"Азаттыктын" редактору, журналист. 2004-жылы Ош мамлекеттик университетин аяктаган.
“Куугунтук курмандыктары” подкастында XIX кылымда жашап өткөн тарыхый инсан Алымкул аскер башы - Алымкул Асан уулу тууралуу белгилүү тарыхчы Кыяс Молдокасымов менен маек курабыз.
Орусия Илимдер академиясынын тарыхчылары Кыргызстандын тарых окуу китептериндеги “колониализм” жана “колониялык саясат” деген терминдерге каршы болууда. Алар кыргызстандык кесиптештерин бул терминдерден баш тартууга чакырууда.
Орусиялык айрым тарыхчылар Кыргызстандын мектептериндеги тарых китебинен "оторчулук" деген терминди алып салууну сунуштады. Бул тууралуу Москвада өткөн Кыргызстан менен Орусиянын тарых боюнча эксперттик кеңешинин жыйынында сөз болгонун бир катар орусиялык басылмалар жазды.
Өзбекстандык белгилүү тарыхчы Кахроман Ражабов “Куугунтук курмандыктары” подкастында XX кылымдын башындагы Борбор Азиядагы улуттук боштондук кыймылдар, репрессия, деколонизация тууралуу маек курду.
Өзбекстандык белгилүү тарыхчы Кахроман Ражабов “Куугунтук курмандыктары” подкастында XX кылымдын башындагы Борбор Азиядагы улуттук боштондук кыймылдар, репрессия темасы боюнча, ошондой эле деколонизация тууралуу маек курду.
ХХ кылымдын башында кыргыздардын мамлекеттүүлүк жөнүндө түшүнүктөрү кандай болгон? Ошол доордун каармандарынын бири, совет мезгилинде басмачы катары ысымы эскерилбей келген Төрөкул Жанузаков тууралуу эмне билебиз? Тарыхчы Элебай Турганбаев менен талкуулайбыз.
Кыргыз, казакка бирдей таанылып, акын, дипломат, коомдук ишмер катары жигердүү иштеп, курч сөздөрү, акыйкат кеби менен кадыр күткөн чоң таланттын ээси Мухтар Шаханов 83 жашында дүйнө салды. Акынды Кыргыз эл жазуучусу, ТҮРКСОЙ уюмунун жетекчиси Султан Раев эскерет.
Кыргызстан быйыл эгемендигинин 35 жылдыгын белгилейт. "Куугунтук курмандыктары" подкастында тарых илимдеринин доктору Аалыбек Акунов менен коммунисттен демократка айланган муун, андан кийинки жылдардагы советтик менталитеттин таасири, эгемендик жылдардан кийинки тарых тууралуу кеп кылабыз.
Борбор Азияда акыркы жылдары “деколонизация” түшүнүгү кайра актуалдашты. Жаш муундун өз тилине, маданиятына жана тарыхына кайра кызыгып, бул тууралуу сөз кыла башташына эмне себеп? Буга Орусиянын Украинадагы согушунун кандай тиешеси бар? “Данисте” кыргыз жана казак жаштарынын пикирине орун берет.
Салижан Жигитов өз доорунун сынчысы, элчиси, улуттун, элдин кемчилигин кашкайта айтып, көпкө жек көрүнгөн кашкөйү болду. Ал 2006-жылы 70 жаш курагында оорудан көз жумган. Көзү тирүү болгондо быйыл 17-мартта 90го чыкмак.
АКШ менен Израилдин Иранга каршы согуш баштаганына төрт күнгө аяк басты Перс булуңундагы араб өлкөлөрүнө дагы жаңжалдын кесепети тийүүдө. Бул канчага уланат жана аягы эмне менен бүтөт?
АКШ менен Израилдин Иранга каршы согуш баштаганына төрт күнгө аяк басты Перс булуңундагы араб өлкөлөрүнө дагы жаңжалдын кесепети тийүүдө. Бул канчага уланат жана аягы эмне менен бүтөт? Анын кесепети, коркунучу эмнеде?
Мугалимдин кадыр баркы, коомдогу агрессиянын балдарга таасири, билим берүү жана тарбия тууралуу белгилүү агартуучу, коомдук ишмер Асылбек Жооданбеков менен талкуулайбыз.
“Куугунтук курмандыктары” подкастында дүйнөдө кеңири жайылган саясый жана тарыхый бейне түзүү, мемуар жазуу, анын тарыхка салымы тууралуу жазуучу, академик Осмонакун Ибраимов менен маек курабыз.
Президент Садыр Жапаров УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевди кызматтан алды. Бул чечимин ал "мамлекеттик түзүмдөр ортосундагы биримдикти чыңдоо аракети" деп атады.
Кыргызстанда 1980-1990-жылдардагы толкун тууралуу, жаңылануу, өзгөрүүнү эңсеген кыймылдар тууралуу азыноолак сөз кылып жүрөбүз. Ошол доордогу чакырыктардын күүсүнөн азыр дагы чыга албай, ошол эле аң-сезим менен жүргөн жокпузбу? Эгемендик алган 35 жылда кандай коом кура алдык?
Дагы жүктөңүз