Киев: Орусиянын соккусунан алты киши өлүп, ондогон адам жараат алды
Киев Орусиянын жапырт чабуулуна кабылды. Кеминде алты адам каза болуп, отуз киши жабыркаганы маалым болду. Куткаруучулар урандылардын арасынан аман калгандарды издөө иштерин улантууда. Украинага чабуулдары уланып жаткан чакта Кремль Киевди “тынчтык сүйлөшүүлөрүнөн баш тартты” деп айыптап, согушту уланта берерин билдирди. Расмий Киев бир нече жолу Москва сунуштап жаткан шарттар “согушту токтотуу эмес, багынып берүү талаптарына тете” экенин кайталап келген.
Шерине