Президент Садыр Жапаров келерки жылдын апрель айынан тартып Кыргызстанда мугалимдердин орточо айлыгы 26 миң сомдон 40 миң сом болуп көтөрүлөрүн билдирди. Бул тууралуу ал 15-ноябрда Бишкектин четиндеги Ала-Арча резиденциясынын аймагындагы бир катар социалдык объекттерди ачып жатып билдирди.
“Шаар жергесинде орто билим берүү мектебинде орто билими бар, жаңы келген, тажрыйбасы жок мугалим көтөрүлгөндөн кийин 22 миң сомдун тегерегинде алат. Ал эми айыл жергесинде орто билим берүү мекемесинде эмгектенген, билим даражасы “бакалавр” кыргыз тил мугалиминин эмгек акысы учурда 23 151 сом болсо, көбөйгөндөн кийин 27 360 сомду түзөт. Алыскы тоолуу жерлерде орто билим берүү мектебинде эмгектенген жогорку билимдүү математика мугалими учурда эмгек акысы 65 809 сом болсо, көбөйгөндөн кийин 80 860 сомду түзөт”, -деген Жапаров.
Буга чейин айрым мугалимдер айлык акы көбөйдү дегени менен аз маяна алып жатканына даттанып келишкен.
Президенттин басма сөз кызматынын билдиришинче, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясынын аймагындагы 10,5 гектар жерге билим берүү, тарбиялоо жана ден соолукту чыңдоо боюнча заманбап комплекс курулду. Ага ылайык, 570 окуучуга ылайыкташкан эки кабаттуу мектеп, 140 орундуу бала бакча жана 40 миң кишиге чейин тейлей алган медициналык борбор ачылды. Ошондой эле бул жерге спорт аянтча дагы салынат.
Буга чейин Чоң-Арык айылында жашагандар аймакта мектеп жана бала бакча жоктугуна байланыштуу маселе көтөрүп, бийликке кайрылып келишкен.
Шерине