Бишкек шаардык мэриясы 5-кичи районундагы суу түтүгүндөгү ири авария жөнгө салынып, этап-этап менен суу бериле баштаганын билдирди.
Анда “Бишкексууканал” ишканасынын кызматкерлери кырсык болгондон кийин түнү-күнү иштеп, мүмкүн болушунча кыска убакыттын ичинде аварияны жөнгө салууга аракет кылганын кабарлады. Ошондой эле мэр бул аварияга себепкер жеке компанияга байланыштуу материалдарды укук коргоо органдарына өткөрүп бергенин маалымдады.
"Авария 13-ноябрга караган түнү орун алган жана ага жеке компания себеп болгон. Анын негизинде 3, 4, 5, 6, 7, 8 жанаТүштүк-7 кичи райондору, Абай, Малдыбаев көчөлөрүндөгү үйлөр, Онкология борбору, Психиатрия жана наркология республикалык борбору суусуз калган. 10-кичи районунда суунун басымы төмөндөгөн. Бул окуяга күнөөлүү компания авариянын чыгымдарынын баарын төлөйт. Андан сырткары Бишкек шаарынын мэри ал компанияга тууралуу материалдарды юридикалык баа бериши үчүн укук коргоо органдарына өткөрүп берди",-деп жазылган маалыматта.
Бишкек мэриясы аварияга себепкер деген компаниянын атын атаган жок. Буга чейин деле шаарда негизинен курулуш, оңдоп-түздөө иштеринен улам байланыш зымдары үзүлгөн, суу, газ түтүктөрү жарылган, анын айынан байланыш, электр жарыгы жок калган учурлар катталып келген.
Шерине