Израил 15 айдан бери биринчи жолу миңдеген палестиндерге Газанын түндүгүнө кайтууга жол ачты. Казакстанда 2022-жылдагы Январь окуяларына байланыштуу 44 адамга өкүм чыкты. АКШнын миграциялык саясатындагы өзгөрүүлөрдөн улам Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШда жүргөн же бул өлкөгө барганы жаткан жарандарды миграциялык мыйзам жоболорун так сактоого чакырды.
Жекшембинин кечинде Израил Газанын тургундарын тилкенин түндүк тарабындагы үйлөрүнө өткөрө баштады. АКШнын президенти Дональд Трамптын анклавда кайра куруу иштери аяктагыча газалыктарды араб өлкөлөрүнө көчүрүү тууралуу сунушу сынга кабылды.
Жогорку Кеңештин 22-январдагы жыйынында такси айдоочуларын лицензия алууга милдеттендирген мыйзам долбоору үчүнчү окууда талкуусуз кабыл алынды. Мыйзам бир нече жылдан бери артка кайтарылып келген.
Бишкекте көп кабаттуу үйлөрдүн биринде газ жарылып, 63 жаштагы аялдын өлүмүнө алып келди. Милиция иш козгоп, териштирүү жүргүзүүдө. Адистер газ киргизилген үйлөрдөгү өрт коопсуздугун сактоо керектигин эскертип жатышат.
АКШнын президенти Дональд Трамп өлкөнүн Мексика менен чек арасында өзгөчө кырдаал жарыялап, CBP One тиркемеси иштебей калды. "Азаттык" ушул тапта Мексикада жүргөн айрым кыргыз жарандары менен байланышты.
Мексиканын бийлиги АКШдан артка кайтарылган жарандары үчүн баш калкалоочу жайларды даярдап жатат. Бирок президент Клаудия Шейнбаум үчүнчү өлкөлөрдүн мигранттары кабыл алынбай турганын билдирди. Президент Трамп АКШ-Мексика чек арасына 1500 аскер жөнөтүү тууралуу буйрукка кол койду.
Шылуундарга алданып, малын жана автоунаасын алдырып жибергенин айткан жарандар "Азаттыкка" кайрылышты. Алар былтыр май айынан бери милициядан жардам сурап, бирок жыйынтык чыкпай келгенин, чыгашасы 5 млн сомдон ашканын билдиришкен. ИИМ окуянын чоо-жайы териштирилип жатканын маалымдады.
Президент Садыр Жапаров айыл-кыштактардын аталышын өзгөртүү боюнча дагы бир мыйзамга кол койду. Анда тогуз айылдын аталышы өзгөргөн.
Баш калаа Бишкектин ыш көйгөйү ушул жумада парламентте көтөрүлдү. Анда депутаттар өкмөттөн абаны булгап жаткан себептерди жоюуну талап кылды. Айрым эл өкүлдөрү соңку жылдары өлкөдө ыштын айынан ден соолугунан ажырагандар болуп жатканын айтышууда.
Ошто 2006-2007-жылдары дарыгерлердин айынан ВИЧ жуккан балдар жана алардын ата-энелери бийликке кайрылып, ипотекалык шартта батир берүүсүн сурап жатышат. Он тогуз жыл мурда ооруга чалдыккан 325 баланын алды 22 жашка чыкты.
АКШнын президенти Дональд Трамп 20-январда инаугурациядан кийин дароо мыйзамсыз миграцияны ооздуктоого киришти. Америкадагы кыргызстандык мигранттарды бул чечимдер канчалык түйшөлтөт? Трамптын алгачкы кадамдары дүйнөгө, анын ичинде Кыргызстанга кандай таасир тийгизиши мүмкүн?
Президент Жапаров дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер тууралуу мыйзамга кол коюп, андагы талкуу жараткан маселелерди түшүндүрдү. Ал диний агымдар жөнүндө сөз кылып, тармакты иретке келтирүү зарылдыгын белгиледи. Мыйзамды парламент былтыр 26-декабрда кабыл алган.
Дагы жүктөңүз