Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:02

Кыргызстан

Дунган тегиндеги колукту.
Дунган тегиндеги колукту. Этнограф Али Жйөндүн жеке архивинен.

Көп этностуу эгемен Кыргызстандагы дунгандар мээнеткеч дыйкан калк катары жамы журтка дурус маалым. Дунгандар кыргыздар жана башка түрк калктары менен орто кылымдардан бери тыгыз этностук-маданий алакаларын өөрчүтүп келишет. Тарыхчынын блогу.

Бала чактагы мен билген дунгандар

Нарын жергесиндеги бала чагымда туш болгон алатоолук чакан этностордун бири – дунгандар эле. Алар Нарын шаарындагы базарды жашылча-жемиш менен үзбөй камсыз кылып турушчу. Ал түгүл 1960–70-жылдарда нарындык кыргыздар минтип мактанып айтышаар эле: “Биздин дунган коңшубуз бакчасында жашылча түрлөрүн, пыяз, сабиз, чемичке түгүл, алмадан бери өстүрөт!”

(Албетте, ал кезде “Эмнеге өзүң деле аларды өстүрбөйсөң?” деген суроо деле берилчү эмес. Кийинчерээк, 1980–90-жылдардан тартып, жергиликтүү кыргыздардын арасында да нечендеген багбандар чыгышты).

Нарындык дунгандар кыргыз жана орус тилдерин жакшы билишет. Адатта, алар өз балдарын Чкалов атындагы орус мектебине же башка мектептердин орус класстарына беришчү. (Кыргыздардын аткаминерлери деле ошентишчү эмес беле).

Жалпы калайык ичинде өзгөчө кеңири таркалган түшүнүк – бул дунгандардын эмгекчилдиги эле.

Албетте, мурдагы көчмөн кыргыздар үчүн дунгандардын дыйканчылыктагы машакаттуу иш-аракетти белсенип жүргүзгөнү ушундайча элес калтырса керек.

Балким, кыргыздардын жайлоодогу жана кыштоодогу чети оюлбаган малчылык түйшүктөрүнө күбө болгон дунгандар деле бизди “мээнеткеч” деп санашкандыр?

Жайлоодогу “жамбаштап жатсам сонун да!” деген ыр сабы, чынында, малчынын түйшүгү мол экендигин жымсалдап салат эмеспи!

Анын сыңарындай, дунгандар деле талаа иштерин жайгарып алган соң, аптап маалында ыгы менен “жамбаштап жаткан” учурларды өөнөп алышса керек.

Айтор, дунган туугандарыбыз өлкөбүздүн айыл чарбасын жана багбанчылыгын өнүктүрүүгө опол тоодой салым кошкон дыйкан жана багбан эл экендиги талашсыз.

Дунгандардын теги тууралуу учкай сөз

Дунгандар – Кытайда орто кылымдарда калыптанган улут. Алардын тили – дээрлик кытайча (ханзуча), дини – ислам. Бул элдин өздүк аталышы (эндоэтноними) – хүйзу (خُوِزُو; иероглиф менен 回族 деп жазылат).

Мурдагы Советтер Биримдигинде бул элге карата “дунган” деген этностук аталыш колдонулуп калган.

Азыркы Кытай Эл Республикасында (КЭР) 14 миллиондой дунган байырлайт, дешет.

КЭРдин бийликтери дунгандарды өзүнчө этнос катары карабастан, бул өлкөдөгү көн сандуу улуттун – ханзулардын (б.а. кытайлардын) ичиндеги кытай тилинде сүйлөгөн, бирок дини ислам болгон топ катары белгилешет.

Орто кылымдарда Кытайдагы Юан (1271–1368) жана Миң (1368–1644) сулалелери маалында кытайлык хан сарайдын аткаминерлери жалпы эле мусулман, несториан христиан жана йахудий (жөөт) диндерин туткан чет өлкөлүктөрдү “хүй” (Hui) деп атап коюшчу.

Италиялык саякатчы, дин таркатуучу, окумуштуу жана котормочу Маттео Риччи (Matteo Ricci; ханзуча Ли Ма-доу; 1552–1610) дагы “хүй” термини Жакынкы Чыгыштан келген үч (ислам, тарса жана йахудий) диндеги чет өлкөлүктөрдү жалпылап атап чагылдыргандыгы жөнүндө эскерген.

Кийинчерээк бул сырттан берилген элдик аталыш (экзоэтноним) менен ханзуча сүйлөгөн жана ислам динин туткан жергиликтүү этностук топ да аталып калды.

Дунгандарды башка да этнонимдер менен дагы аташчу экен. Алардын чоо-жайына токтолуп отурбайлык.

Каракол шаарындагы дунган мечити.
Кыргызстандын Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы атактуу дунган мечити. Этнограф Али Жйөндүн жеке архивинен.

Айтор, 1954-жылы КЭРдин өкмөтү дунгандарды өлкөдөгү ислам динин туткан башка элдерден айырмалап, “хүй” (Hui) этностук тобу катары расмий каттаган. Англисче адабиятта кээде аларды “сино-мусулмандар” (Sino-Muslims) жана “ханзу мусулмандар” (Han Muslims) деп да атап келишет.

XXI кылымдын башындагы генетикалык иликтөөлөргө караганда, КЭРдеги дунгандардын генинде Евразиянын батышынан келгендердин 6,7 гана пайыз катышы бар экен. Демек, алардын генинин 97,3 пайызы Борбордук, Ички жана Чыгыш Азиянын калктарыныкына окшош болуп чыкты.

Элдик жоромолдор боюнча, Улуу Жибек жолу менен келген арап жана парсы мусулман элдеринин өкүлдөрү дунган элинин калыптанышына зор салым кошкон, делет. Бирок бул – илимий эмес жоромол.

Али Жйөндүн “Сырдуу токой” жыйнагынын Кеннет Ж. Йин жарыялаган англисче котормосунун мукабасы (2023).
Али Жйөн мырзанын “Сырдуу токой” ырлар жана аңгемелер жыйнагынын Кеннет Ж. Йин мырза жарыялаган англисче котормосунун мукабасы (2023).

Чын-чынында, маркум профессор Мухаммед Сушанло (Бишкек), көзү тирүү профессор Мухаммед Ху Чжэнхуа (Бээжин), этнограф, тарых илимдеринин кандидаты Али Алиевич Жйөн (анын тегаты орусча “Джон” деп жазылат) сыяктуу белгилүү дунган таануучулар белгилешкендей, дунган элинин келип чыгышына ислам динин кабыл алган ханзулардан (кытайлардан) тышкары бир катар мусулман чыгыш түрк элдери (анын ичинде уйгурлар, саларлар, кыргыздар, сары уйгурлар, ж.б.), ошондой эле айрым кытаң (кидан), монгол жана тунгус-манжур тектүү чыгыш элдеринин өкүлдөрү да катышкан.

Мында монгол тектүүлөр бекеринен айтылбады.

Азыркы Монголиядагы Увс-Нор (Убсунур) көлүнүн түштүгүндө Убсунур аймагында байырлап жаткан хотон эли – монгол тилдүү мусулман этнос. Алардын этностук калыптанышына да кыргыздар жана башка чыгыш мусулман түрк элдери салым кошкон. Алар өздөрүнүн түркчө хотон тилин дээрлик унутуп калышкан.

Кытайдын түндүк-батышында болсо ханзуча “дунсян” (Dongxiang) деп аталган жана өзүн “сарта” (“сарт”) же “санта” атаган монгол тилдүү чакан этнос байырлайт. Дунсян элинин саны – болжол менен 775 миңдей киши. “Дунсян” сөзү ханзу тилинен “Линся шаарынын чыгышындагылар” деп которулат. Гансу өрөөнүндөгү бул элдин дини – ислам дини болуп саналат.

Кыргыз улутунун баатырдык эпосу “Манаста” башкы кейипкерлердин бири катары саналган Алмамбеттин теги – кытай эмеспи. Ал хан Манастын ишенимдүү досу жана жөкөрү болуу үчүн ислам динин кабыл алат.

Кайсы бир деңгээлде бул эпостук окуя дунган элинин дагы этностук калыптануу тарыхынын көркөм чагылдырылышы катары салыштырылып каралышы мүмкүн.

XIX кылымдын экинчи жарымындагы дунган көтөрүлүштөрү жана ички дунган Үркүнү

Кытайда өкүм сүргөн Цин-манжур сулалесинин падышасы Туңжы (Тунчжи; Tongzhi; 1856–1875) тактыда отурган жылдары (1861–1875) бул өлкөдөгү дунгандар байырлаган Шэнси, Гансу жана Нинся сыяктуу бир катар аймактарда ири улуттук-боштондук көтөрүлүштөр орун алган. Өлкөнү Туңжы падышанын бала чагында, 1873-жылга чейин, анын энеси, жесир каныша Цыси (1835–1908) бийлеп турган. Туңжы өзү бир гана жыл өз алдынча башкарып, 18 жашында кайтыш болгон.

Бирок 1862–1877-жж. дунган көтөрүлүштөрү Кытай тарыхында “Туңжы бийлеген замандагы мусулман (хүй) согушу” деп жалпы аталып калган.

Шэнси аймагында 1862–63-жылдардагы көтөрүлүш исламдык “ыйык казат” урааны менен да жүргөн. Ошол жылдары бул аймакта диний мазмундагы өз ара кыргын да орун алып, өз жанынан корккон айрым шэнсилик ханзулар ислам динине убактылуу өткөнү да айтылат.

Оболу 1864–69-жылдары шэнсилик көтөрүлүшчү дунгандар тобу Гансу аймагына (азыркы Нинся-Хүй автоном району менен түндүк Цинхай аймактарына) үрккөн.

Андан ары Гансудан батышка качып чыгууга аргасыз болгон дунгандар Чыгыш Теңир-Тоого жана Тарим ойдуңуна чейин келишкен.

Кыргызстандагы дунгандардын музыкалык аспаптарынан.
Кыргызстандагы дунгандардын музыкалык аспаптарынан. Этнограф Али Жйөндүн жеке архивинен.

Келгин дунгандар Чыгыш Түркстандагы цин-манжур баскынчылыгына каршы улуттук боштондук кыймылдарга да жигердүү салым кошкон. Маселен, мындагы жергиликтүү болуп калган дунгандар жана келгин дунгандар 1864-жылы Үрүмчү шаарын ордо кылган Дунган хандыгын негиздешкен. Анын башчысы Лотай-хан көп узабай дунгандардын Үрүмчү султандыгын жарыялаган. Бул мамлекетти уйгур, казак жана кыргыз сыяктуу бир катар жергиликтүү түрк мусулман калктары да колдошкон.

Кулжа (Иле дарыясынын башы) тарапта 1864–1871-жылдары мусулмандык Таранчы султандыгы (Кулжа же Иле султандыгы) да түзүлгөн. (Анын аймагын падышалык Орусия 1871-жылы июнда убактылуу каратып алып, он жылга жакын бийлеп турган).

Профессор М. Ху Чжэнхуа өз үйүндө. Бээжин. 22.10.2015.
Профессор Мухаммед Ху Чжэнхуа өз үйүндө. Бээжин, КЭР. 22.10.2015.

Таранчы султандыгындагы көп этностуу калайыктын арасында дунгандар да болгон.

1864-жылы Кашкардагы мусулман калайык цин-манжур өкүмүнө каршы көтөрүлүш баштаган. Алар ошол жылы Кокон хандыгынан келген айтылуу ак-тоолук (чыгыш памирдик) сопулук агымга таандык кожолордун тукуму Бузурук кожо Жааңгир кожо уулун өздөрүнө башчы кылып шайлап алышкан.

Ошол 1864-жылы Кашкардагы кыргыз колбашчы Сыдыкбек шаардагы чин-манжур чебин камалап, бирок ала албай, Кокон хандыгынан аскердик көмөк сураган. Сыдыкбек баатыр Бузурук кожо Жааңгир кожо уулун Кашкардагы тактыга биротоло отургузгусу келген.

Ошол кездеги Кокон хандыгынын лашкер башчысы, кыргыз колбашчы Алымкул жөнөткөн аскерди жетектеген Жакып бек (Мухаммед Йакуб-бек; 1820–1877) бат эле Бузурук кожону четке жылдырып, 1867-жылы бийликти тартып алган жана “Жети шаар” мамлекетин негиздеген. Ал өзүнө “бадөөлөт” деген даража ыйгарып алган.

1870-жылдын соңуна карата Жакып бек Дунган хандыгын (султандыгын) да каратып алган. Дунгандардын хандыгы борбору Кашкар болгон “Жети шаар” мамлекетине көз каранды болуп калган.

Чыгыш Түркстандагы дунгандардын бир катар топтору “Жети шаар” мамлекетин колдоп чыгышкан. Алардын арасында шэнсилик дунгандардын жолбашчысы Мухаммед Айып Бийанху (Мухаммед Аюб Биянху; 1830–1882) да болгон.

Бул жарандык согуш жана улуттук көтөрүлүш маалында уруштардан, ачарчылыктан, жугуштуу оорулардан жана аргасыз журт которуулардан (“үркүндөрдөн”) улам түндүк-батыш Кытайдын жалпы калайыгы 21 миллион кишиге кыскарган, деп жоромол кылынат.

Дунгандардын XX кылымдын башында курулган салттуу үйү. Ырдык кыштагы, Ысык-Көл өрөөнү, Кыргызстан.
Дунгандардын XX кылымдын башында курулган салттуу үйү. Ырдык кыштагы, Ысык-Көл өрөөнү, Кыргызстан. Этнограф Али Жйөндүн архивинен.

Дунгандардын топторунун Жети-Сууга үркүнү

Цин-манжурдук Кытай бийлиги чет-четинен көтөрүлүш очокторун кандуу басып, Батыш Кытайдагы улам жаңы аймакты ээлей берген.

1873-жылдын соңунда цин-манжур аскерлери Гансу аймагындагы көтөрүлүш очокторун тазалашкан.

1875-жылы цин-манжур колбашчысы Цзо Цзунтан өзүнүн 70 миң жоокери менен Жуңгарияны кайра каратып алган.

Цин-манжур жазалоочу аскерлери 1876-жылы августта Үрүмчү шаарын, ошол жылы октябрда Чыгыш Теңир-Тоодогу Манас шаарын каратып алышкан.

1877-жылы апрелде Цзо Цзунтан аттандырган 180 цин-манжур баталйону Жети шаар мамлекетине капысынан кол салган.

Май айында Жакып бек ууландырылып өлтүрүлгөн соң, анын хандыгы бат эле ыдырап кеткен.

Кашкардагы Ид Ках мечитинин алды. ШУАР, КЭР. 05.6.2019.
Кашкар шаарындагы Ид Ках мечитинин алдында уйгур жигиттери Орозо айт намазынан кийин бийлеп жатышат. ШУАР, КЭР. 05.6.2019.

Ошол жылдын декабрына карата бүткүл Кашкар аймагы кайрадан Цин-манжур сулалесине каратылган.

Чыгыш Түркстанда көтөрүлүшчү мусулмандарга каршы аёосуз жазалоолор башталган.

Дал ошол кырдаалда бул аймактагы бир катар этностордун топтору (уйгурлар, ислам дининдеги сарт калмактар жана дунгандар) падышалык Орусиянын ээлигиндеги Жети-Сууга качып чыгууга мажбур болушкан.

Оболу 1877-жылы ноябрда Дасифу баштаган гансулук дунгандар (1166 киши) Бедел ашуусу аркылуу Каракол шаарына келген. Ал эми Мадажын баштаган гансулук жана чыгыш түркстандык дунгандардан турган дагы бир топ (1779 киши) Фергана өрөөнүнө көчө качкан.

Мухаммед Айып Бийанху жетектеген шэнсилик дунгандар тобу (3314 киши) Торугарт ашуусу аркылуу Нарынга өтүп, 1877-жылы 27-декабрда Токмок шаарына келген.

1881-жылы күзүндө Иле (Кулжа) аймагынын оодук бөлүгүн Орусия падышалыгынын бийликтери кайрадан Кытайга өткөргөнгө байланыштуу Иле дарыясынын боюнда жашаган бир катар дунгандар Жети-Сууга көчө баштаган. 1884-ж. 1-июлга чейин бул жактан 4682 дунган Жаркент, Алматы жана Бишкек жакка көчүп келишкен.

Дунган үркүнү маалында далай кишилер жолдо набыт кетишкен.

Кыргыздар, казактар, өзбектер жана башка жергиликтүү элдер ач-жылаңач дуңгандарды жана башка качкындарды жылуу тосуп алышып, аларга тамак-аш жана кийим-кече берип көмөктөшкөн. Жергиликтүү оторчул бийликтер да атайын чара көрүшүп, келгиндер үчүн каражат жана жер-суу тилкелерин бөлүп беришкен.

Ошентип, 1877-жылдан тартып Кыргызстанда дунган диаспорасы калыптанган.

Кыргыз-дунган этностук-маданий байланыштары

Эгерде Ички Азияда жана Чыгыш Теңир-Тоодо кыргыздар дунгандар менен тээ орто кылымдардан бери карым-катнашта болуп келишсе, ал эми Кыргызстандын аймагында алар соңку 147 жылдан бери ымалашып жашап келишет.

Дини жагынан бирдей болгондуктан, кыргыздар, казактар жана дунгандардын этностор аралык никелери кыйла арбын учурайт.

Дунган тегиндеги күйөө жана колукту нике тоюнда.
Дунган тегиндеги күйөө жана колукту нике тоюнда. Этнограф Али Жйөндүн жеке архивинен.

Биздин ага досубуз, тарых илимдеринин кандидаты, этнограф Али Алиевич Жйөн мырза жакын туугандарынын бири көлдүк кыргыз кызга үйлөнгөнүн айтса, мен бир бир бажамдын эки уулу тең чүйлүк дунган кыздарга үйлөнүшкөнүн айттым.

Кыргыз акыны, котормочусу жана журналисти, “Кыргыз КСРинин Маданиятына эмгек сиңирген кызматкери” наамынын ээси Смар Шимеев (1921–1976) да кыргыздар багып алган, өз теги дунган айдың болчу, дешет.

КР УИАнын Дунган таануу жана кытай таануу борборунун кызматкерлери жана коноктор.
КР УИАнын Дунган таануу жана кытай таануу борборунун кызматкерлери жана коноктор илимий бөлүмдүн 90 жылдыгына арналган жыйын маалында. Бишкек.

Айтылуу алатоолук дунган тарыхчысы, этнограф, тарых илимдеринин доктору, профессор, Кыргызстандын УИАсынын мүчө-кабарчысы, Кыргыз Республикасынын илимине эмгеги сиңген ишмер Мухаммед Ясызович Сушанло (20.12.1924 – 22.2.1998) агайыбыздын энеси казак кызы болгон.

(Анын эмгегин караңыз: Сушанло, Мухамед Ясызович. Дунгане: (историко-этнографический очерк). – Фрунзе: Илим, 1971. – 305 б.).

Жусуп Мамай, Сакен Өмүр жана Мухаммед Ху Чжэнхуа (оңдон солго).
Кытайлык залкар кыргыз манасчысы Жусуп Мамай, адабиятчы Сакен Өмүр, манас таануучу жана дунган таануучу Мухаммед Ху Чжэнхуа (оңдон солго).

Ал эми бээжиндик профессор, теги дунган Мухаммед Ху Чжэнхуанын заманбап кыргыз таанууга жана манас таанууга кошкон көөнөргүс салымы өзүнчө сөз кылууга арзыйт.

Кыргыздар дунгандардын тамак-аш маданиятын өздөштүрүп, андан ары өнүктүрүштү. Ашлямфу, лагман, мантуу сыяктуу дунган тамак-аштары эми кыргыз даамдарынын бир түрүнө айланды.

Дунгандардын "лагман" аттуу улуттук тамагы.
Дунгандардын "лагман" аттуу улуттук тамагы. Этнограф Али Жйөндүн жеке архивинен.

Дунгандар болсо кыргыздын бешбармагын, кымыз, жарма, бозо сыяктуу азыктарын өздөштүрүштү.

Кыргызстандык дунган тегиндеги окумуштуулар, синология жана дунган таануу өңүттөрүндөгү эмгектери менен жумуриятыбыздагы чыгыш таануу тармактарын өнүктүрүүгө бараандуу салым кошуп жатышат.

Эң башкысы – кыргызстандык дунгандар өлкөбүздүн демократиячыл жүрүмдөрүнө, коомдук-саясий, маданий, спорттук жана илимий турмушуна жана этностор аралык ынтымагына жумуриятыбыздын данакер жарандары катары зор салым кошуп келишет.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Чырактай кыздын тагдырын бузуп алдап кеткен аткаминер акыры жазасын алды. Байкуш кыз балалык сүйүүсүнө чыккынчылык кылган ташбоорду өлтүрттү. Бирок көңүлү жайланган жок. Анын тагдырынын бузулушуна ким айыптуу, өзүбү, турмушпу, акчабы? Ракманберди Мамановдун "Биринчи икая" аңгемесин талдайбыз. 

Кетмен

Жашоодо жаздым басып алган жаш адамдын оңолушу кыйын, аны убагында акылга салып калчап, так баа бериш баарынын эле колунан келе бербейт. Антип жеңил жолго түшүп кеткен "түнкү көпөлөктөрдүн" баарынын тагдыр жолу окшош, көчөт кезинде баёолугунанбы же аңкооолугунанбы бир шумпайдын торуна түшүп алданып калгандар. Окуя мындай болуптур.

Газетанын каттар бөлүмүндө иштеген кызматкерге аябай боёнуп-түзөнгөн сулуу аял баш багат. Редакцияга келген зайып чынында эле сулуу болчу. "Бакырайган кара көздөр, чийилгендей, терилгендей каштарга жараша ботонукундай узун кирпиктер, жуп-жука эриндер, быйпыйган мурун, ой-о-ой, сөз жетпейт айтууга". Бейтааныш сулуу журналистке башынан өткөндөрүн айтып бергени келиптир. Кыязы ичтен быша берип айласы куруп, чогулган сырын чыгарып, бугун жеңилдетейин деп келген окшойт. Болбосо редакцияга эмнеге баш багат?! Журналисттин жазгандарын окуп жүрүптүр. Бул турмушта "ачкалык, кендир кескен жокчулук карапайым калкты жерден алып, көргө уруп» жаткан чакта ар ким колунан келген ишин жасап жан багып атпайбы. Сулуу аял да ошо колунан келген ишин жасап жашоо-турмушун кечирип атыптыр.

Аялдын балалыгы социализм заманында өткөн. Айылдагылар колхозго иштечү. Ал эми колхоздун "ханы" башкарма болчу.

"Атам колхоздун бир бригадасында сугатчы. Өмүрү бүт ошону менен өттү. Апам — тамекичи. Биз тогуз бир тууган болчубуз. Кол арага жараганыбыз апамын этегин кармап тамеки эгип, чаап, үзүп-тизип алектенчүбүз. Бул иш кызыганда түнү-күнү тыным албай коюн-колтук бүт тамекинин ширесине капталып, чаңга белчеден батып, уйку көрбөй мас алетте жүрчүбүз. Жогорудагыга жараша эмгек акы алсак кана. Аны ал кезде түшүнүү кайда…


Жалгыз апам иштеди болуп эсептелип, айына он-он беш, ашса жыйырма сом төлөнчү, он эки сомго бир чыпта ун келет. Он бир жанга нан бышырсаң, эки жолу камыр болот. Бул бир жарым аптага араң жетет. Саар менен нан-чай, түштө этсиз үйрө аш, кеч тийме-тийме көр пиява, базар күнү гана бир тиштемден эт көрөсүң. Жеген тамагыбыз ушул. Кийген кийимибизди айтпаң. Бири-бирибизден жула качып эптеп дене жапмай. Жаз, жай, кеч күзгө чейин жылаңайлак жүрмөй. Тамандар чорт-чорт жарылып, ачышканда безилдеп ыйлап…

Ээ, атаң көрү. Атам бечара таң азандан түн жарымына чейин бир ай бою кетменин колунан түшүрө койбой тырбалаңдаса да, тапканы беш-алты сом. Ал кийим-кечек эмес, тамак-ашка жетеби, биздин дептер, калемибизге ылайык болобу? Баарыбызга бүрккөнгө жарабас. Ошондон атам арада ичип алат. Апам жаңжалдашат. Кээде экөө мыжыгышып калышат. Эркек эркек да, ошентип апам атаман тез-тез токмок жечү.

Бойго жете баштаганымда аңдаганым ушулар болду. Аяк-буякка саресеп салдым. Жетпес турмушка көңүлүм чөктү. Ичимен сыздадым. Районду башкаргандарды билбейм, колхоздун раисинин, партиялык комитетинин секретарынын (Коммунисттик партиянын колхоздогу саясий жетекчиси), бригадирлердин бала-чакаларынын кийген кийимдери, жеген-ичкендери ошол радиодон айткандай, телевизордон көргөзгөндөй адам авазы келерлик. Телегейи тегиз. Жашаган үйлөрүчү…"

Мына ушул социалдык теңсиздик сезимтал кызды катуу ойлонтот. Эмне үчүн адамдардын бири кедей, экинчиси бай, биринин үйүндө баары бар, экинчиси жалаң кара чай менен отурат. Кудай биздин пешенеибизге ушинтип жазганбы деп ойлонот. Кожураган үй-бүлө мээнетттен качпайт, бирок жашоо-турмушу оңолбой кедейлик ата-энесин биротоло бууп таштады. Байкуш кыздын башы жетпеген маселе - эмне үчүн башкарма менен парторгдун балдары жарашыктуу кийинип, курсагы ток, жанталашып колхозго деле иштешпейт, бирок жакшы жашайт, мээнеттен башы чыкпаган булардын үйүндө кээде карандай нан дагы жок болуп калат.

Ай

Ун алып кел деп берген акчаны атасы дүкөнгө барып жок кылып кызылдай мас болуп келет. Байкуш апасы кошуналардан карыз сурап тандырга нанын жабат, балдары ачка. Убакыт болсо акырын өтө берди. Кыз бой тартып жогорку класска окуп калганда бригадирдин баласы Осмон тийише баштады. Сулуу кызга ал да жагып, экөөнүн ортосунда жылуу мамиле орноду. Анан бир күнү айылдын клубунда коюлуп аткан индия киносун таштап Осмон кызды сыртка чакырды. "Карачы, ай кандай жапжарык", деди. Чын эле түн мемиреп сонун болчу. Жарыгы айылга тегиз тийген айдын алдында экөө кубалашып ойношту

"Калың, бел курчоодон келген чөптү жапыра кучакташа кулап каткырдык. Оо, бир кыйлага ошенттик. Анан… анан ал мени былк эттирбей басып алып чопулдатып өпкүлөп кирди. Кудай акы, менин оюмда эчтеке жок, эчтекени күтпөгөм. Бирок, бирок…


Таттуу даамдан кабары жок жаным жазгы көңүлдүн көксөөсүнө жетелетип эриди. Эркими тоотпогон алсыздык бүт тулкуму шалдыратты. Курактын мастыгы күч ала ал сыга кучактаган сайын эстен тангандай оюма эчтеке келбей калды.

Анан… анан. Тер сууду. Бирок ирмемчеликте алган лаззаттын өмүр бою ыйга айланарын оюма албадым. Жөн эле бир кымбат нерсемен айрылгандай туюлуп атты. Жандүйнөм бош калгандай сезилгени менен жарымдан өтө толуп аткан айды бейгам карап, чалкаман жаттым. Аттиң, арман күн, мурда Осмон артыман көлөкөдөй калбай ээрчип жүрсө, эми мен аны бура бастырбай..."

Осмон мурдагыдай сулуу кыздын жолун тороп, артынан калбай жалбарганын койгон, чоң иш кылгансып өзүн калбаат кармап, байкуш кыз анын "жүр деген жагына жүрүп, көрсөткөн жеринде селейип, каалаган маалында тооктой пырпырата баса калганына көнүп кетти". А бирок кыз күткөн баш кошуу тууралуу кеп кылбайт. Кыздын кындыйта буулган ичи болбой эле чоңоюп, сулуу жүзүн сепкил басып байкуш чын эле жүдөп кетти. Ошондой күндөрдүн биринде Осмондун шаарга жакшы кызматка которулуп кеткенин укту. Үйдөгүлөр шек-шыбаа алыша элек, апасына айтыштан тартынды, атасын аяды, кетмени жонунун түшпөгөн байкуш атасы эстүү кызы ушундай ишке барат деп ойлобогондур.


Осмон айылына келгенде ыңгайын таап жолукту, болгон ишти жашырбай айтты. Ал деле эч нерсе болбогонсуп кызды өөп-жыттап эркелетип, шаарда жакшы гинекологго алып барып, баланы боюнан алдыртып коёрун билдирди. Айткандай эле шаардан эркек түспөл шарт-шурт жүргөн бир аялга алып барып анысы баёо кызды уктатып коюп боюндагысын алып, эсине келгенде сыртка чыгарып койду. Анын айткан суук сөздөрү эмдигиче бечаранын кулагында жаңырат.

Соодагер

Шаардан ооруп келген кызын байкуш апасы төшөккө жаткырып молдо чакырып дем салдырды, атасы бирдемени сезгенби күндө ичип келип кызын акшыя карап унчукпайт. Мындан ары үйдө отуруу ага кыйын болорун ойлоп шаарга келе берди. Шаар дегени менен Эски Ноокат кичине эле айыл сымак. Оорудан кичине оңолгон кыздын ичтейи ачылып тамак жегиси келет, жайнаган коон-дарбыз, жүзүм, шабдаалыны алдына коюп чайканада чай ичип отургандардан көзү өтөт. Шилекейин жутуп акырын илкий басып тамаша кылып убакыт өткөргөндөрдөн жүзүн ала качат. Акыры жедеп айласы куруган ачка кыз дүкөндүн алдына келип жыгылып калганда гана адамдар козголуп, бул шордуунун бар экенине көңүл буруп, "Тез жардам" чакырып күйгүлтүк түшүп калышты. Көзүн ачса ооруканада жатат.

"Башымды биртке көтөрүүгө аракеттендим. Эки жакты карадым. Дагы үч аял жатыптыр катарымда. Жүрөгүм шуу этти неге жатканымды түшүнбөй. Үстүмө жабылган неме менен чүмкөнө койдум чоочуп. Ошентибатып дагы уйкуга кетиптирмин.

– Акыбалы жакшы. Ачкалыктан эле.
– Боюнан алдыргандыгы анык… Аз эле болгон го. Кан басымы аз.
– Кимдиги билиндиби?
– Жок, жанынан эчтеке табылбады. Бирөө сурап да келбеди.
– М-м… Алып чыгып кетсе болобу?
– Болот. Бирок милицияга кабарлаш керек го.
– Доктор, тим эле коюңуз. Мен үйүмө алып барам, дагы жардам керек болуп калса, сизге кабарлаймын. Анан өзүнөн сурап көрөйүнчү.


Үнү майин, жумшак чыккан аялдын врач менен акырын сүйлөшүп жатканынан ойгонуп, көзүмдү ачпай сөз мен жөнүндө жүрүп жатканын түшүндүм. Эрдимди бекем тиштеген бойдон ыйладым. Ийиндерим солкулдады. өтө жумшак алакан маңдайымды сылады. Апамын колу эмес болсо да, эреркеп кеттим.

Ошентип алиги дубалына мен жөлөнүп туруп жыгылган дүкөндүн ээси Даткайымдын үйүндө жашап калдым. Болгон сырымды айттым ыйлап отуруп. Ал үйрүлүп, кагылып бооруна тартты. Бир сыйра жеңил кийиндирди. Чыт-чубур болгону менен, андайларды мурда ийиним көргөн эмес. Кандайдыр башка дүйнөгө киргендей болуп, төбөм көккө жеткидей кубандым".


Кыздын жашоо-турмушунда жаңы барак ачылды, соодагерчиликтин аркасы менен байыган кыйды аялдын колуна түштү. Ал назик немени жуунтуп-тарантып, жакшы кийинтип дүкөнүнө алып келип иштейсиң деп отургузуп койду. Жаңы жумушу кир, чыбашкан сасык тамеки эмес, таза, акчасы дурус экен. Анысына көнүп жакшы иштеп атканда бир күнү дүкөндүн ээси калтырап-титиреп кирип келбеспи, кассадагы акчасы уурдалыптыр. Таңгакталган беш сомдуктар кыздын илип койгон кийиминин чөнтөгүнөн чыгып калбаспы. Байкуштун жалынып-жалбарганына, ыйлаганына эч ким ишенбей, дүкөн ээси акт түзүп салды. Көрсө мунусу баёо кызды колго түшүрүүнүн амалы экен.

Акча

Ууру атка конгон бечара кызды соодагер аял үйүнө алып барып алдап ичимдик ичирип, анан таасирдүү бир кишинин койнуна салып берерин анда кайдан билсин. Эс-мас кызга эртеси эжеси таңгакталган беш сомдуктарды алдына ыргытканда аны караганга да шайманы келбеди. Буга чейин кыздын ачуу тагдырын ыйлап отуруп уккан эжесинин: "Бир баланы ыргытып жиберген катынсың. Бактың бар экен, райондун бакубат кишисине туш келдиң. Ме, муну сага таштап кетти" деп оңор эмес акчаны колуна карматканда эмне дээрин билбей унчукпай тим болду.

Ошондон кийинки турмушу чын эле суудай акты. Эми ал акчалуу эркектерди азгырган аягы суюк сулууга айланды. Акча үчүн эчен айла-амалды жасай турган болду. Эркексиз жашоосу түгөнүп калчудай көзү тунарып, өзүн коёрго жер таппай, шаштысы кеткеничи. Туура, өзү айткандай, бул – оору. Акылга баш ийбеген кумарлануунун азгырыгы.

Байкуш кызды кабатыр кылган нерсе жокчулук дагыле кетпечүдөй, акчадан козу каткан байкуш эч жийиркенбей, болушунча алдап, азгырып акча кылып калуунун ыгын тапчу болду. Кызынын жашоо-тирдигинин чет-бучкагын угуп калган атасы да капаланып жүрүп бул дүйнөдөн эрте эле өтүп кетти, апасы оорулуу. Чиедей жаш балдарды ал "төшөктөн" тапкан "маңдай тер" акчасы менен багып эрезеге жеткирди, инилерин үйлөндүрдү, сиңдилерин күйөөгө берди. Акчасы көбөйүп, аны-муну билип калганда райкомдун кабылдамасында катчы болуп отуруп көп нерселерди түшүндү, бу байлык менен бийлик бири-бирине аябай чапталып калганын аңдады.

Кез-кез чоңдор жогортон келген кадырлуу меймандарын тосушат. Ал жерде дүйүм тамак, арак-шарап, анан сулуу кыздар сөзсүз болот. Анан ошондой кечтердин биринде кызматтан көтөрүлүп кеткен Осмонду көрбөдүбү. Борбордон келген чоңдун орун басары экен. Кыз башынан өткөргөн азап-тозокторун бир сыйра көз алдынан өткөрүп, ыңгайын таап мас болуп калган Осмондон өч алуунун аргасын издеди. Кыздын кыйды амалын ким билиптир, чоңунун койнунда жаткан сулууга кол салган Осмонду чогуу келгендер жабыла тепкилеп, тиги байкуш кыймылсыз жатып калганда гана күшүлдөп-бышылдап токтолушту. Токмоктон оңоло албай каза болгон Осмонду автокырсыктан набыт болду деп коюшту.


Кандуу окуядан кийин деле анын сулуулуктан акча табуусу токтолбоду. Бир жолу үйүнө барса кан-сөлү качкан иниси эшик алдында эжесинин жолун тосуп калды. Арамдан тапкан дүйнөсүн куттуу үйгө алып келбесин эскертип кумсарып турду. Ким билет, эстүү келини чыга калбаса өзүн жоготуп койгон курч неме балтаны эжесине шилтеп ийиши деле мүмкүн болчу.

Анын "Бузукулуктан тапкан дүнүйөңдү" деген сөзү селейип катып калган эжесинин эсинен эмдигиче чыкпай жүрөт. Бул сөз аны эчен ирет уйкудан ойготуп, эстеген сайын кара терге чөмүлүп кыйналары ошол маалда эсине келбептир.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG