Кыргызстанда кант диабети менен ооругандардын расмий катталган саны 90 миңге чукулдады. Былтыр бул дарт менен каттоодо тургандардын саны 84 миңден ашуун экени кабарланган.
Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун сайтындагы маалыматта, 300 миңден ашык адам оорусу тууралуу билбей жашап жүрүшү ыктымал.
Кант диабети - кандын курамындагы глюкоза нормадан ашып кеткенде пайда болуучу өнөкөт оорулардын бири. Буга уйку безинен инсулин бөлүнүп чыкпай калганы же аны сезе турган рецепторлордун жакшы иштебей калганы себеп болот.
Кант диабети бир канча түргө бөлүнөт. Эң олуттуусу биринчи жана экинчи типтегиси. Биринчи түрү көбүнчө тубаса болот жана балдарда кездешет. Экинчи түрү кийин пайда болот. Адистер оору жашарып баратканын ага кыймылсыз жашоо, туура эмес тамактануу, стресс ж.б. факторлор таасир этип жатканын белгилешет.
Дарыгерлер кант диабети өтүшүп кеткенде бөйрөк соолуп, көз көрбөй, сөөк морт болуп же чирий баштарын белгилешет. Ага жеткирбеш үчүн мүнөздөп тамак ичип, көбүрөөк кыймылдап, догдурга көрүнүп туруу шарт экенин эскертишет.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) аныктамасына ылайык, кант диабети жугушсуз эпидемия болуп эсептелет жана дүйнө боюнча өлүмдүн үчүнчү негизги себеби катары белгиленет. 2050-жылы Жер шарында бул дартка чалдыккандардын саны 1,5 млрд адамга жетиши мүмкүн.
Кыргызстанда кант диабети менен каттоодо турган бейтаптар үй-бүлөлүк дарыгердин рецепти менен метформин, сиафор деген дарыларды алса болот. Инсулиндин протофан, актрапид деген түрлөрү Эндокринологиялык борбордо каттоодо турган бейтаптарга акысыз, шприци менен чогуу берилет. (ST)
Шерине