Британ өкмөтү миграциялык саясатын күчөтүп, мыйзамсыз мигранттарга туруктуу жашоого уруксат берүү мөөнөтүн 5 жылдан 20 жылга жогорулатууну көздөп жатат.
Бул тууралуу өлкөнүн ички иштер министри Шабана Махмуд The Sunday Times басылмасындагы маегинде билдирди.
Министрдин айтымында, мындай чечим башкалка сурагандар үчүн "алтын билет" тажрыйбасын, өлкөнүн баш оорусуна айланган мыйзамсыз миграцияны токтотууга багытталган.
Жаңы эрежеге ылайык, Британияга мыйзамсыз кирген мигранттарга туруктуу жашоого уруксат берүү мөөнөтү 20 жыл, качкындарга жана атайын программа менен баргандарга 10 жыл болот. Мындан тышкары качкын макамы 2,5 жылга гана берилип, ар 30 ай сайын кайра каралып турат. Азыр Британияда качкын макамы беш жылга берилет, андан кийин туруктуу жашоого (ILR, Indefinite Leave to Remain) уруксат алуу үчүн арыз тапшырууга болот.
Махмуд өкмөт муну менен чек аралардагы көзөмөлдү калыбына келтирүүнү максат кылып жатканын кошумчалады.
The Sunday Times жазгандай, Британиянын планы Даниянын реформа үлгүсүндө иштелип чыккан. Данияда миграция саясатындагы реформадан кийин башпаанек сурап кайрылгандар кескин азайып, арыздардын 95% четке кагылган.
Шерине