Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы 1-декабрдан тартып, оң рулдуу машине менен жүргүнчү жана коммерциялык максатта жүк ташууга туюу салуу күчүнө кирерин эскертти. Андан тышкары ушул эле убакыттан баштап лицензиясы жок такси кызматын көрсөткөндөргө айып салына баштайт.
Мекеме тиешелүү талаптар Министрлер кабинетинин 2025-жылдын 28-августунда чыккан №535 токтомунун негизинде киргизилгенин билдирди.
Лицензия алуу үчүн автоунааны каттоо жөнүндө күбөлүктүн, машинени башкаруу укугуна ишеним каттын, техникалык кароодон өткөндүгү жөнүндө актынын көчүрмөсү керек. Андан тышкары автоунаа күн сайын рейс алдында техникалык жана айдоочулар медициналык кароодон өткөнү тууралуу тастыктама, үч жылдан кем эмес айдоочулук стажы бар тиешелүү категориядагы айдоочулук күбөлүктүн көчүрмөсү жана соттуулугу жок экенин тастыктаган маалымкат талап кылынат. Оор жана анча оор эмес кылмыштар үчүн соттолгондорго лицензия берилбейт.
Кыргызстанда такси кызматын көрсөткөн айдоочуларга милдеттүү түрдө лицензия алууга жана оң рулдуу машине менен жүргүнчү ташууга тыюу салган мыйзам быйыл август айында күчүнө кирген.
Жаңы талап боюнча, шаар, аймак аралык каттамдарда лицензиясы бар гана таксилер иштей алат. Такси кызматын көрсөтүү үчүн лицензия Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын аймактык бөлүмдөрүндө берилет. Акысы жеке жактарга 500 сом, юридикалык жактарга 1000 сом.
Лицензиясы жок айдоочуларга Телеграм каналдар аркылуу кардар топтоого тыюу салынат. Тийиштүү уруксаты жок айдоочу кардар ташыса 7 жарым миң сом, юридикалык жактар 23 миң сом айыпка жыгылат. ИИМ оң рулдуу машинелердин күнөөсү менен жол кырсыктары көп болуп жаткандыктан аларга тыюу салуу зарылчылыгы келип чыкканын негиз кылган. (BTo)
Шерине