мезгилдеги өсүүсү 70-90% чейин жетет.

Кыргыз өкмөтү быйыл августта уй жана кой этинин баасын 90 күнгө чейин убактылуу жөнгө салуу боюнча токтомун чыгарган. Жакында ал жөнгө салууну жылдын соңуна чейин узартышты.

Өкмөттүн токтомун ишке ашырууга жооптуу болгон Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги баалар боюнча жыйындарды өткөрүп жаткандыктан аткарылган иштер жана кездешип жаткан көйгөйлөр боюнча маалымат бере алган жок.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы Уран Чекирбаев дүйнөлүк инфляция, башка товарлардын баасынын кымбаттап жатышы жана экономиканын өр тартып, калктын кирешесинин көбөйүшү эттин баасынын өсүшүнө түрткү берип жатканын айтат:

“Эгер байкасаңар, башка товардык позициялар менен кызматтар да көбөйүп (кымбаттап) атат. Мындан сырткары, ошол айыл чарбада колдонулган сырье-материалдарды эске алышыбыз керек – ошол эле чөптүн баасы, ошол эле бензиндин баасы. Башкалардын баасын да биз этияттуулук менен карап, анан саясатты жүргүзүшүбүз керек. Андан сырткары, биздин экономикабыз да азыр өсүп атат – 10%, андан да жогору болуп. Демек, элдин тапкан кирешеси жогорулап атат. Маяна көбөйгөн соң суроо-талап өсүп, этти сатып алып атышат, туурабы? Демек, ушунун баары түрткү берип атат да. Эгер суроо-талап, маяна көбөйүп атса, алар этти көбүрөөк сатып алабыз десе биз кантип жөнгө салабыз? Биз бөгөт коё албайбыз, рынокто акча аябай көп да”.

"Мамлекеттик органдар бааларды көзөмөлдөбөй коюшкан"

Кыргызстанда бир эле эт эмес азык-түлүктүн баарына баалар өсүүдө. Расмий статистикага кайра кайрылсак, соңку беш жылда сүттүн баасы 76%, жумуртканыкы 29%, өсүмдүк майы 41%, кумшекер 51% жана ун 39%га кымбаттаган.

Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жергиликтүү медиалардын бирине курган маегинде өлкө боюнча эл арасын кыдырып чыкканын, бардык жерде эт жана азык-түлүк кымбаттап жатышы орчундуу көйгөй болуп жатканын айтты. Ал өкмөт атайын токтом чыгарып, анда бааны көзөмөлдөө боюнча так чаралар жазылганын белгиледи:

“Бирок ал нерселер эч жерде сакталбай атыптыр. Мен аны көрүп, элден да угуп келдим, базарларга да чыгып көрдүм. Кээ бир жерлерде эттин баасы 800-900 сомго чейин чыгып кетиптир. Кээ бир жерде 700-750 сомго чейин бар экен. Ал эми өкмөттүн токтомунда 680-700 сомдон ашырбасын деген. Эмне үчүн мындай болуп атат деп, аны да изилдеп көрсөм, этти дүңүнөн тапшыргандар 450-500 сомдон эле алып келип тапшырат экен. Ал эми ошону саткан чайкоочулар аларды керек болсо эки эсеге чейин көбөйтүп жиберип атат экен. Ошондуктан, биз ушул нерселерди, бааларды көзөмөлдөшүбүз керек. 450-500 сомдон алып келип сатса 550 сомдон сатса болот, бир килограмм этке 50 сом, ашып кетсе 100 сом кошуп, ошондо 600 сомдон сатса болот. Ал эми бизде 700-800-900 сомдон болуп кетип атыптыр”.

Ташиев бааларды жөнгө сала турган Антимонополия агенттиги менен жергиликтүү бийлик органдары зарыл чараларды көрбөй, кайдыгер мамиле кылып жатышканын белгиледи. Ал баалар боюнча шалаакылыкка жол берген аткаминерлерге катуу чара көрүлөрүн эскертти.

Мал жандык Өзбекстанга көп сатылып кетти

Кыргызстан жыл сайын коңшу Өзбекстанга жүз миңдеген кой-эчки менен бодо мал экспорттоп келет. Маселен, 2024-жылы Өзбекстанга 233 миңден ашуун кой-эчки, 130 миңдей бодо мал, миңдей жылкы жана 10 миңден ашуун башка жандык сатылган. Бул беш жыл мурунку же 2019-жылдагы көрсөткүчкө караганда 227 эсеге чейин көбөйгөн дегенди билдирет. Маселен, бодо малдын Өзбекстанга экспорту 227 эсе, кой-эчки 50, жылкы 12 эсе жана башка жандыктар 5 эсе өскөн.

Коңшуларга мал сатуу 2023-жылдан тартып өтө күчөгөн. Бирок киргизилген чектөөлөрдөн улам 2025-жылдын ортосунан бери мал жандыктын расмий экспорту кескин азайды. Ал эми аткезчилик жол менен кетип жатканы тууралуу маалыматтар кез-кези менен чыгып турат.

Быйыл июлда өлкө ичинде эттин баасын турукташтыруу үчүн мал экспортуна чектөөлөр киргизилип, Өзбекстанга белгилүү бир квота берилген. Бирок сентябрда ал квотаны "өз кызыкчылыктарына пайдаланып, коррупциялык схема уюштурган" деген шек менен айыл чарба министринин орун басары баш болгон аткаминерлердин тобу кармалышкан. УКМК таркаткан маалыматка ылайык, уюшкан топ экспорттолгон ар бир бодо мал үчүн 300 доллардан жана майда жандык үчүн 5000 сомдон пара алып турушкан. Мындай коррупциялык схема менен Жалал-Абад облусунун аймагы аркылуу 40 миңден ашуун мал жандык чыгып кеткени жана ал көрүнүш Кыргызстандагы эттин баасынын өсүшүнө алып келгени кабарланган.

Базардагы ишкерлер эттин баасынын көтөрүлүп кетишин мал жандыктын Өзбекстанга расмий да, бейрасмий да көп чыгып кеткендиги менен түшүндүрүшөт. Экономиканы талдаган эксперттер азык-түлүктүн жана чийки заттардын көпчүлүгү сырттан ташылгандыктан баалар дагы өсүшү мүмкүн экенин, буга күйүүчү майдын кымбатташы дагы кошул-ташыл болуп жатканын айтууда.

Шерине

XS
SM
MD
LG