Өлкө аймагында оор жана кооптуу жүктөрдү ташуучу унаалардын ишин көзөмөлдөө күчөтүлдү. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу максатында айдоочулар менен жолугушуулар өткөрүлүп, бир катар талаптарды сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Айдоочуларга жол кыймылынын эрежелерин так жана үзгүлтүксүз сактоо, унаанын техникалык абалын көзөмөлдөө, жөө жүргүнчүлөргө жана жеңил автоунааларга артыкчылык берүү, унаалардын санитардык абалын камсыз кылуу, өз учурунда жууп-тазалоо талабы коюлду.
Октябрдын соңунда Ош облусунун Алай районунда эки күн ичинде удаа каталып, кеминде он адамдын өмүрүн алган жол кырсыктарынан кийин оор жүк ташууга көзөмөлдү күчөтүү талабы айтылууда.
30-октябрда катталган кырсыктан чоң машине менен кагылышкан жеңил унаадагы беш кишинин баары мүрт кеткен. Алардын улуусу 56да, кичүүсү 37 жашта болгон. 1-ноябрда ошол эле автожолдо дагы оор жүк тарткан унаа катышкан кырсык болуп, 33 жаштагы беш классташ бала каза тапты.
Ушу тапта коомчулукта оор жүк ташуучу унааны башкарууда айдоочулук тажрыйбасы жетиштүү жарандар айдаса деген талаптар айтылып жатат.
Быйыл өлкөдө 9 айда 6 миңден ашык жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 636 адам каза болду, 9 миңден ашык адам ар кандай жараат алды.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ) былтыркыга салыштырганда жол кырсыгынын саны өсүп жатканын, 90% учурда айдоочулар күнөөлүү деп табылганын билдирүүдө.
Ички иштер министрлиги жол коопсуздугун камсыздоо багытында иш-чаралар начар жүргүзүлүп, бардык аймактарда жол кырсыктарынын саны кескин өсүп кетти деген негизде Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисин алмаштырган. (КЕ)
Шерине