Кыргызстандык Жамал (аты өзгөртүлгөн) Америкага мыйзамдуу кирүүгө үмүт кылып, азыркы тапта Мексикада отурган мигранттардын бири. Ал Тихуанага үч баласы менен жыл башында барган. Ижарага батир алып, айына 1500 доллар төлөп жашап жатканын, күнүнө 5 миң сомдой тамак-ашка короторун айтып берди.
Кыргызстанда кундуз калбай калганы белгилүү болду. Зоологдордун айтымында, бул сейрек жаныбардын жок болушуна адамдын ишмердиги түздөн түз таасир эткен. Кундуздун үзүлгөн тукумун кайра уласа болобу, ал үчүн кандай иш-аракеттерди кылуу керек?
73 жашында акка моюн сунган белгилүү журналист Нарын Айып 15-февралда акыркы сапарга узатылды. Айтылуу публицист, журналист бир топ жыл "Азаттык" радиосунда иштеп, кыргыз кызматынын редактору болгон. Кийин өлкөдөгү башка бир катар жалпыга маалымдоо каражаттарында эмгектенген.
Орусиянын дрон соккусу Чернобыл АЭСнин саркофагына тийди. “Дордой” базарында соодагерлердин салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн базардын администрациясы көзөмөлдөй турган болду. Милиция Баткенде 16 жаштагы өспүрүм теңтушун бычактаганын кабарлады.
73 жашында кыргыз журналистикасынын мыктыларынын бири Нарын Айып дүйнө салды. Айтылуу публицист, журналист бир топ жыл "Азаттык" радиосунда иштеген, кыргыз кызматынын редактору болгон. Кайсы жерде иштебесин, ал журналисттик өнөрдүн эреже-талаптарын так сактачу.
Белгилүү укук коргоочу, "Кылым шамы" уюмунун негиздөөчүсү Азиза Абдирасулова жаңы жыл алдында Кыргызстандан чет жакка чыгып кетүүгө аргасыз болгонун билдирген. Биз менен телефон аркылуу маегинде андай кадамга барышына кийинки кездери көбөйүп кеткен коркутуу, каралоо, жамандоо себеп болгонун айтты.
Орусияда мигранттардын банк карталары бөгөттөлө баштады. Кремлдин жаңы реестрине кирип калган мигранттар эмне кылышы керек? Орусияда мигранттарды тескеген жаңы режимдин кесепети кандай? Кыргыз бийлиги өз жарандарына кандай жардам бере алат?
Бишкектеги №72 мектептеги токмоктон каза болгону айтылган окуучунун өлүмүн шаардык милиция тергей баштады. Баланын ата-энеси кылмышты жаап-жашырууга аракеттенген деп мектептин жетекчилигин, өспүрүмдөр менен иштеген инспекторду да жоопко тартууну талап кылып жатышат.
Бишкектеги Жүрөк хирургиясы жана органдарды алмаштыруу илим изилдөө институтунда өрт чыгып, эки бала набыт болуп, тогуз адам жабыркады. Киевге баллистикалык ракетадан сокку урулуп, киши өмүрү кыйылды. Уланбек Эгизбаев атындагы сыйлык иликтөөчү журналисттерге ыйгарылды.
Баткендин чек арага жакын айылдарында азык-түлүк жарманкеси өтүп, ага өзбекстандык фермелер да катышты. Жергиликтүу тургундар соода алакалары баанын арзандашына жана айрым айыл чарба азыктарынын жеткиликтүү болушуна шарт түзөрүн айтууда. Кыргызстан коңшуларынан эмне сатып алат?
Transparency International 2024-жылдагы дүйнөдөгү жемкорлуктун индексин чыгарды. Кыргызстан бул рейтингде жалпы 100 баллдан 25 упай алып, дүйнөдөгү 180 өлкөнүн ичинен 146-орунга жайгашты. 2023-жылы 26 балл менен 141-орунга жазылган эле. Упай канчалык көп болсо, жемкорлук деңгээли ошончолук төмөн.
Кыргызстанда акыркы он жылда ашказандын рак илдетине чалдыккандардын саны көбөйүп, жашарып жатканы айтылып келет. Онкологдор убагында дарыланбаса, дарттын кесепети оор болорун эскертишет.
Дагы жүктөңүз