Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:47

Трамптын тарифи: Мексика бир айга токтотту, Канада жооп кайтарды


Трамп Канада менен Мексикага бажы тарифин киргизди
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:04 0:00

Трамп Канада менен Мексикага бажы тарифин киргизди

Канада, Мексика жана Кытай АКШ президенти Дональд Трамп жарыялаган жаңы тарифтерге жооп кайтарууга убада берди. Трамп мындай тарифтер Европа Биримдигине, Британияга да киргизилиши мүмкүндүгүн ишарат кылды. Трамптын бул чечимдери "тарифтер согушуна" алып келеби?

АКШ менен Мексиканын келишими

Президент Дональд Трамп мексикалык товарларга жаңы тарифтерди киргизүүнү бир айга токтотту. Трамп мындай чечимге дүйшөмбү күнү Мексика мыйзамсыз баңги заттарынын, айрыкча фентанилдин агымын токтотуу үчүн түндүк чек арасын Улуттук гвардиянын 10 миң аскери менен бекемдөөнү чечкенден кийин келгени кабарланды.

Эки өлкөнүн президенттери дүйшөмбү күнү сүйлөшкөнү белгилүү болду. Мексиканын президенти Клаудиа Шейнбаумдун айтымында, сүйлөшүлгөн келишимде АКШнын Мексикага курал аткезчилигин алдын алуу боюнча чараларды көрүү милдеттенмеси да камтылган.

Трамптын айтымында, Вашингтон менен Мехико мындан аркы сүйлөшүүлөр үчүн бир айлык тыныгуу алышты.

Дүйшөмбү күнү Ак үй Мексика Трамптын тарифтик буйругун "олуттуу" кабыл алганын, ал эми Канада бул буйрукту өлкөлөр ортосундагы соода согушунун жарыясы катары туура эмес чечмелегенин билдирген. Трамп дүйшөмбү күнү Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо менен тариф тууралуу сүйлөшкөнүн жана сүйлөшүү уланарын белгилеген.

«Мен жаңы эле Жастин Трюдо менен сүйлөштүм. Аны менен саат 15:00дө дагы сүйлөшөм», - деп жазган Трамп өзүнүн Truth Social аккаунтуна.

Трампттын тарифтери

АКШ Канада, Мексика жана Кытай өлкөлөрүнөн ташылып келген товарларга пошлина киргизээри 1-февралда белгилүү болду. Бажы алымынын көлөмү Мексика менен Канадага 25%, Кытайга 10% өлчөмүндө деп белгиленди. Мунун себебин АКШнын президенти Дональд Трамп түшүндүрдү:

Дональд Трамп
Дональд Трамп

"Биринчиден, биздин өлкөгө мыйзамсыз мигранттар ушунчалык көп агылган. Экинчиден, өлкөгө келген дарылар, фентанил жана башкалардын баары бар. Үчүнчүдөн, биз Канада менен Мексикага чоң тартыштык субсидияларын беребиз. Биз койгон пошлинанын көлөмү убакыттын өтүшү менен көбөйүшү да мүмкүн же жогорулабашы да мүмкүн."

Сырттан келген товарларга бажы тарифтерин киргизүү азыркы президент Дональд Трамптын шайлоо алдындагы программасынын негизги бөлүктөрүнүн бири болгон. Трамптын чечиминде белгиленгендей, аталган өлкөлөрдүн импорту АКШ экономикасынын маанилүү бөлүгү.

Трамп муну менен катар америкалыктарга соода тарифтеринин экономикалык кесепеттери болушу мүмкүндүгүн эскертти.

Трамптын бул чечиминен көп өтпөй, Канада да, Мексика да өз алдынча жооп чараларды даярдап жатканын айтышты. Эки өлкө тең Трамп айткан айыптарды четке кагып келет.

Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо Кошмо Штаттардан импорттолгон товарларга бажы тарифтери киргизиле турганын жарыялап, америкалыктарга кайрылды.

Жастин Трюдо.
Жастин Трюдо.

«Канадага каршы тарифтер силердин жумушуңарды тобокелге салат. Бул америкалык авточогултуучу заводдордун жана башка өндүрүш ишканаларынын жабылышына түрткү болушу мүмкүн. Бул силердин чыгымдарды, анын ичинде азык-түлүк дүкөнүндөгү тамак-ашты жана май куюучу жайдагы газды көбөйтөт».

Трюдо ишембинин кечинде билдиргендей, Американын 155 миллиард Канада долларына бааланган товарларына 25% бажы алымдары киргизилет. Алардын ичинде азык-түлүк продукцияcы, алкоголдук ичимдиктер, кийим-кече жана турмуш-тиричилик техникасы бар. Тарифтердин алгачкы бөлүгү ушул шейшемби күнү күчүнө кирет.

Мексиканын президенти Клаудия Шейнбаум да өлкөнүн экономика министрине АКШга каршы "курамына тарифтик жана тарифтик эмес чараларды камтыган планды" иштеп чыгууну тапшырганын X платформасына жазды. Бирок кандай чара көрүлө турганын тактаган жок.

«Көйгөйлөр тарифтерди киргизүү менен эмес, сүйлөшүүлөр аркылуу чечилет», - деди Шейнбаум.

Кытай болсо Кошмо Штаттардын соңку чечимине каршы Дүйнөлүк соода уюмуна арыздана турганын билдирди.

Өткөн жылы Кытай, Мексика жана Канада америкалык импорттун 40% дан ашыгын түзгөн.

Бажы алымдары - бул өлкөгө ташылган, чет өлкөдө өндүрүлгөн товарлардан алынчу ички салык. Теориялык жактан алганда, алымдарды жогорулатуу импорттук товардын кымбатташына жана элдин аларды азыраак сатып алып, жергиликтүү продукцияга артыкчылык беришине түрткү болушу мүмкүн. Бирок энергияга болгон тарифтердин жогорулашы ишканаларга жана керектөөчүлөргө таасирин тийгизбей койбойт. Бул өз учурунда бардык продукциянын баасынын кымбатташына алып келет.

Евробиримдиктин жообу

АКШнын президенти ошондой эле тарифтер Европа Биримдигине, Британияга да киргизилиши мүмкүндүгүн ишарат кылды.

«Алар биздин унааларды, айыл чарба продукцияларын алышпайт. Алар дээрлик эч нерсе албайт, биз болсо баарын, миллиондогон машинаны, эбегейсиз көлөмдөгү азык-түлүк жана айыл чарба азыктарын алабыз», - деди Трамп журналисттерге жооп берип жатып.

Дүйшөмбү күнү Брюсселде Евробиримдиктин лидерлеринин бейформал жолугушуусу өттү. Ага НАТОнун баш катчысы Марк Рютте жана шаркетке кирбеген Улуу Британиянын премьер-министри Кейр Стармер да катышты.

Франциянын президенти Эммануэль Макрон Евробиримдиктин бейрасмий жыйынынын алдында бул боюнча учкай пикирин билдирди:

Эммануэль Макрон
Эммануэль Макрон

«Биз үчүн приоритет стратегиялык күн тартибин талкуулоо жана чек араларыбыздын коопсуздугуна артыкчылык берүү деп эсептейбиз. Эгерде бизге соода маселелери боюнча чабуул жасалса, Европа өзүнө урмат-сый көрсөтүлүшүн камсыз кылып, жооп бериши керек».

Буга чейин Евробиримдик Трамптын Мексика, Кытай жана Канададан келген товарларга бажы төлөмдөрүн киргизүү чечимин айыптаган.

2018-жылы Трамп Ак үйдө турган маалда Америка Кытай өндүрүшүнө 25% жаңы бажы тарифтерин киргизе турган 1300дөй товардын тизмеси жарыялаган. Алардын арасында технология, аэрокосмос, транспорт, коммуникация жана медицина продукциялары болгон.

Буга жооп кылып Кытай дагы 25% кошумча бажы тарифин киргизе турган америкалык товардын тизмесин түзгөн.

Алардын арасына автоунаа, учактардын кээ бир тиби, химиялык жана айыл чарба продукциялары, алкоголдук ичимдик, тамеки киргизилген.

Бир нече айдан кийин гана Кошмо Штаттар жана Кытай соода талашы боюнча макулдашууга жетишип, эки тараптын расмий өкүлдөрү “соода согушуна" бөгөт коюлганын билдиришкен.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Шерине

XS
SM
MD
LG