Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Бишкектеги Султан Мамбеткалиев атындагы Чүй университетинин айланасындагы окуялар тууралуу комментарий берди. Анда кылмыштуу кирешени адалдаштыруу беренеси менен кылмыш иши козголгонун, тергөөдө аталган окуу жайдын жери жеке жактарга сатылып кеткени аныкталганы белгиленген. Учурда бул тилкени мамлекеттин карамагына кайтарып алуу аракеттери жүрүп жатканы жазылган.
" 1994-жылы окуу жайы үчүн маркум Султан Мамбеткалиевдин атындагы коллежге, азыркы Чүй университетине, Бишкектеги Сүйүмбаев-Осмонкул көчөлөрүнүн кесилишинен 1,10 гектар жер берилген. Мамбеткалиев каза болгондон кийин аталган университетти анын кызы Чолпон Мамбеткалиева жетектеген. Бирок 30 жылдан ашык убакыттан бери ректорат 1,10 гектар жерди тилкелерге бөлүп, үчүнчү жактарга сатып келген. Сатылып кеткен эки жер тилкесине көп батирлүү үйлөр курулган, ал эми калган жер тилкеси фаст-фуд жайларына ижарага берилген. Университеттин аймагынын бир бөлүгү жеке менчикке өтүп, ал жерде ректордун үй-бүлөсү, кызы Чолпон Мамбеткалиева жашаган эки кабаттуу кымбат баалуу турак жай курулган. Мамлекеттик мүлктү жеке кызыкчылыгы үчүн пайдаланууга көзөмөлдөөчү органдардын колдоосу, жеке мамилеси себеп болгон, Мамбеткалиевдердин үй-бүлөсү билим берүү мекемесин жеке мыйзамсыз баюунун булагына айландырган. Учурдагы тергөө мүлктү мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын аныктоо жана аны кайра мамлекеттин менчигине кайтарып алуу максатын көздөйт",-деп жазылган маалыматта.
УКМК ошондой эле бул окуу жайда азыр 800дөй студент окуйт дегени менен иш жүзүндө алардын саны аз экенин кошумчалады. Учурда тиешелүү министрлик Чүй университетинин студенттерин башка коллеждерге жана окуу жайларга бөлүштүрүү жаатында иш алып барып жатканын маалымдады.
Атайын кызмат Чолпон Мамбеткалиеванын социалдык тармактардагы окуу жайдын айланасындагы окуялар тууралуу билдирүүлөрүн сынга алды.
Мунун алдында Чолпон Мамбеткалиева Фейсбук баракчасы аркылуу атасынын атындагы окуу жайдын жерин, ал жактагы үйүн, мүлкүн тартып алуу аракети болуп жатканын айтып өлкө башчыларына кайрылган. Анда өзү акниет ишкер экенин, жерге байланыштуу бардык мыйзамдуу документтери колунда турганын, бирок ага карабай өзүнө жана жакындарына коркутуу болуп жатканын айтып чыккан.
Шерине