Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:24

Аксы алааматын дүйнөгө таанытууда Нарын Айыптын эмгеги зор болду


Нарын Айып
Нарын Айып

73 жашында кыргыз журналистикасынын мыктыларынын бири Нарын Айып дүйнө салды. Айтылуу публицист, журналист бир топ жыл "Азаттык" радиосунда иштеген, кыргыз кызматынын редактору болгон. Кайсы жерде иштебесин, ал журналисттик өнөрдүн эреже-талаптарын так сактачу.

Кыргыз журналистикасы менен публицисттик өнөрдүн туу чокусундагы аскалардын бири урап түшкөнүн, ушу таптагы чалкеш замандын кыйды-куйдусун унчукпай көтөрүп келаткан алп жүрөк токтоп калганын капыс угуп, айламды таппай отурам. Нарын байке журналисттик кесипти аркалап калгандан берки устатым, жол көрсөткөн кеңешчим, жемелесе да, мактаса да жакын көргөн адамым болчу. Эчен жыл бирге жүргөндө байкаганым - анын кара кылды как жарган калыстыгы, чындыкты тайманбай бетке айткан өжөрдүгү, ачуусу тез келген менен, кек сактабаган айкөлдүгү, анан да мээнеттен тажабаган эмгекчилдиги, көп окуп, терең билим алганы, чет тилде эркин сүйлөп, жазганы аны караанын калың топтон калдайтып айырмалап турчу.

Борбор шаардагы мектепти мыкты бүтүрүп, башында илимий ишке кызыгып, кыйла жылын социалисттик замандагы чоң борбордо өткөргөн үчүнбү, ушу кезге чейин коомдук турмушубуздан толук кете элек бир топ "чылыктардан" алыс болчу. Адамдын билими менен талантын, адамгерчилигин баалачу. Өзгө тилде билим алып, өнөрүн өркүндөткөнү менен, кыргыз тилин баарынан жогору койчу, улуттук каада-салттарды урматтачу. Иши кылып, анын бийик адамгерчилиги, зор интеллекти, чарчоо-чаалыгуу дегенди билбеген эмгекчилдиги өзгөчө эле.

Нарын байкени билип, жазганын, сүйлөгөндөрүн угуп, чогуу иштеп, жакындан таанышып калганыма деле кыйла жыл өтүптүр. Убакыт дегениң билинбей өтө берет экен. Анын кайрылгыстыгына кечээ эле өлбөстөй көрүнгөн залкарлар а дүйнө салганын укканда дагы бир ынанат окшойсуң.

Нарын байкенин өзүн көрө электе "Res Puвlica” гезитинде чыккан макалаларын окучумун. Коомдук турмуш ал кезде азыркыдан кыйла бай, көз караштардын ар түрдүүлүгү кадимкидей оожалып калган кез. Коммунисттик империя кулап түшкөнү менен, анын түшүнүк, көз караштары жоюлуп кете элек, эски менен жаңынын ит жыгылышы токтобой, демократиялык жаңылануулар бир топ тоскоолдорго кабылса да, баарын эркиндик жеңип, анын деми, жылуулугу коомдук турмушту алдыга сүрөп калган. Нарын байке эркин гезиттеги макалаларында жаш өлкөнүн жаңыланууга умтулуусу кандай тоскоол, карама-каршылыктарга тушугуп жатканын, демократия, сөз эркиндиги, адам укугу үчүн күрөшүү керектигин ошондо эле терең аңдап, аны улутташтарына жеткирүүнүн камында жүрчү.

Алгачкылардан болуп эркин гезит ачып, эл аралык маалымдоо каражатында иштеп жүргөндө, ал мына ушул принциптерди бекем карманып, эгемендикке жеткен өлкөсү демократияга умтулуп, өнүгүүнүн европалык жолуна түшүүсүн каалачу. Ал үчүн ар бир кыргыз жан аябай иштеши керек деп эсептечү. Тек, ойлонуп гана койбой, анысын өзүнүн иш-аракети менен ырастачу. Ал баарынан да кыргыздын тили, маданияты, тарыхы маанилүү экенин, улуттук баалуулуктарды дагы өркүндөтүп, кыргыз тилинин колдонуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга өзгөчө кызыкдар болчу. Орто мектепте, кийин жогорку окуу жайда Пушкин менен Толстойдун тилинде билим алганы менен, кыргыз тилинин айныксыз күйөрманы болчу. Кайсы бир сөздүн чыгыш тегин иликтеп, анысын дайыма жанында ала жүргөн дептерине жазып алчу.

Нарын байкенин журналисттик жылдызы Акаев бийлигине апачык каршы турган эркин гезитке келгенден тарта жаркырап жанды, эгемен заманда дүбүртү катуу жаңырган улуттук журналистиканын кайталангыс плеядасынын мыкты өкүлү катары таанылды. Анын үстүнө ошол 90-жылдары "Res Puвlica” гезитинин иши жүрүшүп, партиялык журналистиканын кожогой стилине таптакыр коошпогон жаркын жүз журналисттер, публицисттер чыкпадыбы. Нарын байкенин макалалары гезиттин ар бир санына жарыяланып турчу. Азыр ойлосом, ал кез кыргыз публицистикасынын келкели келип турган учуру экен. Дооронбек Садырбаев, Сатыбалды Жээнбеков, Кубан Мамбеталиев, Таабалды Эгембердиев, Нарын Айып, Турсунбай Бакир уулу, Садырбек Жигитеков сыяктуу калемгерлер ошондо элге таанылган.

Көбүнүн көзү өтүп кетти, мына ошол могикандардын бири тууралуу ушу азыр арман менен кеп кылып отурабыз. Айтса, ошол "Res Puвlica” гезитинде 1993-жылы Кыргызстандын Баш мыйзамы кабыл алынганда Нарын байкенин "Псевдоконституция" деген макаласы жарыяланган. Элдин баары жаңы мыйзамды жерге-сууга тийгизбей мактап атканда өлкөнүн маанилүү укуктук документи жалпы эл тарабынан эмес, коммунисттик системага кылган кызматынын аркасы менен Ак үйгө келип калган "легендарлуу парламент" тарабынан кабыл алынышын Нарын байке тартынбай сынга алган.

Кийин уксам, Нарын байкенин демократия, сөз эркиндиги, адам укугу, улуттук баалуулуктарды терең түшүнгөнүнө горбачёвдук "кайра куруу" доорунда Москвада жүрүп калышы, ал жердеги саясый жагдайлар себеп болуптур. Анан ал өнөктөштөрү менен биргелешип "Мүрөк" деген гезит чыгарып, анысын шаардагы кыргыз студенттерге, илимпоздорго таратып жүрүптүр. Ошол таберик гезиттин ар бир санын аспиет сактап, сыртын тыштатып койгонун кийин Прагадагы үйүндө көргөм. Жалгыз өзү кантип жупкадай жука кагазга гезит чыгарганга жетишкенин сурасам, жылмайып тим болгон. Илимий иштери менен алектенип, ара чолодо улутташтарына чыгыш таймашын да үйрөтүп жүрсө, гезит чыгарууга кантип убакыт тапканы мага эмдигиче табышмак.

Убакты-саатын ал негизги ишине арнап, мындайда баш көтөрбөй, үстөлдөн жылбай отурарын кийин "Азаттыкта" иштеп жүргөндө көрдүм. Мында иштегендер өзү майда-чүйдө нерселерге алаксыбай, телмирип компьютерден көзүн албай, ишине кадалып калышат. Нарын байкенин бир өзгөчөлүгү - кесиптештеринен жумушка кыйла эрте келип, баарынан кеч кеткени болчу.

Нарын Айып "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинде. 2-май, 2006-жыл
Нарын Айып "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинде. 2-май, 2006-жыл

Компьютер компьютерлигинен түткөн опол тоодой материалдарды эрикпей иргеп, алардын кыйласын англис тилине которуп, анысын дарек-дайынына жөнөткүчө түн ооп кетсе деле кадалып иштеп отура берчү. Жаңылыктардын баарын иретке келтирип тизип, анан орусчага, англисчеге которууну жогорто отургандар милдет кылып тапшырбаса деле опол тоодой түйшүктү өзүнө жүктөп алчу. Мунун баарын ал дүйнө Кыргызстандан кабардар, четке чыккан маалымат так, ачык болсун деген ниетте жасачу.

Нарын байкенин иш дегенде баарын унутуп койгон адаты 2002-жылдын 17-мартындагы Аксыдагы кандуу окуялар учурунда өзгөчө көрүндү. Парламентте отурган өкүлүн жок шылтоо менен камап коюшуна нааразы болуп жүрүшкө чыккан айылдыктарды жолдон милиция кызматкерлери атып, андан алты жаран курман болгону, каргашалуу окуянын чоо-жайы кесиптик милдетин так аткарган эки-үч журналисттин аракети менен ачыкка чыгып, анын арты Акаев бийлигинин күч менен кулатылышына алып келди. Аксыдагы окуяны жөө-жалаңдап ошол жерде жүргөн "Азаттыктын" кабарчысы Ырысбай Абдыраимов ыкчам кабарлап, аларды Прагага уйкудан калып түндөсү бюро жетекчиси Кыяс Молдокасымов жөнөтпөсө, маалыматтарды англис, орус тилдерине Нарын Айып которбосо, Аксы алааматы дүйнө элине табышмак бойдон калышы деле мүмкүн эле.

"Азаттыктын" ар бир сөзү акыркы чындыктай эле"
please wait

No media source currently available

0:00 0:18:15 0:00
Түз линк

Нарын байкенин өз кесибине, кызматтык милдетине карата тактыгы, мээнеткечтиги тууралуу толгон мисалдарды келтирип айтса болор эле. Ал жарым кылым ашуун мына ушул бир жагынан кызык, экинчи жагынан жооптуу, татаал өнөрдүн ысык-суугуна кайыл болуп, бир топ маалымдоо каражаттарында иштеди. Баарында тең убакты-саатын аябай, эфирге чыгарылуучу, жарыялануучу материалын ийине жеткире иштеп, сөз жоопкерчилигин бекем тутуп, журналист кимдир бирөөлөрдүн камчысын чаппай, кара кылды как жарган калыстыгынан тайбашы керектигин ырастап кетти. Акыркы деми калганча микрофондон алыстабай, эфир камылгасында жүрүп кантип ажалга алдырганын өзү деле сезбей калды окшойт.

Тагдыр жолу мага Нарын байке менен "Азаттыкта" эле эмес, Улуттук теле-радио корпорациясында да чогуу иштөө шыбагасын буюрган экен. Журналисттик иштин түгөнбөс түйшүгүнө кайыл болгон мээнеткеч адам кесиптештеринин бирине жакшы, экинчисине жаман көрүнүп, жаңылыкта ыкчамдык, тактык, калыстык керектигин ырастап, бир топ жылын жаңы муун журналисттерге насаатчы болуп, үлкөн иштерди жасап кетти.

Журналист Нарын Айыпка Салижан Жигитов атындагы "Улут абийири" сыйлыгы ыйгарылган. 4-октябрь, 2017-жыл.
Журналист Нарын Айыпка Салижан Жигитов атындагы "Улут абийири" сыйлыгы ыйгарылган. 4-октябрь, 2017-жыл.

Мына ушу түйшүгү түмөн жумушта жүрүп мартабалуу бирөөлөргө кошомат кылып мактабады, калыстыкка ишенип жашады. Ошентсе да ал өзү бийлиги менен байлыгына чиренген бир адамдын басым-кысымына туш келип, кысталыш абалды башынан кечирди. Ошондой оор кырдаалда да басынып, чөгүп кетпеди. Өзү ынанган, туура көргөн акыйкатына ишенип утурумдук кыйынчылык, сыноолорго баш ийбеди.

Нарын Айып, өрнөгүн көрүп калган кесиптештери "Нарын байке" деп сыйлаган белгилүү агабыз эрки күчтүү, иштерман, жаркылдаган ачык адам эле. Ажалга да ошонусу жаккан окшойт...

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Шерине

XS
SM
MD
LG