Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:09

Палестина - Израил: Бишкек "эки мамлекет" түзүүнү сүрөйт


Эр-Рияд. 2024-жыл.
Эр-Рияд. 2024-жыл.

Президент Садыр Жапаров Эр-Риядда Ислам кызматташтык уюмунун кезексиз саммитинде дүйнө коомчулугу бейкүнөө жарандардын өмүрү кыйылып жатканын айыпташы керектигин билдирди.

Расмий Бишкек Газага гуманитардык жардам көрсөтүп келгенин, бул аракетин улантарын айтты.

Израил былтыр октябрда АКШ менен Евробиримдик террордук уюм деп тааныган ХАМАСтын чабуулунан миңден ашык жараны өлтүрүлүп, дагы жүздөгөн кишилери барымтага алынгандан кийин Газа тилкесинде бул куралдуу топко каршы согуш баштаган. Эл аралык коомчулуктун согушту токтотуу аракеттеринен азырынча майнап чыга элек. ХАМАС көзөмөлдөгөн Газанын бийлиги ошондон бери анклавда 43 миңден ашуун адамдын өмүрү кыйылганын билдирип келет.

Президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, Садыр Жапаров Сауд Арабиясында өткөн саммитте каатчылык шартында "мусулман дүйнөсүнүн ынтымагы жана тилектештиги маанилүү" экенин белгиледи.

Ислам кызматташтык уюмунун Эр-Рияддагы саммити. 11-ноябрь, 2024-жыл.
Ислам кызматташтык уюмунун Эр-Рияддагы саммити. 11-ноябрь, 2024-жыл.

Ал туура бир жыл мурда Ислам кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттер Палестина элине жасалган зордук-зомбулукту токтотууну талап кылганын, бирок абал өзгөрбөй, согуштук аракеттер Жакынкы Чыгышка жайылып жатканын айтты.

"Президент абалды оңдоо жана чечүү жолдорун аныктоого аракет кылып жаткан Сауд Арабиясынын жетекчилигине ыраазычылык билдирди. Ал чыр-чатактын кесепетинен эбегейсиз жоготууларга дуушар болгон палестиналыктардын жана ливандыктардын кайгысын кыргыз эли тең бөлүшөрүн айтты. Садыр Жапаров бейкүнөө жарандардын өмүрү кыйылып жатканын эл аралык коомчулук кеңири айыпташы керектигин белгиледи. Ал Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешин жана Башкы Ассамблеясын эл аралык коомчулуктун атынан зордук-зомбулукту токтотууга жана чыр-чатакты жөнгө салуу үчүн чечкиндүү чара көрүүгө чакырды. Мамлекет башчы ошондой эле жаңжалдашкан тараптардын ортосундагы сүйлөшүүлөрдү уюштуруу жана “Эки мамлекет” идеясын илгерилетүү боюнча эл аралык аракеттерди колдоону сунуштады", - деп жазылган маалыматта.

Садыр Жапаров Газа тилкесине гуманитардык жардамды үзгүлтүксүз жеткирүү маселесине токтолгон. Кыргызстан мукурап турган палестиналыктарга бир нече жолу гуманитардык жардам жеткиргенин, бул аракеттерин дагы улантарын айткан.


Былтыр 7-октябрда ХАМАС радикал тобу Газа тилкесинен Израил аймагына кол салып, 1200дөй адамды өлтүргөн, дагы жүздөгөн адамды барымтага алган. Жөөт армиясы мындан улам Газада аскердик операция баштаган.

ХАМАСты колдогон Газанын бийлиги ошондон бери анклавда 43 миңден ашуун адамдын өмүрү кыйылганын билдирип келет. Израил жайкын тургундарга эмес, террорчуларга каршы күрөшүп жатканын айтууда.

Талдоочу Орозбек Молдалиевдин пикиринде, Эр-Рияддагы саммиттерден жана андагы билдирүүлөрдөн дароо майнап чыгышы күмөн:

Орозбек Молдалиев.
Орозбек Молдалиев.

"Ушундай пикир билдирип, тилектештик көрсөтүп турган жакшы. Ырас, Эр-Рияддагыдай Ислам мамлекеттери колдойбуз дейт, салам-дубасын айтат, каржылык жардам берет, бирок майнап чыкпай жатпайбы. 1948-жылдан бери Изарил-Палестина согушу болуп келе жатат, токтоп калат, кайра тутанат. Кийинки жылдары аябай эле күчөп баратат. Израилдин таянган тоолору бийик болуп, курал-жаракты ошолордон алып жатат. Батыштын аларды колдогон себеби - алар АКШ менен Европада террордук уюм катары таанылган ХАМАС менен "Хезболланы" террорчул уюм деп таанып алган. Аларга каршы күрөшүү мыйзамдарына туура келет. Биздин мамлекеттер болсо аларды боштондук үчүн күрөшүп жаткандар деп тааныйт. Биз азыр аларга гуманитардык жардам жөнөтүп, согуш токтосун дегенден башка эч нерсе кыла албай жатпайбызбы. АКШ, Европа Биримдиги, Кытай өңдүү салмагы бар мамлекеттер токтот деген чечимге келбесе, булар БУУнун кабыл алган чечимдерин аткарбайт".


"Хезболла" Ливандын түштүк аймагынын басымдуу бөлүгүн көзөмөлдөйт жана Иран колдогон жоочулар тобу, саясий партия болуп саналат. "Хезболланы" АКШ террордук уюм деп тааныган, Европа Биримдиги анын саясий партиясын эмес, куралдуу тобун "кара тизмеге" киргизген.

Ливандын парламентинде "Хезболланын" саясий партиясынын депутаттары бар. Ливан бийлиги соңку бир жылда Израилдин чабуулдарынан кеминде 3 миң адамдын өмүрү кыйылды, дагы 13 миндей киши жараат алганын билдирген.

Кыргыз бийлиги эл аралык коомчулукту Газадагы согушту токтотууга көмөктөшүүгө бир канча жолу чакырган. Март айында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов АКШны Израилдин "башкы демөөрчүсү" деп атап, Вашингтон биринчи кезекте аракет кылышы керектигин белгилеген.

Эксперт Канатбек Мурзахалилов Жакынкы Чыгыштагы жагдай АКШда жаңы шайланган президент Дональд Трамптын саясатына көз каранды болорун белгиледи. Ал Израил эл аралык коомчулуктун чакырыктарына көңүл бурбаса, обочолонуп калышы ыктымалдыгына токтолду:

Канатбек Мурзахалилов.
Канатбек Мурзахалилов.

"Палестинадагы жаңжал качан токтоору белгисиз. Бул АКШнын жаңы шайланган президенти Трамптын тышкы саясатына дагы көз каранды. Ал шайлоого чейинки үгүт өнөктүгү учурунда Украинадагы жаңжал, Палестинадагы коогалаң жөнүндө бир топ билдирүү жасаган. Эми ислам мамлекеттер , БУУ, эл аралык коомчулук Палестинага байланыштуу көп эле билдирүүлөрдү жасап, чечимдерди кабыл алып жатпайбы. Израилдин Палестинага жасагандарын геноцид, дагы башка деп атап жатабыз. Ислам мамлекеттеринин биргелешкен билдирүүлөрү Израилге таасирин тийгизиши керек. Алар дүйнөлүк коомчулуктан обочолонуп калууну каалабаса, ушундай саммиттердин жыйынтыгында кабыл алынган билдирүүлөргө көңүл бурушу абзел".

Ислам кызматташтык уюму 1969-жылы мусулман өлкөлөрүнүн өз ара алака-катышын чыңдоо, ислам дүйнөсүнүн кызыкчылыктарын эл аралык аренада коргоо максатында түптөлгөн.

Уюмга 57 мамлекет мүчө жана баш кеңсеси Сауд Арабиясынын Жидда шаарында жайгашкан. Эр-Рияддагы 11-ноябрдагы саммитке Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстандын президентинен сырткары Өзбекстандын жана Тажикстандын мамлекет башчылары дагы катышты.

Шерине

XS
SM
MD
LG