Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:46

"14 айылга бир ветеринар". Аймактык реформанын айтылбаган көйгөйлөрү


Кыргызстандагы айылдардын бири. (архивдеги сүрөт)
Кыргызстандагы айылдардын бири. (архивдеги сүрөт)

Айыл-кыштактарды ирилештирип, муниципалык кызматкерлердин санын кыскартуудан соңку алты айда бюджеттен бир миллиард сомдой үнөмдөлдү.

Бул тууралуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу агенттигинин башчысы Кудайберген Базарбаев 22-июлда маалымат жыйынында билдирди.

Өткөн аптанын аягында президент Садыр Жапаров аймактык реформа тууралуу мыйзамга кол койгон.

Буга чейин айрым аймактарда айылдарды ирилештирүүгө байланыштуу нааразылык айтылып жаткан. Анда жергиликтүү тургундардын пикири эске алынбай калганы, керектүү адистердин саны кыскарып, иш-түйшүк көбөйгөнү, айыл өкмөттөргө чейинки жол кыйла узарганы белгиленген эле.

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун четиндеги Кош-Дөбө айылы реформанын негизинде Чолок-Кайың айылына кошулган. Айрым жергиликтүү тургундар буга нааразы болуп бир канча жолу жогорку бийликке кайрылган.

Айылдык активист Калыс Калдыбеков азыр кош-дөбөлүктөр 45 чакырым алыстагы айыл өкмөткө барып-келгенге туура келип жатканын, түйшүк, чыгым көбөйгөнүн айтып берди. Ошондой эле аймактык реформа маселелерин айтып чыккандарга күч органдары басым-кысым көрсөткөнүн билдирди.

"Эл кыйналып эле жатат, биз каралбай эле калдык. Жергиликтүү бийлик органдары бизге көңүл бурганга жетишпей деле калды. Губернаторду бир эле жолу көргөнбүз. Келип, айылдагы 20 аксакал менен макулдашып кетип калган. Биздин айылдын кошулушуна бул жакта көпчүлүк, айрыкча жаштар макул болгон эмес. Райондун борборуна 80 чакырым жол жүрүп барып келебиз. Азыр бизден 45 чакырым алыс кошуна айылга, айыл өкмөткө барганга туура келип жатат. Биз чоң айылбыз. Азыр үч айылды кошуп салды. Айыл өкмөткө барып-келген кыйын эле болуп калды, такси чыкса кайтып келет, машина болбосо ошол жакта түнөп калганга аргасыз болуп жатат. Бул эми майда маселедей көрүнгөнү менен чогулуп отуруп чоң эле көйгөй жаратууда. Айылдын борбору болгон айылга барганда имараттары кичинекей, шарты жок, элдер тыгылып калат. Биз эң чоң айылбыз, айылдын администрациясын бизге жайгаштырып бергиле деп президент Садыр Жапаровго чейин кайрылганбыз, видео кайрылууларды дагы жолдогонбуз. Азыр эми бул жактан маселени айтып чыккан кишилерди прокуратуранын атынан текшерип, күч органдарынан коркутуулар болуп жатат. Балким бул Садыр Нуркожоевичке жетпей эле бери жактан эле коркутуулар болуп жатат окшойт".

Садыр Жапаров 2022-жылы ноябрда биринчи курултайда административдик-аймактык реформа Ысык-Көлдүн Түп районунан башталарын билдирген. Былтыр апрелде ирилештирүүнү Нарын облусунда пилоттук режимде баштоо жарлыгына кол койгон. Анын негизинде бул облуста 63 айыл өкмөтү 27ге чейин кыскарган. Түптө 13 айыл өкмөтү бешке азайган.

Андан кийин мындай өзгөрүү өлкөнүн бардык аймагына жайылтылып, жалпысынан айыл аймактардын саны 452ден 235ге чейин кыскарган. Ал эми облустук жана райондук маанидеги шаарлардын саны бирге көбөйүп, Шамалды-Сайдын макамы шаар болуп өзгөрүп, 33кө жеткен.

Апрель айында Ош облусунун Алай районундагы Корул жана Жошолу айыл өкмөттөрү биригип, Тилектеш айыл аймагы болуп түзүлгөн.

Айылдык кеңештин жооптуу катчысы Бурулкан Болушованын билдиришинче, реформанын негизинде мал догдур, салыкчылар өңдүү кызматкерлердин саны азайды. Айыл башчылары муниципалдык кызматкерлердин катарынын чыгарылып, аз маяна менен келишимдик негизде иштеп калды.

"Буга чейин Жошолуда сегиз, Корулда төрт айыл болгон. Азыр 12 айылды камтыган, жалпы калктын саны 14 610го жеткен чоң эле айыл өкмөт болуп калдык. Азыр айрым айылдар менен айыл өкмөттүн ортосу 33 чакырым болуп калды. Каттоо бир аз татаалдык жаратып жатат. Бизге кошулган Корул айылынан келип-кеткен кызматкерлерге бир аз кыйын болуп жатат. Биздин административдик имараттан райондун борборуна чейин 13 чакырым, андан ары өздөрү жашаган жерге чейин дагы 20 чакырым. Ошондо дагы эки ирет машина ооштуруп келет. Штаттын кыскарганына байланыштуу бир кызматкерге кошумча милдеттер көбүрөөк жүктөлүп, ошону менен иш болуп жатат. Штаттар кыскарганы менен баягы аткарылган иштер кыскарган жок да. Көйгөйлөр шаарга караганда айыл жеринде көбүрөөк. Биз мал киндиктүү районбуз да, калктын 97-98% мал менен тиричилик кылат. Ошол малды тейлеген ветериналар азайды. Буга чейин ар бир айыл өкмөтүндө бирден ветеринар жана кошумча жардамчы дагы адистерибиз бер эле. Учурда бизге бир эле ветеринарга штат берди. Бир адис ошончо айылдагы малды тейлөөсү оорчулукту жаратат. Биз келишимдик негизде дагы бир ветеринар алганбыз, бирок ал деле баары бир жетишпейт. Азыр адамдар сыяктуу эле малдын дагы ооруларынын түрү көбөйгөн, такай эмдеп туруш керек. Анын чиби бар, санариптик базага катташ керек. Ушуга окшогон майда-барат бирок чогула келгенде маанилүү маселелер бар. Андан сырткары эки айыл өкмөтүндө эки салыкчы болгон, Реформадан кийин бир эле салык кызматкери болуп калды. Аскерге каттоо кызматкерлери дагы келишимдик негизде иштеп калды. Бул жерде атайын токтомдо 500дөн ашык адам жашаган айыл өкмөттө экиден кызматкер болсун деген жери бар экен. Аймактык реформага чейин бизде эки штаттык кызматкер болгон. Алар альтернативдүү кызматка канча бала кабыл алынат, алардын төлөмдөрү деп планга ылайык иштеп жүрүшкөн. Ошондо Корулда эки, Жошолуда эки кызматкер болуп жалпы төрт адам иштеп жүргөн.Азыр болсо анын баары жоюлуп кетип, келишим менен бир эле кызматкерди иштетип жатабыз. Экономист-статист деген эки штаттык орун бар эле, ал дагы бирөө эле болуп калды, ал дагы келишим менен иштеп жатат".

Бурулкан Болушова учурда айыл башчылары дагы штаттан чыгып, келишим менен азыраак айлыкка иштеп калганын айтып берди.

"Аймактык реформага чейин алар кадимкидей штатта туруп, муниципалдык кызматкер катары саналып, жыл сайын эмгек өргүүсүнө чыгып, төлөмдөр төлөнүп берилчү эле да. Азыр эми келишим менен иштеген айыл башчыларын жумшоо оор болот экен, мурдагыдай жумшай албай калдык, иш тапшыруу дагы оор болуп жатат. Алардын айлыгы дагы аз болуп жатат да. Аларга 15 миңден 20 миңге чейин акча чыгат экен, анан ага-буга деп кармагандан кийин стажына жараша 11-12-13 миңдей эле, 15 миң сомго жетпеген эле акча колуна алат экен.

Буга чейин муниципалдык кызматкер катары айлык акылары жакшыраак болгон. Аларга азыр көбүрөөк тапшырма берип, жумшап койсоң мен бул айлыкка иштебей эле коеюн деп кеткиси келгендери дагы болуп жатат. Бир канчасы алмашты, кетем дегендери кетти. Кадрлар резервиндеги кадрлардан алардын ордуна коюп жатабыз. Буга байланыштуу кайрылууларды жасап, арыз-арманыбызды айтып эле жатабыз. Биз эле эмес, бүт эле республиканын проблемасы болуп жатат го. Азыр мониторинг жүргүзүлүп жатат, биз сунуштарыбызды дагы жазып жөнөттүк эле. Азыр эми айыл башчыларынын айлыгын бир аз көтөрүү тууралуу токтомдор чыкты, кадимкидей эле муниципалдык кызматкер катары штатка кирип калышы мүмкүн экен деп угуп жатабыз. Бул азырынча божомол эле, биз дагы күтүп жатабыз".


Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу агенттигинин башчысы Кудайберген Базарбаев өкмөттүн өткөн айдагы токтомуна ылайык, айыл башчыларынын айлыгы көбөйгөнүн билдирди, алар кайра муниципалдык кызматкер деген штатка киреби же жокпу тактаган жок. Ал 22-июлда басма сөз жыйынында бул реформанын негизинде өкмөт бир миллиард сомго жакын акча үнөмдөлгөнүн билдирди.

"Реформага чейин муниципалдык кызматкерлердин саны 8696 болсо административдик-аймактык реформадан кийин 4768ге кыскарды жана республикалык казынадан бир миллиард сомго жакын акча үнөмдөлүп калды. Көп маселелер айыл башчыларына байланыштуу чыккан. Реформага чейин 1304 айыл башчы болсо, реформанын негизинде келишимдик негизде иштеген 1014 айыл башчы калды. Министрлер кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы №381 токтомунун негизинде айыл башчыларына ай сайын төлөнүүчү сый акы 28 900 сомду түздү. Буга чейин айыл башчыларынын айлыгы 12-15 миң сом болчу".

Садыр Жапаров өткөн аптанын аягында аймактык реформа тууралуу мыйзамга кол койгон. Өткөн айда парламент жайкы тыныгууга тарардын алдында бул докуменгтти суроо-талкуусу жок эле дароо экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алган.

Аймактарды ирилештирүүнүн негизинде Ош облусундагы Кара-Суу районунун Төлөйкөн менен Кызыл-Кыштак айыл өкмөттөрү Ош шаарына кошулган. Буга чейин Төлөйкөн айылдык кеңешинин төрасы болгон, азыр Ош шаардык кеңешинин депутаты Деңиз Боромбаевдин айтымында, азырынча өзгөрүү сезиле элек.

"Биз азыр шаардык кеңештин депутаттары болуп кошулганыбыз менен анын жыйынтыктарын көрө элекпиз. Шаарга кошулуунун жакшы жактарын дагы, жаман жактарын дагы көрө элекпиз. Бирок эми үмүт кылабыз. Кечээги кырсыкта айылдын көп жери жабыркап, зыян тартып калды. Ушундай учурда шаар бийлиги дараметин көрсөтүп, шаарга кошулуунун артыкчылыгын көрө турган убакыт келди го дейм. Буга чейин бизде трансформация болгон 51 гектар жерибиз бар болчу. Шаарга кошулгандан бери мэрия кандайдыр бир токтом чыгарып жеке жарандарга бере элек. Ошол бойдон эле тыныгуу болуп токтоп турат. Ошонун ичинен 8,5 гектар жерди шаардык кеңеш жыйынга чогулуп, токтом кабыл алып Мамлекеттик ипотекалык компанияга өткөрүп бергенбиз. Эми ал жерде курулуш жүрүп-жүрбөгөнүн күтүп жатабыз. Азыр эми күтүү менен эле отурабыз. Эми ошол трансформация болгон жердин баары төлөйкөндүктөргө берилсин дегенден деле алысмын. Бирок Төлөйкөндө бир канча жылдан бери кезекте турган жарандардын муктаждыктардын биринчи чечип, аларга жеңилдиктер каралса жакшы болмок".

Реформанын негизинде Бишкек шаарынын аймагы 12,9 миң гектардан 37,8 миң гектарга кеңейип, Чүй облусунун борборуна сегиз айыл аймагы жана төрт айыл аймагынын айрым кыштактары кошулган.


Садыр Жапаров былтыркы курултайда аймактык реформа тууралуу суроолорго жооп берип жатып, ирилештирүү мамлекеттик кызыкчылыкка жараша гана жүрөрүн билдирген жана айтылган айрым сунуш-пикирлерди сынга алган.

"Мен реформаны биринчи Түптөн баштадым, ызы-чуу чыкса дагы өзүмдүн районуман чыксынчы дедим. Кийин бул абдан жакшы жыйынтыгын берди. Эконом болот экен, штат кыскарат экен, эффективдүү башкарууга өтөт экен. Суранычтар көп, "айыл өкмөттүн биздин айылга коюп бер" дешет. Анан шылтоолору эе 50-60 чакырым алыс болуп калды дешет. Илгерикидей болуп күндө айыл өкмөтүнө барып маалымкат алып же иш бүтүрүп жаткан жериң жок. Аны үйдө отуруп эле электрондук түрүн аласың. Андан сырткары барам десең, ар үйдө бирден машина бар го. Баарыңарда телефон, интернет деген бар да. Акыры келечекте биз интернетке өтөбүз. Мына Европа өлкөлөрүндө үйүндө отуруп маалымкат, керек болсо насыя алат".

Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова аймактык реформага ылайык, жергиликтүү кеңештерге мөөнөтүнөн мурда шайлоо ноябрда өтүп калышы мүмкүн экенин билдирген. Азырынча анын так датасы белгилене элек.

XS
SM
MD
LG