Үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөш милициянын быйылкы жылы коомдук тартипти сактоо ишиндеги негизги багыттардын бири болорун ички иштер министри Улан Ниязбеков билдирди. Кыргызстан глобалдык индексте кыз-келиндер үчүн кооптуу өлкө деп эсептелет.
Жалал-Абад шаарында 33 жаштагы тургун аялын өлтүрүүгө шек саналып кармалды. Быйыл 8-январда милицияга облустук ооруканадан билдирүү түшүп, Таш-Булак айылынын 29 жаштагы тургуну үйүндө каза болуп калганын кабарлаган. 6-февралда маркумдун жакындары адилеттик издеп, милициянын алдына келишкен эле.
Орусиядагы ондогон мигрант банк карталары күтүлбөгөн жерден бөгөттөлүп калганын, айласы кетип турганын айтышты. Алардын айрымдарынын тиешелүү документтери толук болсо дагы, банк картасы иштебей калган. Орусияда мыйзамсыз жүргөн чет элдик жарандарды чыгаруу боюнча режим 5-февралда күчүнө кирди.
“Азаттыктын” “Жер Эне” подкастында Нарындын Чолпон айылындагы тургундардын мээнети менен калыбына келген жайыттар тууралуу айтып беребиз. Айыл активисттери 20 жылдай алектенип жүрүп, такырайып калган 9 миң гектар жайытты калыбына келтирген. Кыргызстандагы жайыттардын аянты 9 млн гектарды түзөт.
Экс-министр Динара Кутманова, уулу Кемелбек Кутманов сегиз жылдан абакка кесилгени белгилүү болду. Алардын мүлкү мамлекетке алынат. 2023-жылы УКМК Кутманова бир катар коррупциялык фактыларда “башкы уюштуруучусу экени аныкталып”, кармалганын кабарлаган. Кутманова тагылган айыптарды четке каккан.
Жалал-Абад облусунда 2024-жылы балдар өлүмү мурдагы жылдарга караганда көп катталды. Облустук бийлик былтыр бир жашка чейинки 342 бала чарчап калып, мурдагы жылдарга караганда 23 өлүм фактысы көп болгон.
Кыргызстанда MCN coin деген күмөндүү криптоактивди жарнамалоо күчөдү. Жарнама кылгандар аны ири киреше булагы катары сыпаттап, сатып алгандар "тез эле миллионер болот" деп убада кылууда. Адистер бул "каржы пирамидасы" экенин белгилеп, андан оолак болууну эскертүүдө.
Кыргызстанда MCN coin аттуу күмөндүү криптоактивдин түрүн жарнамалоо күчөдү. Адистер бул ачыктан-ачык "каржы пирамидасы" экенин эскертип, андан оолак болууга чакырууда. Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы анын ишмердүүлүгүн укук коргоо органдары текшерип жатканын маалымдады.
Орус армиясынын Харьков облусунун Изюм шаарына жасаган соккусунан беш адам набыт болду, 30дан ашык адам жаракат алды. Өткөн түнү Орус армиясы кайрадан Киевди дрондор менен бутага алды. АКШнын президенти Дональд Трамп Киевге берилген аскердик жардамдын ордуна Украинадан сейрек металлдарды сурады.
УКМК "АЮ Холдинг" ишканасын түптөгөн экс-депутат Шаршенбек Абдыкеримовго "уюшкан кылмыш топторун каржылоо" беренеси менен кылмыш ишин козгоп, тергеп жатканы белгилүү болду. Бул иштин алкагында анын тууганы, ишкананын башчысы Тыныбек Исаев кайра камалды. Атайын кызмат азырынча комментарий бере элек.
Салык кызматынын жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустиндин "Кыргызстанда орус компанияларына басым жасалып жатат" деген билдирүүсүн четке какты. АКШ президенти Дональд Трамп Украина жана Орусия менен сүйлөшүүлөр пландалып жатканын айтты.
Дагы жүктөңүз