Азербайжанда 12-октябрдан бери бир катар кардарлар Instagram жана TikTok социалдык тармактарын колдонуу кыйындаганын айтып жатышат. Айрымдары видео жүктөй албаса, башкалары баракча жаңыланбай жатканына даттанууда. Meta жана ByteDance маселе эмнеден келип чыкканы тууралуу маалымат бере элек.
Ош облусунун Кара-Кулжа районунун жер көчкү жүрүү коркунучу жаралып, эки үй-бүлө коопсуз жайга көчүрүлдү. 10-октябрда Тогуз-Булак айылында жер көчкү жылган. Көчкү саатына болжол менен 1,1 метрге жылганын расмий органдар билдирди.
Орусияга иштегени кеткен казакстандык тууралуу маалыматтан кийин «Азаттыкка» ушундай эле жагдайга туш болгон дагы эки жигиттин апалары кайрылды. Алардын айтымында, уулдары күзөтчү болуп иштейбиз деп барып, кийин орус армиясына кошулуп калган. Азыр энелери аларды мекенине кайтарууга аракет кылууда.
«Азаттыктын» аялдар тууралуу подкастынын коногу - иликтөөчү журналист Махабат Тажибек кызы. Ал журналистикага келген жолу, иликтөөчү журналистиканын кыйынчылыктары, темир тор артында өткөргөн убактысы, эркиндикке чыккандан кийинки жашоосу жана кесибине кайтуу тууралуу айтып берди.
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри, буга чейин Мамлекеттик курулуш агенттигин жетектеген Нурдан Орунтаев "Азаттыкка" маек курду. Ал курулуш тармагындагы көйгөйлөр, реновация, реформа тууралуу суроолорго жооп берип, өзүн коштогон айрым талаштуу окуяларга комментарий берди.
“Учкун” ачык акционердик коомунун директору Бакытбек Султанов кызматтан кетти. Президенттин иш башкармалыгына караган мекемени эми Илгиз Тапаев жетектейт. Окуу жылынын башталышы менен Кыргызстанда китеп чыры тутанган. Айрым ата-энелер мектепте жок окуу китептери базарда турганын айтып чыгышкан.
4-октябрга караган түнү Түштүк Кореянын Пхёнтхэк шаарында жапырт мушташка шектелип эки кыргызстандык жана эки орусиялык жаран кармалды. Кармалган кыргызстандыктардын бирине операция жасалганы белгилүү болду.
Түштүк Кореянын Пхёнтхэк шаарында жапырт мушташка шектелип эки кыргызстандык жана эки орусиялык кармалды. Кыргыз жарандарынын бирине операция жасалганы белгилүү болду. Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) жараат алган жана кармалган кыргыз жарандарынын укугун коргоо чаралары көрүлүп жатканын маалымдады.
Кыргызстанда интернетте дин тууралуу контент даярдоо үчүн эми атайын күбөлүк талап кылынат. Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин жаңы эрежеси өткөн жумада белгилүү болду.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 2050-жылы жер жүзүндө улгайгандардын саны 22% көбөйүп, анын 80% кирешеси төмөн же орточо өлкөлөргө туура келерин билдирет. Бул Кыргызстанга дагы мүнөздүү көрүнүш.
Бишкекте 2021-жылдан бери курулушу бүтпөй, акчасын дагы кайтарбай жатканын айтып бир нече киши өлкө жетекчилигине кайрылды. "Ханстрой" же, дагы бир аталышы, "Брэнд Хаус" компаниясы борбор калаада салып жаткан үч турак жай комплекси ар кандай себептер менен курулбай калганын айтууда.
Дагы жүктөңүз