Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Ноябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:45

"Бөрк ал десе баш алган” мэрлер. Түнкү рейд, Жапаровдун эскертүүсү


иллюстрация
иллюстрация

мазмуну

  • Ош жана Бишкек шаарларында түнкү рейддер жүрүп, кафе-ресторандарга чектөө киргизиле тургандыгы жарыяланган.
  • Президент Садыр Жапаров мэрлерди аша чапкандыгы үчүн сындап, мыйзамды туура колдонууга чакырды.
  • Энергетика министрлиги электр кубатын үнөмдөө аргасыз чара экенин белгилеп, коомчулуктун нааразылыгын туудурду.

Кыргызстанда электр энергиясын үнөмдөө аракети бир катар чектөө жана көзөмөл менен коштолууда. Жакында эле мамлекеттик мекеме, мектептерде кечинде жарык өчүрүлө баштаса, кийин кафе, ресторандардын иши кечки саат ондон кийин токтошу керек деген талап коюла баштады.

Алтургай ири шаарларда түнкү рейддер жүрүп, Ош шаарын мэри өзү элди сыртка айдап чыкканга чейин барды. Абалга президент да аралашып, Бишкек менен Ош шаарларынын мэрлерин аша чапканы үчүн сындады.

Эки шаардагы түнкү рейд

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев 13-ноябрдын кечинде рейд уюштуруп, саат түнкү 10дон кийин жарыгын өчүрбөй иштеп жаткан кафе-ресторандарды бир айга жабуу тапшырмасын берди.

“Рейдде аныкталган кафе-ресторандардын баарын жаппасак болбойт. Эртең “мына, айтып кетти эле, кайра эле иштеп жатат” деген сөз болот. Бир айга жаап, тарбиялап коёбуз”, - деди ал.

Ал эми Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев "Тынчтык жөнүндө" мыйзамынын аткарылышына көзөмөлдү күчөтүү максатында 13-ноябрда буйрук чыгарганын шаар башкармалыгынын мэриясы билдирди. Мекеме тараткан маалыматта:

"Аталган буйруктун негизинде Бишкек шаарындагы коомдук тамактануу жайларынын, маданий-көңүл ачуу мекемелеринин (кафе, ресторан, бар, клуб, банкет залдары жана башка объектилер) жетекчилери бардык салтанаттуу, маданий-көңүл ачуу иш-чараларын токтотууну, ошондой эле бул жайлардын ишин саат 22:00дөн кечиктирбестен аяктоону камсыздоого тийиш. Саат 22:00дөн кийин электр энергиясын керектеген бардык жабдуулар, өзгөчө көп энергия сарптаган шаймандар (электр мештери, жылытуучулар, тандырлар ж.б.) толук өчүрүлүүгө тийиш", - деп жазылды.

Ал эми 14-ноябрда Жунушалиев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып чектөө ири тойканаларга гана иштей турганын, ал эми чакан кафелер электр энергиясын көп керектөөчү жабдууларын өчүрүп, музыканы убагында токтотуп иштей берсе болорун билдирди.

Бишкек менен Оштун мэрлеринин бул аракетинин алдында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев коомдук тамактануу, оюн-зоок жайлары кечки саат 10дон кийин да иштеп жаткан болсо, алардын электр жарыгы өчүрүлүшү керек экенин айтып чыккан эле.

13-ноябрда "Регион" телеканалына курган маегинде ал жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө кайрылып:

Камчыбек Ташиев
Камчыбек Ташиев

"Кечки саат ондон кийин тойлордун, оюн-зооктун, түнкү клубдардын баары ишин токтотушу керек деген, элге эртең мененки саат жетиге чейин тынчтык бериши зарыл деген "тынчтык мыйзамы" тууралуу өкмөттүн токтому кабыл алынган. Бирок ал дагы аткарылбай жатыптыр. Анын аткарылышын ким карашы керек эле? Муну шаар мэрлери, район акимдери, облус губернаторлору, жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү карап, аткартышы керек эле. Бирок алар ага көңүл бурбай жатышат. Силер жазуу жүзүндө токтомду аткарбайт экенсиңер, мен өзүмдүн сөзүм менен силерге тапшырма берип кетейин. Урматтуу жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери! Саат 10дон кийин бардык тойлор, оюн-зоок, түнкү клуб, кафе-ресторандар ишин токтотушу керек. Эгерде кимдир бирөө ушул тартипке баш ийбесе, анда светин өчүрүп койгула", - деген.

Бишкекте жана Ошто шаар жетекчилеринин саат 10дон кийинки чектөө тууралуу билдирүүлөрү социалдык колдонуучулар арасында нааразылык жарата баштады. "Тынчтык жөнүндө" мыйзамда коомдук тамактануу жайларынын жарыгын өчүрүп салуу деген норма жок экенин белгилеп жаткандар болду.

Мындан улам президент Садыр Жапаров үн катып, эки шаардын башчылары "бөрк ал десе баш алып” жатканын айтып чыкты.

Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

“Элдин тынчтыгын бузуп, спирт ичимдиктерин ичип алып, ызы-чуу салгандар чогулган түнкү клубдарды, ошондой эле түн бир оокумга чейин созулуп, 200дөн 800гө чейин киши чогулган тойканаларды иреттеп, мыйзамдын чегинде көзөмөлдөөнү тапшырганбыз. Ал эми силер болсо тамактануучу кафелерди, KFC сыяктуу тез татым жайларын да жаап, тынч отурган элди кубалап чыгарууга чейин барыпсыңар. Рейд маалында бизнес ээлерине орой мамиле жасап, жарыгын өчүрүп, суусун токтотууга тапшырма берипсиңер! Мындай кылбагыла, токтоткула андай аша чапканды!”, - деди мамлекет башчы.

Жапаров биринчи кезекте электр жарыгын үнөмдүү пайдаланбай, “мамлекет төлөйт да” деген кайдыгер жетекчилерди, түнү бою жарыгын күйгүзүп таштап кеткен мамлекеттик ишканалардын имараттарын көзөмөлгө алууга чакырды.

"Караңгыда окуучулар кыйналууда"

Бишкектин четиндеги Ак-Ордо конушу. Кечки саат жети. Бул убакта көчөдө жарык күйүп калчу. Бирок азыр электрди үнөмдөгүлө деген талаптан улам көчө караңгы.

Мектептен чыккан окуучулар автобус күтүп, жөө кеткендери караңгыда коркпош үчүн чогулуп баратышат. Үйү алыстар ата-энесин күтүп турганга аргасыз.

Конуштун тургуну, кичине баласы менен көчөдө кетип бараткан Бактыгүл Раимжан кызы кабарчыбызгачырактар саат сегизде күйөрүн айтты:

"Ооба, бир саат кечирээк азыр", - деди ал.

Конуштун тургундары электрге кирген чектөөдөн улам көчөдө гана эмес, үйдө да жарык өчүп калып, жүдөтүп жатканын айтууда:

"Үйдүкү тез-тез өчүп жатат. Бир "Тефалга" эле өчүүдө. Өчүп калганда күйгүзүп турсун деп эсептегичтин жанына бирөөнү коюп койсокпу деп да жатабыз. Газ колдончубуз буга чейин. Газ кымбат чыгып жаткандыктан көмүр арзан болобу деп алсам, ал да 8,5 миң экен", - деди өзүн Курманбек деп тааныштырган жергиликтүү тургун.

Чүйдүн Сокулук районунда, Бишкектен бир саат аралыктагы Кожомкул айылында 22 миң киши жашайт. Жергиликтүү кеңештин депутаты Акмарал Абдыкалыкова бийликтен балдар мектептен үйгө жетип алгыча көчөдөгү жарыкты өчүрбөй турууну суранууда:

"Үч мектеп бар, ар биринде 2 миңден ашык окуучу окуйт. Үчүнчү нөөмөттүн эң акыркы сабагы саат 18:30да бүтөт экен, андан чыккандан кийин балдар үйүнө жете албай кыйналып жатат. Арасында майда класста окуган кичине балдар бар. Азыр бүт эле көчөлөрдө өчүрдү. Жада калса мектептин жанындагы жарыгы баары өчүрүлдү. Окуучулардын коопсуздугун ойлоп мен зээним кейип турат. Өчкөнүнө бир ай болду. Мурун күн кичине узунураак болчу, билинген эмес".

Энергетика министрлиги жарыкты үнөмдөө аргасыздык экенин, 1-апрелге чейин Токтогул суу сактагычында 7 миллиард куб метр суу калбаса генераторлор токтоп каларын эскертүүдө. Мындан улам эртең менен жана кечинде керектөө күчөп турган маалда электр кубатын керектөо чеги эл үчүн 5 киловатт/сааттан 3 киловатт/саатка түшүрүлгөн.

Ошол эле учурда энергетика министри Таалайбек Ибраев энергетика тармагында кризис жок экенин, тынчсызданууга да негиз жоктугун айтууда.

24.kg маалымат агенттигине курган маегинде ал "Бирок адамдар жарык улам өчүп, чектөө болуп жатканын көрүүдө. Бул кризистин белгиси эмеспи?" деген суроого:

Таалайбек Ибраев
Таалайбек Ибраев

"Эгер электр энергиясы такыр жок болсо, демек, ал кризис. Ал эми бизде бар да. Эл тынчсызданбай эле койсо болот. Биз мындан да оор абалды, суу мындан да төмөн учурларды көргөнбүз. Болгону, үнөмдөп колдонууга чакырып жатабыз. Бизде баарын жапырт өчүрүү жок, чектөө гана бар. Маалымат каражаттары аркылуу, мисалы, "алтыдан тогузга чейин жарык болбойт" деп айткан жокпуз, чектеп колдонгула деп гана жатабыз. Бул жабдыктарга күч келип күйүп кетпесин деген аракет", - деп жооп берген.

Буга чейин бардык мамлекеттик мекемелерде кечки саат алтыдан таңкы алтыга чейин жарык өчүрүлөрү маалымдалган. Медицина жана коопсуздук мекемелерине бул чечимдин тиешеси жок экени айтылган.

Энергетика тармагы боюнча эксперт Нурзат Абдырасулова электрди үнөмдөө чаралары кризиске чейин иштелип чыгышы керек болгонун, бүгүнкүдөй чукул чаралар натыйжа бере албастыгын белгиледи:

Нурзат Абдырасулова
Нурзат Абдырасулова

"Азыр өчүрөбүз деген, бул күчкө салган, айла жоктун иши. Энергетика министрлиги жаңы ГЭСтерди, энергия кубаттулугун көбөйтүүнү гана ойлоно бербестен энергияны колдонуучулар эмне кылышы керектиги тууралуу иш-чараларды жүргүзүүсү зарыл. Энергияны туура, натыйжалуу колдонуу мүмкүнчүлүктөрү кыйла үнөмдөө берет".

Коомдук жайлардагы соңку чектөөлөр ушул тапта соцтармактарда катуу талкууланып жатат. Нааразылыгын билдирип, видео жаздырган жергиликтүү блогер УКМКга чакырылганын жазды. Атайын кызмат бул тууралуу маалымат берген жок.

Шерине

XS
SM
MD
LG