Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:06

Газанын келечеги: "Урандыдан тазалоого 21 жыл кетет"


Жер которууга аргасыз болгон палестиндер үйүнө кайтууда. Газа тилкеси, 29-январь 2025-жыл
Жер которууга аргасыз болгон палестиндер үйүнө кайтууда. Газа тилкеси, 29-январь 2025-жыл

30-январда Газада АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган ХАМАС радикал тобу 2023-жылдын 7-октябрында барымтага алынган 8 кишини бошотту. Ок атууну токтотуу келишиминин шарттарына ылайык, ошол эле күнү Израилдин абактарынан 110 палестин чыгарылмак.

Бирок Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху хамасчылар туткундарды Кызыл чырым уюмуна кандай жагдайда өткөрүп бергени аны нес кылганын айтып, барымтадагылардын калгандарын бошотууда коопсуздук сакталат деген кепилдик берилмейинче палестиндер кое берилбесин билдирди. АКШнын, Катардын жана Египеттин арачылыгы менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөр тараптар мунасага келгиче бир нече айга созулганын белгилей кетели.

Ошол макулдашуу кантип ишке ашырылып жатат? Дегеле тараптар кандай милдеттенмелерди алган? Келишимди аткарууга, тынчтык орнотууга кандай жагдайлар тоскоолдук кылышы мүмкүн?

30-январда Кызыл чырым комитетине израилдик аскер кызматкери Агам Бергерди өткөрүп беришти.

Бир нече сааттан кийин тилкенин түштүгүндөгү Хан-Юнис шаарында Израилдин эки карапайым жараны жана таиланддык беш киши эркиндикке чыкты.

Израилдин абактарынан 110 палестин чыгарылмак, бирок өкмөт башчы Биньямин Нетаньяху хамасчылар туткундарды Кызыл чырымга кандай жагдайда өткөрүп бергени аны нес кылганын айтып, барымтадагылардын калгандарын бошотууда коопсуздук сакталат деген кепилдик берилмейинче палестиндер кое берилбесин билдирди.

Израилдик Арбель Йехудду Кызыл чырым комитетине өткөрүү учуру. Хан-Юнис, 30-январь 2025-жыл
Израилдик Арбель Йехудду Кызыл чырым комитетине өткөрүү учуру. Хан-Юнис, 30-январь 2025-жыл

Анын алдында 19 жана 25-январда ХАМАС (АКШда жана Еврошаркетте террордук деп таанылган) радикал тобу барымтадагы израилдик жети кыз-келинди азат кылып, Израилдин түрмөлөрүнөн 290 палестин чыккан.

19-январда күчүнө кирген ок атууну токтотуу келишиминин алкагында түштүк жана борбордук Газада баш калкалап келаткан он миңдеген палестин тилкенин түндүгүнө кайтып жатат.

Ок атууну токтотуу келишими тууралуу эмне билебиз?

Келишим үч этап менен ишке ашырылат деп каралган.

Биринчи баскыч 42 күнгө созулат. Анын алкагында:

  • Ок атышуу толугу менен токтойт
  • ХАМАС радикал тобу барымтада кармап жаткандардын арасынан 33 кишини, биринчи кезекте кыз-келиндерди (анын ичинде аскер аялдарды), балдарды, айрым улгайган эркектерди, ооруп жаткандарды этап-этап менен бошотот
  • Израиль 1900дөй палестинди түрмөдөн чыгарат Биринчи кезекте 2023-жылдын 7-октябрынан бери кармалган палестин аялдар менен 19 жашка чыга элек балдар азат кылынат
  • Израилдин аскерлери калк жашаган аймактардан чыгып кетет
  • Жер которгон карапайым газалыктарга конуштарына кайтууга мүмкүнчүлүк берилет
  • 600 оор жүк ташуучу машина Газага күнүгө жардам жеткирип турат. 50 унаа күйүүчү май жеткирип, 300ү гуманитардык абал өзгөчө начар болгон тилкенин түндүгүнө багытталып турмакчы
  • Израилдин армиясы Газанын чек ара райондорунда, анын ичинде Филадельфия коридорунда кала берет, бирок аскердик зона болгон Нецарим коридорунан чыгып кетет.

Экинчи баскыч

Келишим күчүнө кирген 16 күндөн кийин экинчи этап боюнча сүйлөшүүлөр башталмакчы. Анын жүрүшүндө:

  • Ок атышууну туруктуу түрдө токтотуу макулдашылат
  • Барымтада калгандардын баары, арасында израилдик эркек аскерлер палестин туткундарына айырбашталат
  • Израилдин армиясы тилкеден толугу менен чыгып кетет

Үчүнчү баскыч

Келишимдин акыркы бөлүгүндө төмөнкүдөй шарттар каралган:

  • Барымтада каза болгон израилдиктердин сөөгүн кайтаруу
  • Газаны калыбына келтирүү

Жылдарга созулат деп күтүлгөн бул жараянга АКШ, Катар жана Египет көз салып турмакчы.

Кошумчалай кетсек, туткундарды айырбаштоо жараяны эл аралык Кызыл чырым комитетинин ортомчулугу менен ишке ашырылып келатат. Комитеттин кызматкерлери ал ишти координациялап, бардык жол-жоболордун сакталышына, коопсуздуктун камсыздалышына көз салып турат. ХАМАС радикал тобу аларга барымтадагыларды Газанын кайсы жеринен алып кетиш керектигин кабарлайт.

"Газаны урандыдан тазалоого 21 жыл кетет"

Газадагы талкаланган үйлөрдү калыбына келтирүү үчүн далай жылдар кетет. Тагыраагы, Улуттар Уюмунун былтыр жарыялаган докладына ылайык, кайра куруу иштери 2040-жылга чейин созулушу ыктымал. Уюм декабрь айында тараткан спутниктен тартылган сүрөттөрдөн тилкеде 170 миңден көп имарат жарым-жартылай же толугу менен кыйрап калганын баамдаса болот. Бул – Газадагы жалпы турак жай, имараттардын 60 процентин түзөт.

Газа шаары, 4-январь 2025-жыл
Газа шаары, 4-январь 2025-жыл

Улуттар Уюму январда чыгарган маалыматында анклавды 50 миллион тоннадан ашуун урандыдан тазалоого 21 жыл кетери жана 1,2 млрд доллар керек болору айтылган.

ХАМАС башкарган тилкенин саламаттыкты сактоо мекемеси урандылардын астында 10 миңдей дайынсыз болгон кишилердин сөөгү калган болушу мүмкүн деп болжолдойт. Бул маалыматты азырынча көз карандысыз булактар аркылуу ырастоо мүмкүн эмес.

"Биздин божомолубузда, 15 айга созулган жаңжал жана кыйроолор Газанын 60 жылда жетишилген өнүгүүсүнө балта чапты. Экономиканы калыбына келтирүү үчүн он жыл эмес андан да көп убакыт талап кылынат. Кеп инфраструктура гана эмес, адам ресурстары тууралуу жүрүүдө. Канча киши өлтүрүлдү, социалдык система талкаланды", - дейт БУУнун Өнүгүү программасынын жетекчиси Ахим Штайнер.

Кыскасы, тилкени калыбына келтирүү иши татаал болчудай.

25-январда АКШнын президенти Дональд Трамп Газадагы үйлөрдө жашоо мүмкүн эмес болуп калгандыктан реконструкция аяктагыча жергиликтүүлөрдү Иордания, Египет жана башка араб өлкөлөрүнө көчүрүп турууну сунуш кылды:

"Мен аларга элди алып кетүүнү сунуш кылдым. Египет, Иордания алып кетсе деп ойлойм. Кеп бир жарым миллиондой киши тууралуу жүрүүдө деп айттыңыз. Биз ал жакты тазалайт элек. Жүздөгөн жылдар бою ал жакта жаңжалдар болуп келген. Бирок бул ирет таш-талканы чыккан. Дээрлик жер менен жексен болгон".

Эртеси Иорданиянын тышкы иштер министри Айман Сафади анын өлкөсү палестиндерди башка жерлерге жайгаштыруу идеясын четке кагарын билдирди:

"Биз тынчтыкка эки мамлекет түзүү жолу менен жетүү мүмкүн деген так позицияда бекем турабыз. Калкты көчүрүү идеясын да бекем четке кагабыз. Бул – падышалыктын позициясы гана эмес баарыбыз көздөгөн тынчтыкты, туруктуулукту жана коопсуздукту орнотуу үчүн зарыл болгон шарт".

Журналисттер муну Трамптын сунушуна айтылган жооп катары чечмелешти.

Министр муну менен катар Иордания АКШнын жаңы президентинин региондо тынчтык орнотуу аракеттерин колдой турганын, палестин элинин өз жеринде эркин жашоо укугун жактарын кошумчалады.

Иордания падышалыгында жана Египетте миллиондогон палестин жашап жүрөт.

Келишим Газада туруктуу тынчтыкты орното алабы?

Газада тынчтык орнотуу аракеттери согуш башталган 2023-жылдын аягынан бери уланып келди.

2023-жылдын 21-ноябрында Израиль менен ХАМАС радикал тобу ок атышууну төрт күнгө токтотуу тууралуу макулдашкан. Катардын ортомчулугу менен түзүлгөн келишимде барымтадагы 50 израилдик жана 150 палестин туткуну бошотулары, тилкеге гуманитардык жардамды жеткирүүгө шарт түзүлөрү каралган. 27-ноябрда ок атууну токтотуу дагы эки күнгө, кийин дагы бир күнгө узартылары маалымдалган.

1-декабрда уруш кайра жанданган. Тараптар келишим бузулганы, жарашууну узартуу боюнча сүйлөшүүлөр үзгүлтүккө учураганы үчүн бири-бирин айыптаган.

"Бул жолку узак мөөнөттүү келишим Газада туруктуу тынчтыкты орното алабы?" - деген суроонун жообу көпчүлүктүн көңүл борборунда турат.

Макулдашууну аткарууга байланыштуу алдыда кандай кадамдар жасалышы керек? Тынчтык орнотууга кандай жагдайлар тоскоолдук кылышы мүмкүн?

Газа шаарына бет алган палестиндер. 29-январь 2025-жыл
Газа шаарына бет алган палестиндер. 29-январь 2025-жыл

Быйыл 24-январда Израилдин телеканалына интервью берген Катардын премьер-министри Шейх Мохаммед бин Абдулрахман ал-Тани Газадагы кан төгүүгө кечит коюу үчүн ушунча көп убакыт кеткенине өкүнөрүн айтты. Ал ошондой эле экинчи баскыч боюнча сүйлөшүүлөр жакын арада башталууга тийиш экенин белгилеп, ушул аптада Израиль тарап менен сүйлөшүү баштоо ниетин билдирди:

"Экинчи баскычка жетебиз деп үмүттөнөм. Келишимдин толугу менен ишке ашуусу, бардык адамдардын үйүнө кайтуусу, согуштун токтотулушу абдан маанилүү. Эмки этапка киришүү үчүн ак ниет, урушка чекит коюу, бардыгын үйүнө кайтаруу багытында татаал чечимдер, жетекчилердин эрки, чечкиндүүгү талап кылынат. Тынчтык келишими түзүлгөн жерде ар дайым күчтүү лидерлик зарыл".

Израиль өкмөтүнүн үч мүчөсү ХАМАС радикал тобу менен келишим түзүүгө каршы болуп, отставкага кеткенин эсиңиздерге сала кетели. Улуттук коопсуздук министри Итамар Бен-Гвир премьер Нетаньяхуну “бардык идеологиялык кызыл сызыктардан өттү” деп айыптап, радикал топ менен макулдашууну “терроризмдин толук жеңиши” деп атады.

Бен-Гвир жетектеген "Оцма ехудит" партиясы коалициядан чыгып жатканын жарыялаган. Партия ХАМАСка каршы согуштук аракеттер жанданып, толук жеңишке чейин уланса, кайтып келерин билдирди.

Келишимди Израиль кабинетинин дагы бир мүчөсү, финансы министри Бецалель Смотрич да сындаган. Бирок Нетаньяху менен жолугушуудан кийин саясатчы азырынча андай кадамга барбай турууну чечкени маалымдалган. Ал өкмөт жарашуунун экинчи этабына өтүүнү көздөсө, анда партиясы кабинеттен чыгарын эскертти. Андай болсо, изралдик медиа жазгандай, өлкөдө мөөнөтүнөн мурда шайлоо өктөрүлүүгө тийиш болот.

Айтор, Израилдеги саясий кырдаал келишимдин аткарылышына таасир этиши ыктымал.

"Мен акыркы бир нече күндө региондогу дипломаттар менен баарлаштым. Алты жума келишим иштеп турат деген этият оптимизм бардай көрүнөт. ХАМАС 33 кишини барымтадан бошотуу убадасын аткарат. Бирок кийин абал өзгөрүшү ыктымал. Коалиция ыдырайт го. Андан тышкары Израилде барымтада 60 киши кармалып жатат деп айтышат. 33ү алардын бир бөлүгү гана. Дагы 100 кишинин дайыны белгисиз. Менимче, Израилде келишимдин шарттарынан ичи чыкпагандар көп. Нетаньяху макулдашууну былтыр майда четке каккан, кийин кайра күн тартибине чыгарылды. Согуш кайра тутанса мен таң калбайм", - деген ою менен бөлүштү Рейтер агенттиги сөзгө тарткан Оксфорд университетинин саясат жана эл аралык мамилелер боюнча профессору Самюэль Рамани.

Барымтадагылардын бошотулушун күткөн израилдиктер. Тел-Авив, 25-январь 2025-жыл
Барымтадагылардын бошотулушун күткөн израилдиктер. Тел-Авив, 25-январь 2025-жыл

Экинчи жагынан Нетаньяху жакындары Газада кармалып жаткан израилдиктердин барымтадагылардын бардыгын кайтаруу үчүн келишимдин шарттарын аткаруу талабына туш болуп келатат.

Макулдашуу күчүнө кирип, биринчи туткундар айырбашталгандан кийин Катардын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мажед ал-Ансари арачылар окуянын өнүгүшүнө жакындан байкоо салып турганын айтып, мындай келишимдерди аткаруу оңой эместигине басым жасаган:

"Кеп согуш зонасы тууралуу жүрүүдө. Андыктан, аскердик көз караштан алганда, кайсы бир учурда бардык нерсе болуп кетиши мүмкүн. Тараптардын ар бири коркунуч туулуп жатат деп келишимди бузушу ыктымал. Андай болсо бизге кийлигишүүгө, ок атууну токтотуунун жаңы режимин табууга туура келмекчи. Ушу тапта биздин байланыш каналдарыбыз аркылуу кемчиликтерди жоюуга, майда инциденттер күчөп кетпегидей кылып токтотууга кудуретибиз жетет. Жеринде келишимдин аткарылбашы байкалса же кайсы бир тарап шартты бузуу деп эсептеген окуя катталса, алар бизге арызданса болот, биз эки тарап менен тең аны кароого киришебиз".

Эң негизги маселе Газаны ким башкарат деген суроого такалууда. Бул маселе ок атууну токтотуу келишиминде козголгон эмес. 21-январда Давостогу форумда Катардын премьери ХАМАС менен Израиль ортосундагы согуш аяктагандан кийин палестин администрациясы анклавды кайрадан башкарат деп ишенерин айткан. Ошол эле маалда газалыктардын тагдырын ал башка өлкөлөр эмес өздөрү чечиши керек деп белгилеген.

Израиль ХАМАСтын башкаруудагы кайсы болбосун ролун четке кагууда. Ошол эле маалда 30 жыл мурун палестин администрациясынын башкаруусуна да каршы.

"Мен убада кылгандаай, биз Жакынкы Чыгыштын жүзүн өзгөрттүк. Натыйжада ХАМАС утулган бойдон, жалгыз калууда. Аларды позицияларынан баш тартууга, барымтадагыларды бошотууга аргасыз кылуу үчүн ушундай шарттар түзүлгөн", - деп билдирген Нетаньяху.

Осло тынчтык келишимдеринин алкагында түзүлгөн палестин администрациясы Иордан дарыясынын батыш жээгин жарым-жартылай башкарат.

2007-жылы ХАМАС Фатах партиясы үстөмдүк кылган администрацияны Газадан сүрүп чыгарган.

Ал эми ок атууну токтотуу келишими ишке киргенден кийин анклавдын көчөлөрүндө ХАМАСтын патрулдары көбөйдү. Куралчан согушкерлер гуманитардык жардам ташыган кербендерди кайтарып, урандыларды тазалоо иштерин көзөмөлдөп жатышат.

Кыскасы, радикал топ Газага биз кам көрөбүз деген ишарат кылгандай.

Расмий адамдар, дипломаттар жана коопсуздук боюнча эксперттер ХАМАСтын бийликте калышы ок атууну туруктуу токтотуу келишимин аткарууга көлөкө түшүрүшү ыктымал деп белгилешет.

Айрым аналитиктер анклав кимдин көзөмөлүндө болот деген маселеге тактык киргизүүнү тынчтык орнотуу үчүн маанилүү деп эсептешет. Алардын бири - Колорадо Баулдер университетинин изилдөөчүсү Хилари Калисман:

"Узак мөөнөттүү тынчтык орнотууну көздөгөн, ага өбөлгө түзгөн пландар сейрек сунуш кылынган. Андыктан бул келишимде региондун жашоочуларынын саясий келечегине тиешелүү так жол картасы каралбаганы мени таң калтырбайт. Тарыхты алсак, тынчтыкка жакындадык деген учурлар болгон. Ошол эле Осло келишимдерин, Клинтон учурундагы сүйлөшүүлөрдү мисалга келтирсек болот. Ошондо тараптардагы түрдүү топтордо үмүт пайда болгон. Бирок ал макулдашуулардын көбү узак мөөнөттү саясий перспективаны, саясий чечимди көздөгөн эмес. Алардын бардыгы убактылуу чара гана болгон".

Дагы бир эксперттер келишимдин азырынча туруктуу эместигин белгилеп, ок атууга биротоло чекит коюуну караган болочок кадамдарды талкуулоо эртелик кыларын айтышат.

"Келишимдин экинчи баскычы алда канча татаал болмокчу. Кеп урушту токтотуу механизмдери, Израиль аскерлеринин Газадан толук чыгып кетүүсү, тилкенин болочок өкмөтүнүн алкактарын аныктоо тууралуу жүрүп жатат. ХАМАС жаңы өкмөткө кирүүнү каалайт. Израиль ага каршы болсо, америкалыктар да каршы болот деп күтүлүүдө, анда тараптар кайрадан кагылышат деп ойлойм", - деп айтты коопсуздук боюнча израилдик эксперт Алон Эвиатар Рейтер агенттигине.

Мындай чочулоолорго карабай 15 айдан бери согуштун бүтүшүн тилек кылган карапайым газалыктар да, радикал топтун барымтасындагы жакындарын күткөн израилдиктер да кубаттап жатышат.

Шерине

XS
SM
MD
LG