17-ноябрда Бишкек шаардык соту эркин журналист Канышай Мамыркулованын ишин кароону улантууда. Бул жолку отурумда Юстиция министрлигине караштуу соттук-эксперттик кызматтын эксперти Таалайбек Абдыкожоев чакырылган.
3-июлда Бишкектин Октябрь райондук соту Канышай Мамыркулованы күнөөлүү деп таап, алты жылга кесип, төрт жылдык пробация жазасын чегерген. Үч жарым ай тергөө абагында отурган журналист сот залынан бошотулган. Анын адвокаттары райондук соттун өкүмүнө каршы шаардык сотко арыз берген.
Журналист айына эки ирет пробация органдарына барып, катталып турууга тийиш. Социалдык тармактарга коомдук тартипке жана бийликке каршы пост, комментарий жазбайт. Өлкөдөн сыртка чыгууга укугу жок. Эгерде жашаган дарегин алмаштырса же башка жакка чыга турган болсо, бул тууралуу пробация органдарына билдирүүгө милдеттүү. Пробация органдарынын программаларына катышууга тийиш.
Журналистке Фейсбуктагы билдирүүлөрү үчүн кылмыш иши козголуп, Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыкка чакырык” жана “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” беренелери менен айып тагылган.
Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар кыргыз бийлигине кайрылып, журналистке козголгон кылмыш ишин токтотууга чакырышкан.
50 жаштагы Канышай Мамыркулова Кыргызстанда эркин журналист жана жарандык активист катары белгилүү. Буга чейин “Алиби” гезитинде, “Сентябрь” телеканалында жана “Говори ТВ” басылмасында башкы редакторлук милдеттерди аркалаган. Акыркы жылдары Фейсбуктагы баракчасында бийликти сындаган билдирүүлөрдү жазып келген. (КЕ)
Журналист Мамыркулованын иши: Сотто эксперт суралат
Шерине