Алган жарын аябай аспиеттеген аялдын аракети күйөөсүн кандай сыноолорго кептелткени кыйытма юморго сугарылып, кызыктуу баяндалган.
Казан-аяк
Окуя шаардан башталат. Билим алганы келген эки жаш бирин-бири жактырып, биртоп жыл кыз-жигит болуп жүрүп баш кошкон. Күйөөсү тез эле ишинен көтөрүлүп, жакшы маяна алып турмуштарын жөндөп кетишет. Балдарын карап үйдө калган аялы күйөөсүнө түрлөп тамак жасап, студенттик өп-чап жашоодон жүдөгөн арык күйөөсүн семиртип жиберет.
Майга басылган байкуштун айласы куруп жүрөгүн кармап жыгылганда кечикпей жетип келген “Тез жардам” бейтапка ийне сайып, кан басымын калыбына келтирип, аялына биртоп кеңештерин берип кетишкен. Анан жакын адамын семиртип ийиш жарабастыгын билген аял ынтыгып баса албай калган күйөөсүн арыктатуунун ыкчам аракетине өтөт.
Бул жагынан да ал эстен кеткис натыйжага жетишет. Алдыда кеп болчу Асанбек Стамовдун “Аялы жакшы көргөн адам” аңгемесинин кыскача сюжети ушундай.
Эмнеликтен аш-тамак, “кулинардык” тема негизги орунга чыкканын автордун өзү чыгарманын башында чечмелеп берген. Тирүүлүктө адамдын өтө эле арык же семиз болушун эч ким каалабай турганы, бирок ага карабастан пенде дегениң башкалардан сабак албай, жөнөкөй деген нерседен жаңыларын, анысын убагында ондоп, туура жолго түшүп калса утушка гана ээ болору чыгарманынын жыйынтык бөлүгүндө баяндалган.
Аңгеменин башында автордун өтө эле арык же семиз адам тууралуу сентенциясы окуянын жүрүшүндө конкрет маани-мазмун алып, көркөм идея алдыга чыккан. Эмнеликтен автор бири экинчисине коошпогон антиномиялык түшүнүктөрдү айланчыктап калышынын себеп-жөнү кийин билинет.
(“Капырай, ушунчалык да семиреби... мойну-башы билинбей кашкулактын эле өзү болуп калыптыр... аялы менен бала-бакырасына күн көрсөтпөйт... тамагын өзү гана жеп... мунун аялынын көргөн күнүн эч кимге бербесин...”, “сыгып алар каны жок”... оозу ысык ашка жетпей жүрүп куурап калыптыр... эси жок аялга жолуккан эркектин көрөр күнү ушул... кейпин көрчү тим эле шөлбүрөйт...”).
Автор “ушул эки ача пикирдин бири да туура эместигин алдын-ала” эскертип, анын мисалы катары адабий каарманынын турмушун сүрөттөөгө өткөн. Көрсө, иштин баары бирин-бири аябай сыйлаган эки жаштын ортолук урмат-сыйы жалаң дасторконго байланып калганы да ыксыз нерсе экен. Аялын сыйлаган эркек алдына коюлган тамакты калтырбай жеши милдет эмес тура. Непадам, андай жолго барса ал өзүнө айыккыс ооруну жаратып алары айныксыз.
Аны Тердикбай да, Алмагүл да ойлошпоптур. Бардар жашоону жактырган эки жаштын таанышуусу эң алгач узун-узун каттардан башталган.
Студент кезде Тердикбай “эки бети алмадай кыпкызыл, мойну узун, чыбыктай ичке” Алмагүл деген кызга жагымдуу каттарды жазчу. Бул ишти ал абдан кызыгуу менен жасачу. Текеңдин шурудай тизген сулуу каттарын окуган кыздын кайдыгер калышы мүмкүн эмес эле. Башында кыз андан жаа бою качып, далай жолу жатаканасынын алдында зарыгып күткөн күндөрү болду. Ашыктыкка азгырылган улан күн сайын кат жазып, курбу кыздарынан берип жиберчү. Анысына улуу акындардын ырларынан кошуп, арзуу сезимин күчөтүп ийчү. Ошол каттардын таасириби же кыздын делебеси козголуп, сүйүүгө кызыгуусу артты окшойт, жогорку курста экөө тез-тез жолугуп, Дзержинский бульварында коштошо албай кыйылып жүрүштү да бир күнү баш кошуп алышты.
Окууну бүткөндөн кийин экөө тең шаарда калып, чөжүрөгөн балдарды карап Алмагүл үйдө отуруп, Тердикбай ишинен жогорулап, акчасы көбөйүп, күндөлүк жашоо-тиричилиги уланып жатты. Күйөөсү сумкасын көтөрүп жумушуна жөнөйт, аялы ашканада күймөлүп тамак жасайт.
“Анан калса Алмашым үй оокатына тың, салмактуу, сарамжалдуу аял болду. Тамактын не бир түрлөрүн жасоого келгенде ал аябай уста. Кечинде мен кызматтан келатканда кожураган балдарым терезеден карап турганын билем. Төбөм көрүнгөндө эле алар: “Атам келатат” дешип Алмашты көздөй жаа коюшат. Менин кызматтан кечикпей келеримди Алмаштын өзү деле билет. Ошондуктан кызыл чаар халатчан ал кухняда тамак даярдап жаткан болот. Үйгө жакындаганда түрлүү тамактын жыты каңылжаарды жарат. Кирип келерим менен Алмашым мени көздөй утурлай басып, чекемден саал өбүмүш этип кийимимди чечип алат да:
-Кана, колуңду жуугун, - дейт.
Жуунуп чыгып келатканымда Алмаш ак сүлгүсүн кармай жолумдан чыгат да, дароо ашканага жетелейт. Мен алдыма келген бир тарелка каймак кошулган куймагын жеп жиберип, артынан бир керден максым ичем. Куймактын артынан каймакка көптүрүлгөн таруу берет. Аны да жеп жиберем. Бирок ошону менен эле токтолуп калбайм. Ысык токоч менен дагы бир керден айранды Алмаш колума карматкандан кийин мен диванга чалкалай отуруп, телевизорду коём да, айранга ысык токочту малып жеп олтуруп, шыпкап таштайм. Анан диванды чыканактаган боюнча уктап калган мени бир кезде:
- Тур, тур. Тамак даяр болду, - деп Алмаш акырын ойгото баштайт.”
Күн сайын бышырылчу таттуу тамак, бир табак эт салынган булоолонгон бешбармак, табактагы ырыскыны толук түгөткөн күйөөсүнө ыраазы болгон аялы муздак пивону сунат. Бирин бири сыйлаган ынтымактуу үй-бүлө жатууга кам урат. Бирок ынтыкканча тойгон күйөөсү түнү менен кыйналып уктап эртең менен бети-башы шишип турат.
Ансыз да курсагы ток Тердикбай ашканадан жагымдуу жыты келип турган тамактын жытынан көңүлү айнып турса да таң эртеден бери күймөлгөн аялын капа кылбаш үчүн алдына койгон табактарды бошотуп жумушуна жөнөйт. Аялы анын колуна кызыл кайыш сумкасын карматат, анда азыноолок кагаздар менен бир бөтөлкө максым менен кызыл пирожкилер салынган болот, аны эки сааттан кийин жеши керек.
Оору
Иштеген жери үйүнө жакын, Алмагүлдү таарынтып албайын деп жасаган дүйүм тамакты калтырбай жеп жүрүп Тердикбай тез эле семирип, курсагы салаңдап, богогу чыгып, ынтыгып баса албай калды. Андан да курсагы тез-тез ачып, отурса-турса эстегени тамак болуп, башканы жадынан чыгарды. Кээде анын отуруп токтоп кышылдап кыйналып баратканын көргөн тааныштары “ооруп жүргөн жоксуңбу, догдурга көрүнсөңчү” дешет.
Андайга Тердикбай терикчү деле эмес. Бет алдынан чыгып калган тыртайган арык кишини көрсө ичинен “тамак жетпеген бечара” деп, өзүн андан өйдө санап, сөөлөт күтүп калчу. Бирок баскан-турганы оорлошуп, кабагы чытылып, ишке көңүлү чаппай отурган жеринде шалдырап уйкусу келчү. Кээде итатайы тутулуп, сиркеси суу көтөрбөй ачуулуу болуп кетчү. Күйөөсүнүн өзгөрүлгөнүн башкалар байкаганы менен, аялы билбеди, мурдагысындай эле казандын жанынан чыкпай, тамактын чүйгүнүн жасап, анысын ыксыраганына койбой зордоп жедирүүгө өтчү. “Тамак деген – ден соолук. Аш барган жерге дарт барбайт. Же, же” деп жүрүп күйөөсүн ашкорлукка көндүрдү, анысы оорукчал болорун, ашыкча өнтөлөө жакшы эместигине маани деле бербеди. Күндөр болсо өтө берди, булардын үйүндө кенен жайылган дасторкон, даамдуу тамак баарын ээлеп, анын натыйжасын аялы менен күйөөсү көрүп, экөөнүн жүрүш-турушу, отуруш-кыймылдаш оорго туруп шалдырап калышты.
Тердикбай мунун баары тамактын кесепети экенин билип, оборуна чек коюуга аракет кылып көрдү. Аялы тердеп-кургап бышырып алдына койгон тамагын мурдагыдай ичпей, илең-салаң отуруп алганын көргөн Алмагүл нааразылыгын ачык айтууга өттү. “Мен байкуш ушул деп керелден-кечке казандын” жанынан чыкпайм деп таарына баштады.
Ошондой күндөрдүн биринде Тердикбай ордунан тура албай деми кыстыгып, көзү аңтарылып диванга эптеп жетти. Көп күттүрбөй келе калган дарыгерлер аны ажалдан арачалап калышты. Бейтаптын оорусунун чоо-жайын уккандан кийин алар аялына Тердикбайга мындан ары жалаң жашылча-жемиш, жеңил тамактарды беришин, эртең менен эрте туруп сөзсүз чуркашы керектигин катуу эскертип кетишти.
Алмагүлгө эми жаңы милдет тагылды, күйөөсүн жалаң чөп-чарга отургузуп, басса-турса Акиш деген курбусун мактай баштады. Көрсө анысы эстүүлук кылып күйөөсүнө тамак бербей, кебе козудай ырбыйтып багыптыр. Мунун жөнү бар тура деп олчоюп отуруп калган Тердикбайды апыл-тапыл “суутууга” өттү. Эртең менен бир стакан айран берип, күндүз чөп-чар жегизип, таң эрте өзү кошо чыгып чуркоочу болду.
“Анан кара терге түшүп, чарчаганыма карабастан бир пияла чай, баягы көк капустасын берип ишке жөнөтөт. Мурда болсо жанымда тыйын жүрөбү-жокпу иши жок эле. Ал эмес өзү “эркек кишинин жанында отуз сом жүрбөсө ошо да эркекпи” деп менден акча үзүлчү эмес. Эми болсо эртең менен чыгарда чөнтөгүмдүн баарын антарып: “Тамак ичип аласың” – деп колума тыйын карматпайт. Ал эми иштен чыкканда беш мүнөт кечиксем да шекшинип ыйлап жибере жаздайт.
- Эмне кечиктиң ыя, көзүң эле айтып турат, шып этип бирөөнүкүнө кирип тоюп келдиңби?!
Ошентип беймазага батып, бир чети ачка жүрүп, бир чети эртең менен эрте туруп чуркайм деп жатып аябай арыктадым. Акыры көзүм чүңүрөйүп, куурайдай эле болуп баса албай калдым. Баягы тааныштарым жолугуп калса:
- Эмне мынча арыксың, Тердикбай? Ооруп жүргөн жоксуңбу? Сөөгүң эле калыптыр, байкуш. Создуктурбай врачка көрүнсөңчү? – дешет”.
Ыргайдай болуп калган Текең аларга аялынын “экспериментин” кантип айтат?! Жалаң жашылча-жемиш жеп атып суугу ашып, оозунан кара суу келип, башы айланып жүргөн күндөрдүн биринде үйүндө эси ооп жыгылып калса балдары чурулдап ыйлап, айласы куруган аялы “Тез жардамга” чалып үй ичи заматта азан-казан түштү. Бул ирет да дарыгерлер көп кечикпей кирип келишти. Ага чейин өзүнө келген Текең “мага бир сындырым нан бергилечи” деп аялына үмүттүү карап атпайбы. Дарыгерлер аялына дагы биртоп кеп-кеңештерин айтып келген жолуна түштү.
“Андан бери мен тамакты эл катары ичип, эл катары жашоочу болгом. Эми болсо мурдагыдай бирөөлөргө кур бекер сынтакпайм. Бекеринен кабак түйбөйм. Көңүлүм ачылып, көңүлүм жумшарып эртели-кеч китеп окучу болгом. Ал гана тургай Алмашым экөөбүз анда-санда театрларга да барчу болгонбуз. Алмашым күн алыс чачтарачка кирип, чачын аземдете кийимди да порумдуу кие баштаган. Ал тургай жанында бир жакшы тааныш тикмечиге шым тигип берүүсүн өтүнүптүр. Ал шымды мен үчүн эмес, көчөгө өзүм кийип чыгам дейт. Очойгон байкушума шымдын жарашар-жарашпасын билбейм, деги күзүндө бүчүр байлаган даракча Алмашым кырктан ашканда оштоно баштаганына таңым бар. Ошону ойлой жүрөгүм түпөйүл. Мейли аны да көрө жатарбыз. Жашоонун жолу, түйшүгү бүтмөк беле...”
Туура, жашоонун түйшүгү бүтпөйт, тирүүлүктүн кызыгы ошондо эмеспи. Тердикбайдын туура жолго түшүшү ден соолугуна кандай таасир кылганы чыгармада баяндалбайт. Бирок да жүрөк менен боорду майга бастырып, кийин болсо үлдүрөгөн арык, сөлөкөт абалга келиши аңгемеде жумшак юмор, билинер-билинбес сарказмга бастырылып, канчалык сүйүп, сыйлап-урматташса да күйөөсү менен аялы ириде бирин-бири түшүнүп, артыкча өнтөлөөнүн аягы эмне менен бүтөрүн аңдашы керек эле.
Алмагүлдүн жактырып тийген күйөөсүн баптап-куштап курсагын тойгузуп, таза кийим кийгизип, күндөлүк тиричилик убарагерчилигинен алыс болсун деген изги тилеги гана бар эле, анысы минтип турмуш прозасына кабыларын кайдан билиптир!