Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:41

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Кыргызстанга келди


Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерришти Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тосуп алды, 1-июль 2024-жыл.
Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерришти Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тосуп алды, 1-июль 2024-жыл.

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш 1-июлдун кечинде Кыргызстанга келди. Президенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, аны “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тосуп алды.

Маалыматка ылайык, Гутерриш Чолпон-Атада президент Садыр Жапаров, тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, БУУнун Өнүктүрүү программасынын долбоорлорунун бирине барары пландалып жатат.

БУУнун башкы катчысы Борбор Азиядагы сапарын 30-июнда Өзбекстандын борбору Ташкенттен баштаган. Ал Ташкентте өзбек президенти Шавкат Мирзиёев менен жолукту.

Мындан тышкары Гутерриш Казакстанга, Тажикстанга, Түркмөнстанга да барат. 4-июлда Астанада өтүүчү Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинде сөз сүйлөйт.

Гуттериш Борбор Азиянын бир катар өлкөлөрүндө адам укуктарына байланыштуу көйгөйлөр жаралып, жарандык коомдун ишин чектеген мыйзамдар кабыл алынып жаткан учурда регионго келе жатат. Бул сапардын алдында чет өлкөдөгү тажикстандык оппозициячыл кыймылдар Гутерришке кайрылып, аны Дүйшөмбүдөгү жолугушууларында тажик саясий туткундарынын маселесин көтөрүүгө чакырган.

Гуттериш акыркы жолу Кыргызстанга 2017-жылы келип кеткен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG