Өлкө бийлиги жана Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) мурдагы шайлоолорду эске алуу менен бул ирет жарандарды добуш берүүгө көбүрөөк тартууга кызыкдар. Бирок адистер жергиликтүү кеңештердин ролунун төмөндөгөнү бул өнөктүктүн өзүн да суз кылып, добуш берүүчүлөр үчүн да маңызын кетиргенин белгилешет.
Партиялар өзүнө, бийлик шайлоого үгүт кылды
“Социал-демократтар” партиясы менен “Адилет” партиясынын айланасындагы окуяларды эске албаганда үгүт өнөктүгү башталгандан бери мелүүн жүрүп келди. Классикалык кийинген талапкерлердин сүрөттөрү көчөдө да, социалдык тармактарда да жайнап, түрдүү убадалар жаңырганы болбосо, шайлоо шаңы парламенттик же президенттик жарыштарга жеткен жок.
Мына ушундан улам "шайлоого катышуу өтө төмөн болушу мүмкүн” деген кабатырлануу жаралды. Бул президент Садыр Жапаров баштаган аткаминерлердин жана БШКнын аракеттеринен ачык көрүндү. Партиялар же талапкерлер өзүн шайлоого үгүт жүргүзсө, бийлик менен шайлоо комиссиялары элди добуш берүүгө үндөдү.
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев “Азаттыктын” “Эксперттер талдайт” программасында буларга токтолду:
“Азыр негизги басым шайлоочулардын келип берүүсүндө болуп турат. Мыйзам боюнча маселе жок, канча шайлоочу келсе да шайлоо өттү деп эсептелет. Бирок шайлоочулар канчалык көп келсе тандоо сапаттуу болот. Анан добуштарды сатып алуу аракеттери да оорлойт. Эгер шайлоочулар аз келсе, ошол аз адамдарды "сатып алышса" эле партиялар өтүп кетиши мүмкүн”.
БШК мүмкүн болушунча маалымат каражаттарын жана аянтчаларды колдонуп, элге таанылган да, ысымы анчейин белгисиз болгон да кишилердин оозу менен үгүт жүргүздү.
Мекеме даярдаган видео жана аудио роликтерди медиа каражаттарынан сырткары облустук жана райондук акимиаттар, мэриялар жана айыл өкмөттө өздөрү таратып отурушту.
Президент Садыр Жапаров 13-ноябрда да Фейсбуктагы баракчасына жарыялаган кайрылуусунда жергиликтүү кеңештерди шайлоонун маанисине токтолуп, шайлоочуларды добуш берүүгө чакырды. Кийин президенттин администрациясы да бул кайрылууну кайталап таратты.
15-ноябрда Жапаров Ош облусундагы жаңы түзүлгөн Жаңы-Барак айылынын тургундары менен жолугушууда жергиликтүү кеңештерди шайлоого жарандарды активдүү катышууга үндөдү:
“Мынакей, бир топ өзгөрүүлөрдүн алып келген административдик-аймактык реформадан кийин жергиликтүү кеңештерге шайлоонун алдында турабыз. Бул дагы мамлекетибиздин алдыга жылышы үчүн маанилүү бир саясий иш-чара десек болот. Жалпы мекендештеримди айтарым, шайлоого жигердүү катышыңыздар. Шайлоо күнү убактыңыздарды бөлүп, добушканаларга барып, жарандык милдетиңиздерди аткарыңыздар. Бардык тармактарда өзгөрүү болуп жаткандай эле шайлоо катышуу маданиятын дагы калыптандыралы".
Шайлоочуларда кызыгуу аз...
Ырас, шайлоого келип, добуш берген жарандар соңку жылдары кескин азайып баратат. Айталы, 2017-жылкы президенттик жарышта шайлоочулардын 56% келсе, 2021-жылкы президенттик шайлоодо бул көрсөткүч 39,75% болгон. 2020-жылы Жогорку Кеңешти шайлоодо 56,2% болуп, 2021-жылкы кайра шайлоодо 34,93% түшкөң.
Ортодо бир нече айыл өкмөттөрдөгү кеңештерди кайра шайлоодо болсо катышуу көрсөткүчтөрү мындан да төмөн болчу. Ошол эле маалда өлкөдөгү жалпы шайлоочулардын саны көбөйгөн. Добуш берүүгө укуктуу жарандар 3-3,5 миллиондон 4,1 миллионго чейин жетти. Шайлоочулар көбөйгөнү менен добуш берүүгө катышкандар эмнеге аз?
Мамлекеттик башкаруу жана өзүн-өзү башкаруу тармагы боюнча эксперт Мелис Төлөгөнов муну жергиликтүү кеңештердин ролу төмөндөгөнү менен түшүндүрөт:
“Мен да кезинде айыл өкмөт болгом. Эл түз шайлаган маалда да, кийин депутаттар шайлаган маалда да утуп чыккам. Ошондо айылдык кеңештин депутаттары айыл өкмөттү шайлачу. Албетте, айыл өкмөттө каржы жоктугунан көп маселелерди чеччү эмес, бирок жок дегенде ошол рычагы бар болчу да. Азыр деле маселе чече албайт деңизчи, бирок айыл өкмөттү шайлоо же аны кызматтан алуу укугунан да айрылып калды. Бюджетти карап берет, ал кантип сарпталды, ошонун отчётун бекитип берет. Болду, андан башка иши жок. Жадагалса шаардын мэрлерин да бийлик өзү дайындайт, депутаттардын эч нерсе чече албайт”.
Кыргызстан эгемендик алган алгачкы жылдары демократиялык чакырыктардын шары менен шаарларда жана айыл өкмөттөрдө түз шайлоону киргизгени маалым. Мисалы, 1995-жылы Бишкектин тургундары мэрди биринчи жана акыркы ирет түз шайлап, кийин бул укук шаардык кеңешке өткөн.
Айыл өкмөттөрдү түз шайлоо да 2000-жылдарга чейин сакталып келип, кийин бул укук да айылдык кеңештердеги депутаттарга берилген. Ортодо мэрди жана айыл өкмөттөрдү түз шайлоо тууралуу чакырыктар болгону менен буга чейинки бийлик да, азыркы бийлик да мындай практиканы калыбына келтирген жок.
Ал тургай 2021-жылы кабыл алынган жаңы Конституцияга ылайык, мэрлерди президент, айыл өкмөттү акимдер дайындай турган болуп калды. Иш жүзүндө депутаттарда дээрлик эч кандай ыйгарым укук калган жок.
Талдоочу Төлөгөн Келдибаев мына ушундан улам аймактарда жергиликтүү кеңештерди шайлоонун шааниси жок экенине токтолду:
“Мен депутаттардын санын калктын санына карата катышын тактап алып, жергиликтүү кеңештердин ыйгарым укуктарын жогорулатып алып анан шайлоо өткөрүш керек беле деп ойлойм. Соңку административдик-аймактык реформа чийки жасалып, шайлоого старт берилип калды окшойт. Дегеним, миллиондой калк жашаган Ош шаарында мурдагыдай эле 51 мандат болуп жатат. Мурда 45 болчу, бирок бир топ айылдарды өзүнө кошуп алган соң биртке эле мандат кошулуп отурат. Бирок ошол эле маалда калкы жарым миллионго жетпеген Кара-Суу районунда 300-400гө жакын депутат шайланып жатат. Логика боюнча алганда же Ош шаарынын мандатын да көбөйтүш керек эле, же Кара-Суу районундагы мандаттарды да азайтып, бир райондук кеңеш түзүп коюш керек эле. Ыйгарым укуктары боюнча айтсам, шаардык жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарында эч кандай укук жок болсо деле ондогон партиялар баратышат. Менимче алардын бир тобу “чоң” болгусу келгендер, бийлик күткүсү келгендер. Анан партиялардын бир тобу Жогорку Кеңешке даярдык катары көрүп жатышат. Бирок чынын айтып коюш керек, көпчүлүк партиялардын саясатта орду жок, бүт жаңы партиялар баратат”.
Реформа жана технология
Реформа демекчи, буга чейин Кыргызстанда 32 шаар жана 452 айыл өкмөтү бар болчу. Президент Жапаров былтыр 30-декабрда кол койгон “Административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” жарлыктын негизинде өлкөнүн дээрлик бардык райондорунда айыл аймактарынын көпчүлүгүн ирилештирүү башталган.
Натыйжада 33 шаар жана 231 айыл өкмөтү уюшулган. Шаардык жана айылдык кеңештер таркатылып, 17-ноябрга кайра шайлоо дайындалган.
БШКнын маалыматтарына ылайык, шаардык кеңештерге 39 партия жарышка түштү. Мындагы 993 мандат үчүн 5 125 талапкер сунушталды. Ал эми айылдык кеңештердеги 5 391 мандат үчүн 10 439 талапкер ат салышканы турат.
Президент Жапаров баш болгон бийлик өкүлдөрү соңку үч жылдан бери аткаминерлерди шайлоого кийлигишпөөгө, административдик ресурс колдонбоого чакырып келет. Мурдагы шайлоодо аралаша калган топтор иштен алынганы сабак болгонбу, бул ирет андай көрүнөө фактылар ачыкка чыккан жок.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 14-ноябрдагы билдирүүсүндө жергиликтүү кеңештерди шайлоо “таза, добуш сатып алуусуз, ачык өтөт” деп айтты. Ал ушул күнгө чейин мурда уюшкан кылмыш топторуна жана кылмыштуулукка тиешеси бар 30дай талапкер жарыштан четтетилгенин, добуш сатып алууга аракет кылган 3-4 адам камакка алынганын билдирген.
Саясатчы жана активист Мавлян Аскарбеков шайлоо концепциясы өзгөрүш керек деген пикирде.
“Бийлик тараптан акысыз, бардыгына бирдей шарт түзүп бериш керек эле. Маалымат жагынан, интернет, ТВ, радиодо бардыгына бирдей шарт түзүлүшү керек эле. Дебаттар ачык, анан да милдеттүү түрдө өтүшү керек эле. Азыр болсо саясий атаандаштык жок. Азыр ким кантип, кайсы жактан кимди сатып алат дегендин тегерегинде гана талаш болуп жатат. А муну үчүн акча гана керек. Мындай шартта ким акчалуу болсо, ким бай болсо ошол өтөт”.
Кыргызстанда добуш сатып алууну, мажбурлап шайлатууну, административдик ресурс колдонууну же башка нерселерди алдын алуу үчүн ар бир шайлоо өткөн сайын ар кандай технологиялык жаңылыктар киргизилет. Соңку жылдары шайлоочуну биометрикалык маалыматтары менен текшерүү, автоматтык эсептөө жана башка технологиялар колдонууга кирди.
Бул ирет аралыктан добуш берүү ыкмасы сыноодон өтөт. Анда шайлоочу өзү жашаган жердеги добушканага жазылып, катталган жериндеги кеңешке депутатты тандоого мүмкүнчүлүгү ачылды.
Шерине