Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:00

"Мендеги мезгил": Ырларда жаңырган өмүр

“Азаттыктын” журналисти, акын Бурулкан Сарыгулованын “Мендеги мезгил” жана “Уютку кеп” деген эки китеби жарык көрдү. Китептеринин бет ачары 30-майда Бишкекте өтүп, анда 2023-жылдын аягында ТҮРКСОЙ уюму түрк тилинде чыгарган “Жолдогу ойлор” китеби да окурмандарга сунушталды.

Бурулкан Сарыгулова 1959-жылы Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районундагы Барскоон айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган.

1977-78-жылдары СССРдин 50 жылдыгы атындагы мамлекеттик университеттин даярдоо бөлүмүндө окуган. 1978-1983-жылдары ушул эле университеттин кыргыз филологиясы факультетинин журналистика бөлүмүндө журналисттик адистикке окуп, бүтүргөн. Эмгек жолун 1983-жылы “Ленинчил жаш” гезитинде кабарчы болуп иштөөдөн баштаган. 1996-жылдан бери “Азаттык” радиосунда эмгектенип келет.

2005-2010-жылдары “Азаттык Медиа” мекемесинде кабарчы, программалардын редактору, 2010-жылы (апрель-ноябрь) “Азаттык Медиа” мекемесинин директорунун милдетин аткаруучу, 2011-2021-жылдары “Азаттык Медиа” мекемесинин директорунун орун басары - башкы редактору, 2021-жылдан баштап “Азаттык-Медиа” мекемесинин баяндамачысы болуп иштеп келе жатат.


16x9 Image

Гүлжан Турдубаева

“Азаттыктын” Бишкектеги фотокабарчысы жана спорт журналисти. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG