Украин тарап Орусия Курскиге он миңдеген аскерлерин жиберип, аймакты көзөмөлгө алууга аракет кылып жатканын билдирди. The New York Times гезити жекшембиде АКШдагы жана Украинадагы булактарына таянып, Курскиде Орусия менен Түндүк Кореянын 50 миңдей аскери чабуулга даярданып атканын жазган.
Парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинде 12-ноябрда интернетте, медиа каражаттарында жалаа, мазактоого айып салган долбоор күн тартибинен алынды. Ал арада Маданият министрлиги Next TV телеканалын текшергени белгилүү болду.
Ала-Арча жаратылыш паркы Кыргызстандагы туристтер көп каттаган жер. Быйыл ноябрдын башында жаратылыш коругуна кар түшүп, капчыгай кышкы кереметке бөлөнүптүр.
Президент Садыр Жапаров Эр-Риядда Ислам кызматташтык уюмунун кезексиз саммитинде дүйнө коомчулугу бейкүнөө жарандардын өмүрү кыйылып жатканын айыпташы керектигин билдирди.
Өткөн апта соңунда Орусиянын Челябинск аэропортунда Кыргызстандан барган каттамды күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери текшерүүгө алганын орусиялык басылма жазган.
1992-жылы СССРдин паспорту менен Эстониядан Кыргызстанга келип, кийин документин жоготуп ийген Юрий Гичко ошол бойдон мекенине кайта албай жүрөт. Анын документтерин калыбына келтирүү аракеттеринен майнап чыккан эмес.
Азербайжандын баш калаасында БУУнун климаттагы өзгөрүүлөрдү талкуулаган COP29 жыйыны башталды. Окумуштуулар лидерлерди абага зыяндуу заттарды, асыресе көмүр кычкыл газын бөлүп чыгарган казылма отунду энергиянын таза булактарына алмаштыруу жаатында конкреттүү чечимдерди кабыл алууга үндөшүүдө.
Соңку жылдары Кыргызстанда сел, жер көчкү, суу ташкындары баштаган табият кырсыктары байма-бай катталууда. Мындан улам ондогон адамдар үй-жайын таштап, коопсуз аймактарга аргасыздан көчүүдө.
Кесипкөй адабиятты түптөөгө зор салымы бар Мукай Элебаев Экинчи дүйнөлүк согушта мындан туура 80 жыл мурда курман болгон. Жазуучунун көркөм сабактарына кайрылуунун оңтою келип туру.
Орусия Курск облусундагы украин күчтөрү ээлеп турган аймактарын кайтарып алуу максатында чабуул жасоо үчүн түндүк кореялык жоокерлер менен кошо 50 миңдей аскер чогултту. Бул тууралуу The New York Times гезити жекшембиде АКШдагы жана Украинадагы булактарына таянып билдирди.
68 жашында өмүрдөн өткөн белгилүү жазуучу, публицист жана журналист Дүйшөн Керимовдун сөөгү Чүйдүн Таш-Дөбө айылына коюлду. Керимов жазуучу катары “Наал эже” тарыхый повестинин, улуттук оюндар тууралуу “Айкөл Манас оюндары”, ондогон аңгеме, эсселер камтылган “Эрөөл талаа” китептеринин автору эле.
4-9-ноябрда дүйнө басылмаларына чыккан айрым баяндарга сереп.
Дагы жүктөңүз