"Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.
Сүрөтчү, сатирик, жазуучу Төлөгөн Карыкеевдин “Карыке-тура сабактары” аталышындагы жаңы китеби жарык көрдү. Ал өлкөнүн коомдук-саясий турмушундагы орчундуу учурларды тамсилге салып, карикатура кылып тартып келет.
Бишкектеги Улуттук филармонияда залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде даярдалган "Раймалы менен Бегимай" этно-мюзикли тартууланып жатат. Бул долбоор жаш муунга улуттук өнөрдү, баалуулуктарды даңазалоо максатында уюштурулган.
86 жашында акка моюн сунган эл акыны Нурпаис Жаркынбаев кыргыз улуттук драма театрынын алдында акыркы сапарга узатылды. Калемгер жакын арада гана 85 жылдык маарекесин өткөрүп, китебин чыгарган болчу. Замандаштары аны өмүр бою окуп-изденген, мээнеткеч, өз доорунун мекенчил акыны катары сыпатташат.
Журналист жана публицист, "Азаттыкта" көп жыл эмгектенген Амирбек Азам уулу "Тобокел Мамыровдун бийиктиги" деп аталган эмгегин жарыкка чыгарды. Китепте XX кылымдын 50-жылдарынын экинчи жарымында бийиктикке секирүүдөн Азиянын рекордчусу болгон Тобокел Мамыровдун өмүр жолу баяндалат.
Төкмө акын кыз Нурайым Бактияр кызы “Азаттыкка” маек куруп, жеке чыгармачылыгы, максаттары, төкмөлүк өнөрдөгү сөз эркиндиги, акын кыздарга карата коомчулуктун мамилеси тууралуу айтып берди.
Кыргызстандын кинотеатрларында казакстандык чыгармачыл топтун “Рэкетир” тасмасын көрсөтүүгө тыюу салынды. Буга кинонун башкы каарманынын ролун аткарган актер Саят Исенбаевди "кылмыш дүйнөсүнүн анабашы" аттыккан, маркум Камчы Көлбаевдин уулу жандап жүргөнү себеп болгону айтылууда.
73 жашында акка моюн сунган белгилүү журналист Нарын Айып 15-февралда акыркы сапарга узатылды. Айтылуу публицист, журналист бир топ жыл "Азаттык" радиосунда иштеп, кыргыз кызматынын редактору болгон. Кийин өлкөдөгү башка бир катар жалпыга маалымдоо каражаттарында эмгектенген.
Кыргызстандык көзү азиз үч параспортчу бийликтен ипотекага үй алууга жардам сурап кайрылууда. Алар өкмөт өкүлдөрүнө, Мамлекеттик ипотекалык компанияга да барганын айтып беришти.
Быйылтан тартып Кыргызстанда бардык мектептерде окуучулар кийинки класска көчкөндө кыргыз тилинен экзамен тапшырууга милдеттүү болот. Экзамен лексика-грамматика, окуу-түшүнүү жана жазуу боюнча өтөт. Класстан класска көчүрүү экзамени кандай өтөт, шарттары кандай болот?
Акын жана публицист Жыргалбек Касаболоттун “Сын китеп” аталышындагы жаңы эмгеги жарыкка чыкты. Бул жыйнакта анын кыргыз адабиятындагы жана публицистикасындагы бир катар авторлордун эмгеги тууралуу адабий талдоосу, ой толгоолору камтылган.
Кыргыз улуттук драма театрында үч күн катары менен режиссер Уланмырза Карыпбаевдин “Эне” спектакли коюлду. Чыгармада оорулуу эненин тагдыры менен катар үй-бүлөлүк баалуулуктардын урашы, балачакта жүрөгүнө так болуп калган психологиялык травманын салдары жана кыргыз аялдарынын оор тагдыры көтөрүлгөн.
Калыс Жумадил "Көчөдөгү кагаздар" деген долбоор баштап, социалдык тармактан көптөгөн көрүүчү топтой баштады. Ал ак кагазга эки сап ырларды жазып, аларды шаар көчөлөрүнөн видеого түшүрүп, контент жасайт. Калыс жаштар арасында поэзияны кеңири жайылтуу үчүн ушундай заманбап ыкмалар керек деп эсептейт.
Кинорежиссер Дастан Жапар Рыскелди "Азаттыкка" жеке чыгармачылыгы, учурда элге жаңыдан тартууланып жаткан "Качкын" тасмасы, дегеле бүгүнкү кыргыз киносунун күңгөй-тескейи тууралуу маек курду.
2022-жылдагы чек ара жаңжалында окко учкан чек арачы Мирлан Ниязовдун жубайы Сатина Лайлиеваны УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары, мамлекеттик чек ара кызматынын башчысы Абдикарим Алимбаев кабыл алды.
Ак таңдай акын Жеңижок (Өтө Көкө уулу) тууралуу алгач ирет тарыхый тасма жакын арада элге тартууланганы турат. Фильм өкмөттүн каржылоосу менен тартылган. Залкар төкмө тууралуу бул эмгекте анын чыгармачыл чыйыры, бала чагынан баштап өмүрүнүн соңуна чейинки тагдыры чагылдырылган.
Ырчы Аман Эсенбеков “Азаттыктын” студиясында жаңы жылдык ыр белек тартуулады. Жаш талант соңку убактарда “Арзуу”, “Кайыр кош”, “Эсиңдеби?” жана башка белгилүү ырларды аткарып, ыр сүйүүчүлөрүнүн көңүлүн буруп келе жатат. Ал кыргыз сахнасынан ордун таап, эл аралык сынактарда да өзүн сынагысы келет.
Жогорку Кеңеште кыргызстандыктардын фамилиясын тандоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды. Ага ылайык, буга чейин жарандын аты - жөнү Асанов Үсөн Касымович болсо, каалоочулар эми документке Асантеги Үсөн Касымдын деп жазылганга мүмкүнчүлүк алат.
Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин базасында акын, жазуучу, адабий сынчы жана котормочуларды даярдай турган эки жылдык жогорку адабий курс ачылды. Учурда анда адабиятка кызыккан ондон ашуун угуучу билим алып жатат.
“Ашар” кыймылынын негиздөөчүсү, мурдагы КДКнын жигердүү мүчөсү, Үркүндү эскерген “Өмүр көчү” жүрүшүн уюштурган Жумагазы Садыр уулу 71 жашында оорудан улам акка моюн сунду. 1990-жылдары Кыргызстандагы демократиялык кыймылдардын башында турган каарманды замандаштары менен бирге эскеребиз.
Кыргыз киносунун архивин сактап жүргөн фотосүрөтчү Александр Федоров 1996-жылы Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрдын жамаатынын чогуу түшкөн сүрөтүн тарткан.
Дагы жүктөңүз