Жер кодексинин жаңы редакциясынын долбооруна нааразы болгон жарандар Жогорку Кеңештин алдына чогулуп, президентке кайрылды. Алар парламент кабыл алган мыйзамга кол койбоону суранууда. Ал тапта президент Садыр Жапаров бул мыйзамды артка кайтарарын билдирди.
Трамп Зеленскийди “шайлоосуз отурган диктатор” деп атады. Москвадагы “Крокус Сити Холлдогу” теракт боюнча комментарий жазган кыргыз жараны Бекзат Абдинасир уулу Орусияда үч жылга абакка кесилди. Жер кодексинине нааразы болгон кырктай адам Жогорку Кеңештин алдына нааразылык акциясына чыкты.
АКШнын президенти Дональд Трамп украин лидеринин дарегине сынды күчөттү. Ал буга чейин Зеленскийди “шайлоосуз отурган диктатор” деп атаган. Бир күн мурун Зеленский Трамп "жалган маалымат айдыңында жашап жатканын" белгилеген болчу.
Тилеген Рахатбеков - шахмат боюнча майыптыгы барлар арасында Кыргызстандын бир нече жолку чемпиону. Ал апасынын колдоосу менен тагдырдын сыноосун татыктуу жеңип, Азиянын да чемпиону аталган.
Сузак районунда эле кооптуу аймактарда жашаган 600дөн ашык кожолук бар. Алардын көпчүлүгү өкмөттөн кайтарымсыз ссуда жана жер тилкелерин алышкан. Бирок жаңы үй салганга акчасы жетпей турганын айтып, кооптуу аймактардан көчпөй жаткандар бар.
АКШнын президенти Дональд Трамп Сауд Арабиядагы сүйлөшүүлөрдөн кийин Украинадагы согушту токтотуу келишимине жетсе болооруна “көбүрөк ишенип калганын” айтты. Киев ал жолугушууга чакырылган эмес.
Кыргыз оймо-чиймеси түшүрүлгөн кийимдерди саткан орусиялык YAKA бренди бир канча күндөн бери кыргызстандыктардын көңүлүн бурууда. Буга компаниянын өз өнүмүнүн “стилистикалык өзгөчөлүгүн” көчүрүп алганга тыюу салып, мындай учурда сотко кайрыла турганын билдиргени себеп болгон.
Калаа башчысы айрым ректорлорду “коррупцияга” айыптаса, айрымдарын шаарга көйгөй жаратып жатасыңар деп тилдеген. Коомдогу курч талкуулардан кийин, 18-фералда калаа башчысы жогорку окуу жай жетекчилери менен кайрадан жолукту.
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча жаңы мыйзам долбоору коомдук талкууга чыкты. Долбоорго ылайык, парламенттин 90 депутаты мажоритардык тутум боюнча көп мандаттуу аймактык шайлоо округдарынан шайланып келет. Документ жарыяланары менен коомчулукта кызуу талкууга жем таштады.
АКШнын мамкатчысы Марко Рубио менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Сауд Арабиясында Украинадагы согушту токтотууну талкуулайт. АКШ Азиядан барган 100дөн ашык мигрантты Панамага депортациялады. Өзгөндө окуучулардын мушташы боюнча “Бейбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголду.
Бишкектеги №72 орто мектептин 8-классынын окуучусунун өлүмүнө шек саналып ушул эле мектептин 9-классынын окуучусу кармалды. Өткөн аптада Оштун Кара-Суу районундагы мектепте да мушташта окуучунун өмүрү кыйылды.
Кыргызстандык Жамал (аты өзгөртүлгөн) Америкага мыйзамдуу кирүүгө үмүт кылып, азыркы тапта Мексикада отурган мигранттардын бири. Ал Тихуанага үч баласы менен жыл башында барган. Ижарага батир алып, айына 1500 доллар төлөп жашап жатканын, күнүнө 5 миң сомдой тамак-ашка короторун айтып берди.
Дагы жүктөңүз