Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:12

Ата-бала, ага-ини. Шайлоого аттанган туугандар


17-ноябрда Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтөт. Ага жек-жаат, туугандарга байланган партиялар катышууда.

Талапкерлердин тизмесинде Жогорку Кеңештин азыркы жана мурдагы депутаттарынын карачечекей балдары, кыздары, бир туугандары да бар. “Азаттык” депутаттык мандатты көздөгөн ата-бала, ага-ини, апасы менен кызы, кыскасы саясаттагы туугандар жөнүндө айтып беребиз.

Президент Садыр Жапаров 16-октябрда кайрылуу жасап, бийлик шайлоого кийлигишпей турганын айтты. Ага чейин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев да ушундай өңүттөгү билдирүү жасаган.

Депутат болгусу келген депутаттардын балдары жана кыздары

17-ноябрда өтө турган 33 шаардык кеңешке 39 партия катышууда. Алардын ичинен эң активдүүсү “Ынтымак” болуп турат. Алар 32 шаардагы шайлоого талапкер көрсөттү. Болгон Жалал-Абаддагы жараянга аралашпоону туура көргөн.

Партиянын Бишкек шаарындагы шайлоого катыша турган талапкерлеринин арасында парламенттин мурдагы депутаты Камчыбек Жолдошбаевдин кызы Наргиза Жолдошбаева, иниси Таалайбек Сариев баратат. Наргиза Жолдошбаева буга чейин да шаардык кеңеште депутат болгон. Ал быйыл апрель айында салык төлөөдөн качканы үчүн кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалган. Атанын кызы качан, кандай шартта бошотулганы белгисиз болуп турат.

Наргиза Жолдошбаева 2024-жылы апрелде кармалган.
Наргиза Жолдошбаева 2024-жылы апрелде кармалган.

Камчыбек Жолдошбаев менен бир чакырылышта Жогорку Кеңеште депутат болгон Закир Шараповдун кызы Жибек Шарапова дагы “Ынтымак” менен шаардык кеңешке аттанды. Жибек Шарапова 2020-жылдагы парламенттик шайлоого “Ата Мекен” партиясынан талапкер болгон.

Ал эми Жогорку Кеңештин азыркы депутаты Гүлкан Молдобекова менен Кесиптик кошуундар федерациясынын экс-башчысы Мирбек Асанакуновдун уулу Марат Аскеров дагы “Ынтымак” партиясынан талапкер.

Парламенттеги мурдагы жана азыркы депуттарынын туугандарын чогулткан “Ынтымак” партиясы Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиевге таандык.

Көпчүлүк “Ынтымакты” бийликчил партия катары сыпатташат. Аларга парламенттеги тогуз мандат таандык.

Марлен Маматалиев.
Марлен Маматалиев.

“Шайлоо боюнча биздин жетекчилер катуу айтты. Мурдагыдай көрүнүш болбойт. Буга биз да жол бербейбиз. Биз Жогорку Кеңештеги фракция президентке жакын деп айтышат. Ооба, биз саясатын, багытын колдойбуз. Бирок анча-мынча кемчилигин айта келген фракция катары келе жатабыз", - деди Марлен Маматалиев.

Мурдагы баш прокурор Камбаралы Конгантиевдин уулу Кубанычбек Конгантиев “Жаңы күч” деген партияны Бишкек шаардык кеңешке боло турган шайлоого башкарып да, баштап да баратат. Кубанычбек Конгантиев 2012-жылдан бери шаардык кеңеште депутат болуп, акыркы чакырылышында төрага болгон.

“Жаңы күчтө” дагы “эски” саясатчылардын балдары бар. Мисалы, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамира Ниязалиеванын кызы Айгүл Токомбаева тизмеде 30-болуп шайлоого аттанды. Апасынын жолун жолдогон Айгүл буга чейин да шаардык кеңештин депутаты болгон.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамира Ниязалиева жана анын кызы Айгүл Токомбаева
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамира Ниязалиева жана анын кызы Айгүл Токомбаева

Буга кошумча парламенттин мурдагы төрагасы Мукар Чолпонбаевдин кызы Нуриля Чолпонбаева дагы “Жаңы күч” менен шайлоого баратат. Нуриля Чолпонбаеванын алгачкы аракети эмес. Буга чейин да талапкер болгон.

“Жаңы күчтө” Бишкек шаарынын мурдагы мэри Азиз Суракматовдун 29 жаштагы баласы Айдар Суракматов бар. Азиз Суракматов мэр болгонго чейин шаардык кеңештин депутаты болгон. Эми анын уулу да мандатты мелжеп турган маалы.

Бишкектин мурдагы мэри Азиз Суракматов жана анын депутаттыкка талапкер уулу Айдар Суракматов.
Бишкектин мурдагы мэри Азиз Суракматов жана анын депутаттыкка талапкер уулу Айдар Суракматов.

Мындан тышкары бул партиянын катарына мушташка аралашканы үчүн парламенттеги мандатын тапшырган Жаныбек Абиров да кошулган.

“Жаңы күчтүн” тизмесинде Үсөн Сыдыковдун небереси, Жогорку Кеңештеги “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын лидери Бакыт Сыдыковдун уулу Алымбек Бактыбеков дагы бар. 33 жаштагы Алымбек буга чейин эки жолу шаардык кеңеште депутат болгон.

Алымбек Бактыбековдун чоң атасы Үсөн Сыдыков түптөгөн “Жаңы Кыргызстан” деген партия 30 шаардагы шайлоого катышууда. Болгону Бишкек, Кемин жана Орловкадагы жарышка түшкөн жок.

“Жаңы Кыргызстан” партиясын Жалал-Абад шаардык кеңешине болгон шайлоого Жогорку Кеңештеги “Ата-Журт Кыргызстандын” депутаты Айбек Маткеримовдун бир тууганы Асылбек Маткеримов баштап баратат.

Ушундан улам партияны бийлик менен байланыштыргандар да жок эмес.

Партияны Ош шаарындагы шайлоого баштап бара жаткан Болот Баетов мындай деди:

"Бүгүнкү күндө 30 жылда болбогон нерселер болуп жатат. Биздин максатыбыз дагы ушул. Ошон үчүн “Жаңы Кыргызстан” бардык жерде чыгып жатат. Үсөн Сыдыков түзгөн партия. Ошон үчүн Бактыбек Сыдыков менен байланыштырып жатат окшойт. Биздин партияда мугалимдер, дарыгерлер жана ишкерлер бар. Бир дагы муниципалдык кызматкер жок. Бизди бийликчил партиясы деп айтууга болбойт. Бирок бүгүнкү бийликтин саясаты туура багытта кетип жатканын айта алабыз”.

Тизмесине ага-инини батырган "Адилет"

Борбор калаадагы жарышка түшкөн “Адилет” партиясын Жогорку Кеңештин депутаттары Элдар Сулайманов менен Кубанычбек Самаков сүрөп жатканы айтылды. Экөө тең парламенттин мурдагы депутаттары Нурлан Сулайманов менен Карганбек Самаковдун балдары. Нурлан Сулайманов транспорт министри да болгон. Парламент депутаты Кубанычбек Самаков "Адилет" партиясын достору үчүн гана колдоп жатканын "Азаттыкка" айтты:

Кубанычбек Самаков.
Кубанычбек Самаков.

"Ленин жана Свердлов районунда илгертен жакшы дос балдарым бар. Ошолордун башын бириктирип, шаардыктарга иш кылып бергиле деп баштап берип койгондогубуз эле. Элдар Сулайманов экөөбүздүн дух берип койгондогубуз. Анткени бир курактагы балдарбыз, доспуз. Анан ошол достукту эле шаардык кеңештин деңгээлине чыгарып койгондогубуз".

Жогорку Кеңештин эки депутаты сүрөгөн “Адилеттин” курамында Бишкек шаардык кеңешинин үч жолку депутаты, андагы “Ишеним” фракциясынын лидери Сайдахмат Исмаиловдун эки уулу 31 жаштагы Арафат Исмаилов менен 25 жаштагы Салих Исмаилов дагы бар.

Бул макаланын видео варианты "Азаттыктын" Ютубдагы каналына 15-октябрда жарыяланган. 16-октябрда Салих Исмаилов өз арызы менен шайлоодон четтегени айтылып, ал жазды делген кат интернетте тарады.

Сайдахмат Исмаиловдун баласы Салих Исмаилов жазды делген кат.
Сайдахмат Исмаиловдун баласы Салих Исмаилов жазды делген кат.

Бишкек шаардык кеңешине аттанган “Эмгек” партиясынын катарында “Дордой” деп башталган бир нече компанияда иштегендер көп.

Анткени партия “Дордой” ассоциациясын түптөгөн Салымбековдорго таандык. “Эмгектин” тизмеси менен шаардык кеңешке парламенттин мурдагы депутаты Мамытбай Салымбековдун уулу Эркинбек Салымбеков баратат. Ал 2021-жылы “коррупциялык схеманы” уюштурган деген айып менен кармалып, кийин 100 млн. сом төлөп абактан чыккан. Эркинбек Салымбековдун иниси Жумабек Салымбеков Свердлов бир мандаттуу округунан Жогорку Кеңешке шайланган.

Ал эми Бишкек шаарындагы жарышка түшкөн “Социал демократтар” партиясын мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин баласы Кадырбек Атамбаев баштап баратат.

Ал буга чейин да шаардык кеңеште депутат болгон. Кадырбектин агасы Сеид Атамбаев Жогорку Кеңеште депутат.

Биз бул материалда депутататтык мандатты көздөгөн ата-бала, ага-ини, апасы менен кызы, тагырагы эң жакын туугандар жөнүндө гана айтып бердик. Мындан тышкары Кыргызстандын Конституциясында ар бир жаран шайлоого жана шайланууга укугу бар экенин да белгилей кетели. Болгону экинчи, жада калса үчүнчү муунга чейин депутат үй-бүлөлөр бар экенин гана көрсөтөлү дедик.

"Шайлоого бийлик кийлигишпейт"

Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды 17-ноябрда өтө турган жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоого активдүү катышууга чакырып, бийлик шайлоого кийлигишпей турганын билдирди. Бул тууралуу президенттин 16-октябрда жасаган кайрылуусунда айтылат.

Мамлекет башчы 2026-жылы Жогорку Кеңештин депутаттарына, андан аз убакыт өтпөй эле президенттик шайлоо өтөрүн белгилеп, элди жергиликтүү кеңештердин да, кийинки шайлоолорго да жигердүү катышууга чакырды.

Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

“Мен ушул жерден баса белгилеп айтып коеюн, шайлоо өнөктүгүнө бийлик кийлигишпейт. Бийлик шайлоого да, башкасына да кийлигишкен мезгил, кайсы бир талапкерди сүрөмөлөп, кайсы бирин өгөйлөгөн заман артта калды. Кимде ким шайлоого киришип, кайсы бир талапкерди сүрөмөлөгөн мамлекеттик кызматкер аныкталып калса, анда катуу жазага тартылат”, - деди президент.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев да 17-ноябрда өтө турган шайлоо боюнча эки жолу билдирүү жасады. Биринчисинде бул шайлоодо бийликтин партиясы болбой турганын кабарлаган. 12-октябрда Баткенде чек арачылар менен жолугушууда тиешелүү органдарды шайлоого бараткан ар бир талапкерди кылдат текшерүүнү, күмөндүүлөрдү тизмеден чыгарууну тапшырды.

Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

"Биз мамлекетти акыйкаттуулук менен башкарышыбыз керек. Шайлоолорго мамлекеттик органдар кийлигишпеши керек. Мурдагыдай бирөө бирөөнүн эркине басым жасабайт. Биз депутаттар таза болсун, элге, мамлекетке кызмат кылсын деп аракет кылып жатабыз. Артында калбыры бар, криминалга аралашкан, коррупцияга аралашкан, мыйзам бузган адамдардын баарын тазалаганга аракет кылдык. Парламентте ушундай туура эмес шайлангандардын баарын ордуна келтирдик. Шайлоого бараткан партиялардын ар бир талапкерин кылдат текшерип чыккыла. Алардын криминалга, коррупцияга тиешеси болсо же тууган-уругунун тиешеси болсо тизмеден чыгаргыла. Шайлоо маалында кайсы бир талапкер мыйзам бузуучулукка барса, ал мыйзам чегинде катуу жазаланат. Мамлекеттеги тазалануу шайлоолордон башталышы керек. Мен шайлоого катышкан саясатчы катары ушу шайлоонун азабын укмуш көп тарттым. Ошентип кыйнап-кыстап жүрүп добуш бердирткен партиялар, депутаттар азыр каякта калды?".

Шаардык кеңештерге болгон шайлоонун үгүт иштери 17-октябрда, ал эми айылдык кеңештердики 27-октябрда башталат. Шайлоо 17-ноябрь күнү өтүп, бул жолкусунда депутаттар мурдагыдай төрт эмес, беш жылга шайланат.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG