Орусия Курск облусунан украин күчтөрүн сүрүп чыгарууга түндүк кореялык аскерлерди салып жатканы кабарланды. Расмий Киевдин эсебинде ушул тапта Пхеньяндын 10 миңден ашуун аскери Курскиде турат жана алардын алды украин жоокерлери менен кагылышып, жоготууга учурады. Москва эмне себептен чет элдик контингентти согушка салууга мажбур болду? Түндүк Кореянын кызыкчылыгы кандай? Бул Украинадагы уруштун нугун канчалык өзгөртө алат?
Кыргызстан
бейшемби 14 Ноябрь 2024
Бишкек: Аймактык шайлоо комиссиясы социал-демократтарды шайлоодон четтетти
- Бакыт Төрөгелди
- Эрлан Жумакадыров
14-ноябрда Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы “Социал-демократтар" партиясын Бишкек шаардык шайлоосунан четтеткен чечим кабыл алды. Шаардык милиция КСДПнын штаб башчысы Ирина Карамушкина жана партиянын тарапташы Роза Турксеверди кармады. АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп Ак үйдө азыркы мамлекет башчы Жо Байден менен жолукту. Анда Украинадагы согуш, Жакынкы Чыгыштагы кырдаал талкууланды. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов бюджетке 200 миллион доллар төгүп тергөө абагынан чыкканын айтты.