Кыргызстанда 33 шаарда, анын ичинде Бишкек, Ош шаарларында жана 231 айылдык кеңештерде шайлоо өттү. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Тепке айылындагы №3092 шайлоо тилкесинде бюллетен чыгарган аппарат иштебей, добуш берүү башка күнгө жылдырылды.
Кыргызстан
жекшемби 17 Ноябрь 2024
БШКнын автоматтык эсептөө системасындагы маалыматка ылайык, 17-ноябрда саат 18:00гө карата 969 787 шайлоочу добуш берди. Бул жалпы шайлоочулардын 23,45% түзөт. Жергиликтүү кеңештерге шайлоодо добуш берүү саат 8.00дө башталды, кечки саат 20.00дө жыйынтыкталат. БШК билдиргендей, өлкө боюнча 2 миң 437 добушкана ачылды.