ИИМ жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылган деген шек менен 11 адамды кармады. Орусия Украинага согуш ачканына туура үч жыл болду. Дүйнөнүн бир катар шаарларында Украинага тилектештик билдирген акциялар өттү. Өкмөт башчынын орун басары Эдил Байсалов кыргыз-тажик чек арасы такталганын айтты.
“Сергек жашоо” подкастында бүгүн геморройдун сезгениши эмнеге алып келет деген суроого жооп издейбиз.
Кыргызстан менен Тажикстан ортосунда чек араны тактоо боюнча сүйлөшүү жараяны соңуна чыкканы расмий жарыяланды. Эми өкмөттүк делегациялар даярдаган жыйынтык документтер ар бир өлкөнүн ичинде талкууланып, бекитилген соң биргелешкен кол коюу жараяны өтүшү керек. Сүйлөшүүлөр жабык өттү.
Орусияда Кыргызстандын жараны "терроризмди актоо" деген айыптын негизинде эркинен ажыратылды. Бирок анын атасы "Азаттыкка" маек куруп, уулунун эч кандай террордук топторго тиешеси болбогонун айтып берди. Расмий маалыматтарга караганда, Орусиянын абактарында 1,3 миңдей кыргыз жараны отурат.
Төкмө акын кыз Нурайым Бактияр кызы “Азаттыкка” маек куруп, жеке чыгармачылыгы, максаттары, төкмөлүк өнөрдөгү сөз эркиндиги, акын кыздарга карата коомчулуктун мамилеси тууралуу айтып берди.
Кыргызстанда 20-февралдан тарта көрсөтүлөрү жарыяланган, казакстандык киночулар тарткан "Рэкетир 3" тасмасы кинотеатрлардан алынды. Буга эмне себеп болгону так айтыла элек.
Украинадагы согушту токтотуу багытында олуттуу дипломатиялык жүрүштөр башталды. Вашингтон менен Москванын делегацияларынын кездешүүсүнөн кийин уруш жакынкы арада токтойт деп айтууга негиз барбы? Эр-Рияддагы сүйлөшүүлөргө чакырылбай калган Киев жана Брюсселдин көз карашы кандай?
ХАМАС радикал тобу Израилге өткөрүп берген эки баланын энесинин сөөгү башканыкы болуп чыкты. Бул тууралуу туткундардын сөөктөрү соттук-медициналык экспертизадан өткөрүлгөндөн кийин Израил бийлиги билдирди. Өкмөт башчы Биньямин Нетаньяху 21-февралда бул үчүн хамасчылардан өч аларын эскертти.
Жер кодексинин жаңы редакциясынын долбооруна нааразы болгон жарандар Жогорку Кеңештин алдына чогулуп, президентке кайрылды. Алар парламент кабыл алган мыйзамга кол койбоону суранууда. Ал тапта президент Садыр Жапаров бул мыйзамды артка кайтарарын билдирди.
Трамп Зеленскийди “шайлоосуз отурган диктатор” деп атады. Москвадагы “Крокус Сити Холлдогу” теракт боюнча комментарий жазган кыргыз жараны Бекзат Абдинасир уулу Орусияда үч жылга абакка кесилди. Жер кодексинине нааразы болгон кырктай адам Жогорку Кеңештин алдына нааразылык акциясына чыкты.
АКШнын президенти Дональд Трамп украин лидеринин дарегине сынды күчөттү. Ал буга чейин Зеленскийди “шайлоосуз отурган диктатор” деп атаган. Бир күн мурун Зеленский Трамп "жалган маалымат айдыңында жашап жатканын" белгилеген болчу.
Тилеген Рахатбеков - шахмат боюнча майыптыгы барлар арасында Кыргызстандын бир нече жолку чемпиону. Ал апасынын колдоосу менен тагдырдын сыноосун татыктуу жеңип, Азиянын да чемпиону аталган.
Дагы жүктөңүз