Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:49

Кытай "Манас" шаарын курат. Бээжиндин тамыры тереңдеп баратабы?


"Манас" соода-логистикалык шаарынын дизайн-долбоору.
"Манас" соода-логистикалык шаарынын дизайн-долбоору.

​​​​​​​Кыргыз өкмөтү Чүй облусунда 700 гектар аянтка курулганы жаткан Манас соода-логистикалык шаарын ири инвестициялык долбоор деп атап, ага стратегиялык ишеним артып турат. Кытай менен биргелешкен бул долбоорду кимдер ишке ашырат? Инвестициялык келишимдин шарттары кандай?

Инвестор компания долбоор кытай стандарттарына ылайык куруларын, ал Бээжиндин “Евразия континенталдык көпүрө” деп аталган ири программасын жүзөгө ашырууга чоң салым болорун жар салууда.

Манас шаары Аламүдүн районунун Ленин айылында Ала-Арча суу сактагычынын жээгине курулат. Кыргыз өкмөтүнүн жана кытай компаниясынын да маалыматы боюнча, шаардын курулушу 2 млн чарчы метр же 200 гектар аянтты ээлейт. Анын 700 миң чарчы метри кампалар, логистикалык борбор, жабдууларды сатуу борбору, бажы аймагы жана көмөкчү турак жайлардан турат. Кыргыз өкмөтү долбоордун жалпы баасы 4,2 млрд доллар, анын ичинен биринчи фазасына 700 млн доллар сарпталарын жар салган.

Ушул айда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров долбоорду баштоо аземине катышып жатып, Кытай менен кызматташуу кыргыз экономикасына эбегейсиз түрткү берерин айтты.

“Бул логистикалык борборду ири деңиз порту менен салыштырууга болот. Дүйнө жүзүнүн баары тең ушу Кытай мамлекети менен соода-сатык кылсак дейт. Анткени жалпы жер жүзүнүн ички дүң продукциясын ала турган болсок, ошонун 26% чейин ушу Кытай мамлекетинде өндүрүлүп жатат. Буйруса, дүйнөдөгү кайсы өлкө болсо да, биз деңиз аркылуу чыкканга, соода-сатык кылууга мүмкүнчүлүк алып жатабыз. Бул биздин айыл чарбабызга, өндүрүшүбүзгө, биздин кендерди кайра иштетүүдө, жаңы технологиялардын келүүсүнө абдан чоң шарттардын баарын түзүп бергени жатат”.

Министрлер кабинети 2023-жылы 8-декабрда “Кыргыз-кытай инвестициялык холдинги” компаниясы менен “Евразия” соода-логистикалык комплексин” куруу боюнча инвестициялык келишим түзгөн.
Анын тексти эч жерде жарыяланган эмес. Быйыл 30-августта ал келишимге өзгөртүүлөр киргизилген. Анда долбоордун аталышы “"Манас" соода-логистикалык шаары” деп өзгөртүлүп, компанияга Аламүдүн районунун Ленин айылынан 456,57 гектар жер тилкесин 49 жылга убактылуу колдонууга берүү каралган.

Келишим боюнча “Кыргыз-кытай инвестициялык холдинги” компаниясы долбоордун 51%, Кыргызстандын Министрлер кабинети 49% ээлик кылат.

Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэн жергиликтүү медиаларга берген маегинде бул соода-логистикалык комплекстин Кытайдын “Бир алкак, бир жол” демилгесинин логикалык бөлүгү экенин билдирген:

“Логистика азыркы дүйнөдөгү кызматташуунун абдан маанилүү тармагы болуп саналат. Өзгөчө Кытай менен Кыргызстан үчүн. Анткени биз коңшубуз. Коңшулар ортосунда соода жүргүзүүдө логистика өзгөчө орунду ээлейт. Кыргызстандын Борбор Азияда эле эмес, жалпы Азия менен Европа үчүн маанилүү орду бар. Кыргызстан - бириктирүүчү өлкө. Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолун курууда дагы бул өзүнчө бир мааниге ээ болгон. Темир жолду куруп жаткандан кийин жакшы базарларды, кампаларды жана логистикалык борборлорду да курушубуз керек. Анткени товарлар кетип жатат, аларды кайсы бир жерде сатыш керек да”.

Шаарды ким курат жана канча каражат сарптайт?

Кытайдын өкүлү Жоро Маматасан Кыргызстан менен инвестициялык келишимге кол коюуда. 8-декабрь 2023-жыл.
Кытайдын өкүлү Жоро Маматасан Кыргызстан менен инвестициялык келишимге кол коюуда. 8-декабрь 2023-жыл.

“Манас” соода-логистикалык шаарын куруу милдетин мойнуна алган “Кыргыз-кытай инвестициялык холдинги” компаниясы 2023-жылы 20-ноябрда түзүлгөн. Башында аны кытайлыктар негиздеп, жетекчилигинде Жоро Маматасан аттуу кыргыз тектүү кытай жараны турган. Инвестициялык келишимге да ошол киши кол койгон. Геологиялык кызматтын маалыматы боюнча, Жоро Маматасан Кыргызстанда “Из кубар” жана “Промгео” деп аталган фирмалары аркылуу Базар-Коргон, Чаткал райондорундагы үч алтын кенге ээлик кылат.

“Кыргыз-кытай инвестициялык холдинги” 2024-жылы 3-октябрда кайра катталып, Кыргызстандан Кайрат Керимбеков аттуу жаран кошулуп, ал дароо эле жетекчиликти да колго алган. Түзүлгөндөн берки бир жыл ичинде мамлекеттик казынага төккөн салыктары менен төлөмдөрү 24 миң сом болгону анын ири өндүрүштүк капиталга ээ эместигин жана ишмердиги солгун экенин көрсөтөт.

Негизги инвестициялык келишимдин тексти жарыяланбагандыктан, андагы шарттар жана ким канча каражат салары белгисиз. Кытай тараптагы жарыяланган маалыматтарга карасак, куруучу компания долбоордун биринчи фазасына 482 млн доллары инвестиция кылары маалым.

Долбоордун курулушун баштоо аземинде Кытайдын Хунан провинциясындагы көп тармактуу холдингинин өкүлдөрү жүрдү. Жарыяланган маалыматтарды карап көрсөк, курулуш иштерин дал ошол компания жүргүзөт жана инвестициялык каражат да ошол жактан келет. Өкмөт жарыялаган 700 млн доллардын калган 200 миллиондон ашуун бөлүгү кайдан табылары белгисиз.

Hunan Construction Investment Group (HCIG) деп аталган холдинг Кытайдын Хунан дубанындагы курулуш тармагына адистешкен бир нече компаниялардын тобу болуп саналат.

Кытай компаниясы HCIG 15-июлда Бишкекте өз кеңсесин ачкан.
Кытай компаниясы HCIG 15-июлда Бишкекте өз кеңсесин ачкан.

Компания өз сайтында 15-июлда Бишкекте өкүлчүлүгүн ачканын жарыялаган. Муну менен катар холдингдин тармактык бутактары болгон SHICO жана Hunan Industrial Equipment Installation компаниялары кыргыз өкмөтү менен Чүй аймагында Евразия соода-логистикалык комплексин куруу келишимин түзгөнү билдирилген. Бул долбоор кийин “Манас” соода-логистикалык шаары” деп өзгөртүлгөнү белгилүү.

Компаниянын маалыматында биринчи фазаны жүзөгө ашыруу үчүн 3,5 млрд юань же 482 млн долларлык келишим түзүлгөнү кабарланат. Курулуштар Кытайдын стандарттарына ылайык долбоорлонору жана курулары белгиленген.

Экономикалык серепчи Эрлан Камалов бул долбоор Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолунун инфратүзүмдүк экосистемасына кирерин айтууда. Ал кыргыз экономикасы үчүн соода-сатык ишканаларын ачканга караганда, технологиялык өндүрүштү куруу көбүрөөк пайда алып келмек деп эсептейт.

“"Бир алкак, бир жол" стратегиясынын алкагында бул ошол экосистеманын же инфратүзүмдүн бир бөлүгү деп айтсак болот. Себеби ушул жерде соода-логистикалык шаардын курулуп жаткандыгы, ушул жерде соода ишканаларынын жана кайра иштетүү өнөр жай ишканаларынын пайда болушу сөзсүз ошол мурунку Улуу Жибек жолунун маршрутун жандантууга, ошол эле учурда Кыргызстандын Казакстандан, Орусиянын аймагы аркылуу өткөн транспорттук коридордон көз карандылыгын азайтууга дагы кандайдыр бир деңгээлде жакшы салым болот деп ойлойм. Негизи, соода-сатык компанияларына караганда, өнөр жай ишканаларынын курулушуна көбүрөөк көңүл курушубуз керек. Себеби ар бир келип жаткан инвестиция, кандайдыр бир ишкананын ачылып иштеп жатканы жергиликтүү элдин жаңы мүмкүнчүлүктөрүн түзүп, ошого жараша биздин жогорку-орто окуу жайлардагы адистерди даярдайт. Анан, келечекте Кыргызстан деле татаал технологиялык процесстерди камтыган өндүрүштү жолго коюп кете ала турган, ошондой бир акыркы жетишкендиктерди өздөштүрө ала турган мамлекетке айланышыбыз керек”.

Компания жарыялаган маалыматында бул долбоор менен Кытайдын ички райондорундагы ачык-айкындыкты жана реформаларды тездетүү үчүн жаңы Евразия континенталдык көпүрөсүн курууга жигердүү катышып жатканын белгилеген. Мындан тышкары, бул долбоор аркылуу компания Борбор Азиянын турак-жай рыногуна чыгып жатканы жана Кытайдын “Бир алкак, бир жол” демилгесин ишке ашыруудагы чечкиндүүлүгү менен ишенимдүүлүгүн бекемдээри айтылган.

"Кытайдын Борбор Азиядагы таяныч тамырлары жайылып барат"

Эл аралык саясат боюнча серепчи Чынара Эсенгул соңку кездери Кытайдын саясий таасири Кыргызстанга улам артып баратканын айтат. Ал мындай абалга экономикалык долбоорлор аркылуу ээлик кылып жатканын белгилейт.

“Аз-аздан, акырындан... көзгө көрүнбөйт, так айта албайсың, бирок ал процесстер ошол нук менен кетип жатат. Биринчиден, экономикалык жактан Кытайга тышкы карызыбыз абдан көп болуп калбадыбы. Көзөмөл-өткөрүү жайлардын пайда болгондугу, биздин көп ресурстардын Кытайга чыгып кетип жаткандыгы, биздин транзиттик мүмкүнчүлүктөрүбүздү колдонуп, жанагыдай темир жолдорду салабыз деп жаткандыгы. Аны салганда дагы Кытайдын өзүнө эң пайдалуу да, аны деле биз каржылашыбыз керек болуп калып жатат. Билинбегени менен, бир топ эле көз каранды болуп калдык дегенди айткым келип жатат. Аны акырындан саясий жана коопсуздук чөйрөсүнө дагы өткөргөнгө аракет кылып жатат. Кичине-кичинеден, анткени азыр Орусия алсыздап жаткандыктан, тарыхый жакшы учур болуп жатат окшойт да. Иши кылып, Кытай - саясатын жүргүзгөндө өзүнүн кызыкчылыгын эч качан уттурбаган мамлекет. Менимче, Кыргызстан менен деле ошондой эле болуп жатат. Сөздүн ачыгы, тилекке каршы. Анткени сүйлөшүүлөргө келгенде биздин позицияларды кичинекей мамлекет болгондуктан жана инвестиция кыла турган башка өлкөлөр деле аз болгондуктан, ушундай болуп калып жатат. Натыйжалары бир тараптуураак болуп калып жатат”.

Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолунун курулушу ноябрь айында башталары жарыяланды. Расмий кабарлар боюнча, президент Садыр Жапаров БРИКС уюмунун жакында Казан шаарында өткөн саммитинде Кытайдын төрагасы Си Цзинпинь менен бул тууралуу макулдашкан. Темир жолдун курулушу буга чейин август айында башталат деп жарыяланып, бирок белгисиз себептер менен токтотулуп келген болчу.

Кыргыз өкмөтү кытайлык туристтер үчүн 21 күндүк визасыз режим киргизүү чечимин кабыл алганы кабарланды. Мурда Кытайдын Макао жана Гонконг административдик райондорунун тургундары үчүн 30 күндүк визасыз режим киргизген болчу.

XS
SM
MD
LG