Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп авиакырсыкты "үрөй учурган масштабдагы трагедия" деп атап, аман калгандар жок экенин бышыктады. Бул тууралуу ал 30-январдын таңында Ак үйдөгү брифинг маалында билдирди.
"Тилекке каршы, аман калгандар жок", - деген президент Трамп өз билдирүүсүн маркумдарды эскерүү үчүн бир мүнөттүк аза күтүүдөн баштады. Набыт болгондордун арасында америкалыктар эле эмес, чет элдиктер, анын ичинде орусиялыктар болгону кабарланды.
Трамп түнү менен "издөө-куткаруу иштери жүргүзүлгөнүн, ага бардык ресурстар тартылганын" кошумчалады.
Авиакырсыктын себептерин Жарандык авиация боюнча федералдык башкармалык, Транспорт коопсуздугу боюнча улуттук кеңеш жана Пентагон иликтейт.
Трамп авиациядагы коопсуздук стандарттары начар деп, мурдагы президенттер Барак Обама менен Жо Байденди сындап өттү.
American Airlines компаниясынын учагындагы 60 жүргүнчү, эпипаждын төрт мүчөсү, ал эми тик учактагы үч аскер кызматкери набыт болгону аныкталды.
Каргашалуу учактагы спортчулар
Вашингтондо кырсыктаган учакта муз үстүндөгү көркөм бий боюнча дүйнө чемпиондору, орусиялык спортчулар Вадим Наумов менен жубайы Евгения Шишкова да болгон.
Бостон шаарындагы Skating Club of Boston клубунун директору Даг Зегибе учакта анын уюму менен байланышы бар алты киши болгонун ырстады. Алар: 16 жаштагы атлеттер Спенсер Лэйн жана Жинна Хан энелери менен, машыктыруучулар Наумов жана Шишкова. Орусиялык түгөй Бостондогу клубда 2017-жылдан бери иштешкен.
Наумов менен Шишкова 1994-жылы өткөн Дүйнө чемпионатында алтын медаль утушкан. Алар муз үстүндө көркөм бийлөө боюнча спорттук карьерасын жыйынтыктагандан кийин Кошмо Штаттарга көчүп кетип, машыктыруучу болуп иштеп жүрүшкөн. Алардын 23 жаштагы уулу Максим Американын жараны жана ал өлкөнүн атынан эл аралык мелдештерге катышып жүрөт. 2022-жылы өспүрүмдөр арасында АКШ чемпиону болгон. Максим Уичитодогу мелдешке катышып, 27-январда учуп кеткен.
Кырсыкка кабылган учакта АКШда машыктыруучу болуп иштеп жүргөн советтик фигурист Инна Волянская да бардыгы кабарланды. Соңку жылдары ал Виржиния штатындагы Ashburn Ice House клубунда иштеп жүргөн.
Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков учакта Орусиянын да жарандары баратканын билдирди.
Каргашалуу учакка көркөм муз тебүү боюнча спортчулар жана алардын машыктыруучулары отурганын америкалык фигурист Люк Ванг жазды. АКШнын көркөм муз тебүү федерациясы кыйраган бортто фигуристтер, алардын ата-энелери жана машыктыруучулар баратканын, алар спорттук лагерден кайтканын ырастады. 20-26-январда Уичито шаарында көркөм муз тебүү боюнча АКШнын биринчилиги өткөн.
Фигурист Лэйн Спенсер учакка отурардын алдында сториз жарыялаган, эми анын катталуучулары көңүл айтып жатышат. РИА "Новости" дагы бир фигурист Жон Маравиллага шилтеме кылып, учакта 14 спортчу жана бир нече машыктыруучу болгонун жазды. Анын өзүн Уичито аэропортунун кызматкерлери итинин айынан учакка отургузбай коюшканын жазган.
Кыйраган учактагы жүргүнчүлөрдүн аты-жөнү расмий жарыялана элек. Соңку маалымат боюнча 30 кишинин сөөгү табылды.
Потомак дарыясынын үстүндөгү кырсык
Колумбия округунун Өрткө каршы жана медициналык чукул жардам департаменти кагылышуудан кийин жүргүнчү ташыган учак Рональд Рейган атындагы аэропорттон анча алыс эмес жерде, Потомак дарыясына кулап түшкөнүн билдирди. Тик учак да ошол эле жерге кулаганы кабарланды.
АКШнын Жарандык авиация боюнча федералдык башкармалыгы (FAA) жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат 9 чамасында PSA Airlines авиакомпаниясынын жүргүнчү учагы жерге коно баштаган учурда Sikorsky UH-60 Black Hawk тик учагы менен кагышканын маалымдады. Учак American Airlines авиакомпаниясынын каттамын аткарып, Вашингтонго Канзас штатындагы Уичито шаарынан учуп барган.
Аэропорт бардык каттамдар үчүн учуу да, конуу да убактылуу токтотулганын кабарлады.
"Чукул кызматтар аэродромдо учак кабылган окуяга байланыштуу иштеп жатышат", - деп айтылды аэропорттун социалдык түйүндөргө жарыяланган билдирүүсүндө.
АКШ президенти Дональд Трамп Вашингтондогу учак кырсыгы тууралуу билдирүүсүндө окуяны "үрөй учурган кырсык" деп атап, бул тууралуу маалымат алганын билдирди жана куткаруучуларга "каарман иши" үчүн алкыш айтты.
“Маалымат түшкөнүнө жараша кырдаалга көз салып жатам. Алдын алууга мүмкүн болгон кейиштүү окуя. ЖАКШЫ ЭМЕС!!!”, - деп жазды ал TruthSocial платформасына.
Унаадагы коопсуздук боюнча улуттук кеңеш кырсыкка байланыштуу кошумча маалымат чогултулуп жатканын билдирди.
Кырсык Потомак дарыясынын үстүндө болгон, Рейган атындагы улуттук аэропорт анын оң жагында жайгашкан. DCA коду бар аба майданы Кошмо Штаттардын борбор калаасын тейлеген үч аэропорттун бири. Аэропорт менен Ак үйдүн жана Капитолийдин имараттарынын ортосундагы аралык төрт чакырымдай жерди түзөт.
NBC телеканалынын кабарчысы Жули Кэри жабыркагандардын арасынан кеминде төрт киши аэропорттун өрткө каршы бөлүмүнө жеткирилгенин билдирди. Алардын абалын дарыгерлер кандай деп баалап жатканы азырынча белгисиз. Телеканал Потомак суусунун температурасы азыркы мезгилде 2 градуска барабар экенин, мындай шартта адам баласы сууда ашып кетсе 30 мүнөт боло аларын, андан кийин гипотермия башталып, эс-учун жоготуп коёрун белгиледи.
Bombardier CRJ700 учагында 60 жүргүнчү жана экипаждын төрт мүчөсү учуп баратканын American Airlines маалымдады. Компаниянын билдирүүсүндө "Биз жүргүнчүлөр жана экипаж үчүн кооптонуп жатабыз. Бийлик өкүлдөрү менен байланышта болуп, өзгөчө кырдаал боюнча жардамыбыз берилүүдө" деп айтылды.
АКШнын Коргоо министрлиги жүргүнчү ташыган учак менен кагышкан Sikorsky UH-60 Black Hawk аскердик тик учагы экенин тастыктап, ал Виржиния штатынын Форт-Бельвуар аэродромунан учуп чыкканын билдирди.
"Биз жергиликтүү бийлик менен иштешип жатабыз. Кошумча маалымат болор замат жарыялайбыз", - деп билдирди Пентагондун басма сөз кызматы.
The Washington Post басылмасынын жана NBC News телеканалынын маалыматтарына караганда, аскердик тик учак менен учуп бараткандар арасында кеминде үч аскер кызматкери болгон.
Ички коопсуздук министри Кристи Ноэм Жээктеги күзөт кызматынын өкүлдөрүн куткаруу-издөө иштерине тартып жатканын маалымдап, "Биз Рейган аэропортундагы үрөй учурган кырсыктын кесепетин жоюу үчүн иштөөгө бардык күчүбүздү жумшап жатабыз. Кырдаалга ыкчам көз салып, жергиликтүү куткаруу кызматтарына жардамыбызды берүүгө даярбыз", - деп Х социалдык түйүнүндөгү баракчасына жазды.
American Airlines компаниясынын жетекчиси Роберт Айсом өз кайрылуусунда кырсыктын себебин иликтөө максатында бийлик өкүлдөрү жана чукул кырдаал кызматтары менен чогуу иштешип жатканын айтты.
Аэропорт эртең мененки саат 11ге чейин жабык болорун АКШнын Жарандык авиация боюнча федералдык башкармалыгы маалымдады.
Туура 43 жыл мурда да Вашингтондо ири учак кырсыгы болгон.
1982-жылдын январь айында Air Florida авиакомпаниясынын Boeing 737 учагы Вашингтондун борбордук бөлүгүндөгү 14-көчөдөгү көпүрөнү сүзүп, Потомак суусуна кулап тушкөн. Вашингтондун улуттук аэропортунан учуп чыккан ал учактын ичиндеги 78 адам каза болгон, көпүрөдөн машинасы менен өтүп бараткан дагы үч кишинин өмүрү кыйылган. Мындан тышкары дагы жети автомашина талкаланган.
АКШнын тарыхында эң көп адам каза тапкан учак кырсыгы 2001-жылдын 11-сентябрында болгон. Нью-Йоркто Дүйнөлүк соода борборунун мунараларын сүзгөн учактардын ичинде 157 жүргүнчү бараткан, алардын баары өмүрүнөн ажыраган. Ошол эле күнү чабуулга Пентагон да кабылып, анын имаратын сүзгөн учактын ичиндеги 64 киши мерт кеткен. Террорчулар айдатып кетип, кийин Пенсильваниянын аймагында талаага кулаган учактагы 44 киши да каза болгон. Жалпысынан 11-сентябрдагы чабуулдардан 2996 кишинин өмүрү кыйылган.
Ошол кол салуудан эки айдан кийинки дагы бир трагедия АКШнын тарыхындагы ири аба кырсыктарынын бири болуп калган - Нью-Йоркто American Airlines авиакомпаниясынын учагы кулап, 260 жүргүнчү каза болгон.
Шерине